УКМКнын мурдагы кызматкерлери Элдар Жакыпбеков (Эду) менен Сыдык Дүйшөмбиевдин (Пито) иши сотко өттү

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

УКМКнын мурдагы кызматкерлери Элдар Жакыпбеков (Эду) менен Сыдык Дүйшөмбиевдин (Пито) иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти тергөө аяктап, материалдар сотко өткөрүлгөн. Кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, соттук отурумдар жабык өткөрүлөт. Басма сөз кызматы иш сотто качан карала турганын айткан жок.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 10-февралында Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткон.

Ташиев кызматтан кеткенден кийин атайын кызматтын бир катар мурдагы жетекчилери кызматтан бошотулуп, айрымдары кармалган. Жакыпбеков, Дүйшөмбиев жана дагы бир нече адам да ушул окуялардан кийин кызматтан алынып, кармалган.

Жакыпбековго да, Дүйшөмбиевге да Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Элдар Жакыпбеков атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгын 2025-жылдын декабрынан 2026-жылдын февралына чейин жетектеген. Ага чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын башкарган. Ал атайын кызматта "Эду" деген каймана ат менен белгилүү болгон.

2026-жылдын 13-февралында Жакыпбеков Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулганы айтылган. Бир нече күндөн кийин Башкы прокуратура анын кармалганын ырастаган.

Сыдык Дүйшөмбиев да УКМКнын мурдагы кызматкери. Ал "Пито" деген каймана ат менен белгилүү. Айрым маалымат каражаттары аны Жакыпбековдун жакын жана ишенимдүү кишиси катары сыпатташкан.