Чаткалда мыйзамсыз алтын казууга байланыштуу район акими жана милиция башчысы кармалды

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чаткал районунда чачыранды алтынды мыйзамсыз казып алуу жана сатууну уюштурууга байланыштуу район акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана дагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып бир нече адам алдын ала сүйлөшүп алып, айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Куру-Тегерек тилкесинде алтынды мыйзамсыз казуу иштерин уюштурганы аныкталган.

Алтын казууда фронталдык жүктөгүч, насостор жана алтын жууган атайын жабдуулар колдонулган. Ишти уюштургандардын жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Тергөө маалыматына караганда, мыйзамсыз казылып алынган алтындар сатылып, андан түшкөн каражатты мыйзамдуу киреше катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Түшкөн акчанын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн Чаткал районунун акими менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына которулуп турган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1975-жылы туулган Чаткал районунун акими С.А., 1972-жылы туулган райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Т., ошондой эле 1988-жылы туулган Э.А. жана 1979-жылы туулган Ж.З. аттуу жарандар кармалган.

Аларга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Бул боюнча Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, тергелүүдө.