Президенттик шайлоого катышуу үчүн эки талапкер керектүү сандагы кол топтоп бүттү

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенттик шайлоого катышуу үчүн эки талапкер керектүү сандагы кол топтоп бүттү. Алардын бири, президент Садыр Жапаров 60 миң кол топтосо, экинчи талапкер Сыймык Жапыкеевди колдогондордун саны 31 миңден ашты. Бул тууралуу "Түндүк" бирдиктүү порталындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Андан кийинки орунда 29 миңден ашуун кол топтогон Аймен Касенов келе жатат. Исхак Масалиевди азырынча 28 миңден ашуун адам колдогон.

Бүгүн, 16-ноябрга карата, Бакыт Калмаматов, Клара Сооронкулова жана Азамат Эсенбеков 16 миңден ашуун кол топтошкон. Акай Кыдыровдун көрсөткүчү 13 миңден, Бактыбек Адыловдуку 8 миңден ашкан. Амур Айба Медер 5 миңден, Мамбетжунус Абылов 4 миңден ашуун кол чогулткан.

Порталдагы маалыматтарга ылайык, колдогондордун басымдуу бөлүгү эркектер. Алардын үлүшү 86 пайызды, аялдардыкы 32 пайызды түзгөн.

16-ноябрга карата 230 миңдей киши 11 адамдын ичинен өзү каалаганын колдоду. Кол топтоо жараянына 19 жаштан 35 жашка чейинкилер көбүрөөк катышууда.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.

Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.