BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

  • Активист Азамат Баяманов, куудул Талант Анарбаев жана блогер Ильяз Чыңгызбек уулу

    "Видеокайрылуу боюнча суроолорго жооп бердим". Активисттер күч органдарына чакырылды

    Кыргызстанда жер маселеси боюнча коомдук талкуу күчөгөндөн кийин бул темада пикирин билдирген бир катар блогерлер жана активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылып, сүйлөшүүгө кирип чыгышканын билдиришти. Алардын айтымында, жолугушууларда негизинен социалдык тармактардагы видеолору тууралуу сөз болгон. Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул учурлар боюнча түшүндүрмө бере элек.

  • Май куюучу айрым бекеттерде бензин жок, дизель гана бар

    "Баалар өсүүдө". Кыргызстанда күйүүчү май маселеси кандай чечилет?

    Орусиядагы соңку кырдаалдан улам мунай кризиси орун алды. Анын кесепети Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да тийүүдө. Буга чейин мунайзаттын 90% Орусиядан алып келген Кыргызстанда канча күйүүчү май кору калды? Ал канчага жетет? Кайсы мамлекеттерден бензин келиши мүмкүн?

  • Маалыматтарды текшерүү үчүн аскер комиссариатына чакыруу кагаздары орусиялыктарга "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" аркылуу бир жыл мурда эле жапырт жөнөтүлө баштаган

    "Баары кыжалат". Орусияда жаңы мобилизациялоо күтүлүп жатабы?

    Акыркы айларда аскер комиссариаттары аскердик каттоого байланышкан маалыматтарды тактоо үчүн орусиялыктарга чакыруу каттарын жигердүү жибере башташты. Мындай чакыруу каттарын эркектер гана эмес, көбүнчө медициналык билими бар аялдар да алып жатышат. Чакырууну алгандардын көбү бул кагаздарды көрмөксөнгө салууда. Би-Би-Синин Орус кызматы эмне үчүн мындай чакыруу кагаздары жөнөтүлүп жатканы жана аларды этибарга албоо үчүн кандай жоопкерчилик каралганы тууралуу юристтер жана укук коргоочулар менен баарлашты.

  • Күбөлөр жарыялаган видеолордон алынган сүрөт

    Wildberries кампаларына кайрадан сокку урулду

    22-июлга караган түнү Украина Орусиянын эң ири онлайн соода компаниясы Wildberries'тин кампаларына кайрадан сокку урду. Бул ирет Краснодар жана Ставрополь аймактарындагы логистикалык борборлор бутага алынды.

  • Ош шаарындагы жарнама

    Кытайча жазуулар алынды, бийлик түшүндүрүү иштерин күчөттү

    Кыргызстанда акыркы күндөрү чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинен кытайлык мигранттардын катышуусундагы коомдук тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабоо учурлары коомдо кызуу талкуу жаратты. Буга байланыштуу бийлик тарабынан көрнөк-жарнактардагы тил эрежелерин иретке келтирүү, чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөтүү иштери жүрүүдө.

Күндүн видеосу өткөрүп, улантуу

Күндүн видеосу

  • спорт
  • германия
  • спорт
  • president
  • a collage
  • кырсык
  • митинг
  • спорт
  • a collage of a burning Russian logistics centre
  • талкуу
  • согуш
  • спорт

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар