"Ошондой команда берди": Президент "Кыргызтесттен" талапкерлерди өткөрүү боюнча тапшырма бербегени айтылды

Сүрөттүн булагы, Social
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, бирок кыргыз тили боюнча "Кыргызтесттин" сынагынан өтпөй калган Өмүрбек Суваналиевдин айткандарына президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп берди.
Ал президент Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен да жолугушууларды өткөргөнүн ырастады.
Алагөзовдун айтымында, мындай жолугушуулардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлүп, мамлекет башчысы сынакты кайра тапшырууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок президент кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча тапшырма берген эмес.
"Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес.Мисалы президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыров аттуу жараныбыз алгач тесттен өтпөй, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактар аркылуу айтып чыкканын көрдүк. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин алууга жетишпей, документтерин тапшыра алган эмес. Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?",- деген Алакөзов.
Алагөзов президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдой турганын белгилеген.
Ал шайлоо өнөктүгү маалында саясий билдирүүлөр, карама-каршы пикирлер жана ушак-айыңдар көп болорун айтып, ар бир билдирүүнүн артында саясий кызыкчылыктар турушу мүмкүн экенин эскерткен.
Саясий жана коомдук ишмер Өмүрбек Суваналиев 16-ноябрда журналист Майраш Базлакунованын Youtube каналына жарыяланган маегинде президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен анын кабылдамасында болгонун айткан.
Анын сөзүнө караганда, жолугушууда кыргыз тили боюнча тесттин талаптары жана президенттикке талапкерлердин андан өтүү маселеси талкууланган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Суваналиевдин айтымында, ал сүйлөшүүнүн башында эле "Кыргызтесттеги" В2 деңгээли боюнча талап туура эмес экенин айткан.
"Мурунда биз шайлоого катышып жүргөнбүз. Кыргыз мектепте окусак, кыргызча сүйлөсөк, кыргызча ой жүгүртсөк, бул басынткандык болуп калат дедим. Ал: "Ай, Алагөзов, давай, бардыгын өткөргүлө!" деди. Ошондой команда берди: "Кыргыз тилинен эч кимди кулатпагыла",-деп. Анда логика? Биз мындай жаман жагдайда болуп калдык. Президент менен так талашып, күрөшүп жатсак, ал бизге милдет кылып жатат да. Өткөрүп койгула же өткөрбөгүлө деген анын милдетине кирбейт. Тест деген өзүнчө да. Анда бизди бардык этаптан өткөр деп коюш керек да",- деген ал.
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.
Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.





























