Америкалык соттук-медициналык эксперт: Эпштейн өлтүрүлгөн болушу мүмкүн

AFP
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бул материалда адамды чочутушу мүмкүн болгон маалыматтар жана өз жанын кыюуга байланыштуу жагдайлар камтылган

Америкалык соттук-медициналык эксперт Майкл Фриман Би-Би-Сиге берген маегинде финансист Жеффри Эпштейн өз жанын кыйбаган болушу мүмкүн, балким аны өлтүрүп коюшкан деген пикирин билдирди. Жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялоого айыпталган Эпштейндин сөөгү 2019-жылы түрмөдөгү өзү отурган камерада табылган.

Бул-Би-Би-Cи News сайтында жарыяланган материалдын адаптацияланган котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Профессор Фриман Эпштейндин сөөгүн өзү текшерген эмес. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык документтерди изилдеп чыккан. Ал Би-Би-Синин эфиринде өз тыянагы менен бөлүшүп, Эпштейн, артынан муунтулуп өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп айтты.

Жети жыл мурун Эпштейндин сөөгүн текшерген соттук-медициналык эксперт анын денесиндеги жаракаттар өз жанын кыюуга мүнөздүү деген расмий бүтүм чыгарган. Маркумдун денесинде кол салган адамдан коргонуу учурунда пайда болушу мүмкүн болгон жаракаттар аныкталбаганын билдирген.

АКШ, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн бир катар саясатчылары, ири ишкерлер менен байланышта болгон 66 жаштагы Жеффри Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылдын 10-августунда Нью-Йорктогу түрмөнүн камерасынан табылган. Ал жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялоо боюнча сот жараянын күтүп жаткан.

Ал кезде Нью-Йорктун башкы соттук-медициналык эксперти кызматын аркалаган доктор Барбара Сэмпсон Эпштейн өз жанын кыйган деген бүтүм чыгарган.

Ал буга чейин: "Мистер Эпштейндин өлүмүнүн себеби жана жагдайы боюнча чыгарган бүтүмүбүздү толугу менен колдойм. Өлүмдүн себеби - асынып алуу, өз жанын кыюу",- деп билдирген.

Би-Би-Си доктор Сэмпсондон Фримандын билдирүүсүнө комментарий берүүнү өтүнгөн. Азырынча жооп күтүп жатат.

Майкл Фриман АКШнын бир нече штатынын башкы прокурорлорунун алдында соттук-медициналык эксперт болуп иштеген. Ал камакта каза болгон адамдардын өлүмүнүн себептерин аныктоо менен алектенип келген. Алардын арасында 2020-жылы Миннеаполисте полиция кызматкерлеринин колунан каза болгон Жорж Флойд да бар.

Фриман Эпштейндин өлүмүнө байланыштуу медициналык документтерди анын бир тууганы Марк Эпштейнден алган. Ал бул материалдарды бир жыл бою изилдеп, ушул дүйшөмбүдө Лондондогу University College London университетинде өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын сунуштаган. Андан кийин Би-Би-Синин эфиринде да өз тыянактары тууралуу айтып берген.

Фриман кандай жүйөлөрдү келтирди?

BBC
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Марк Эпштейн бир тууганы киши колдуу болду дегенге ишенет.

Профессор Фримандын пикиринде, Эпштейнди алгач колго жасалган жип менен муунтуп өлтүрүп, андан соң ошол эле жип менен керебетине асып коюшкан болушу мүмкүн.

Профессор Фриман документтерди эч кимдин таасирине алдырбай, калыс изилдегенин жана Марк Эпштейн бул иши үчүн ага акча төлөбөгөнүн айтты.

Ошол эле учурда анын изилдөөсү башка эксперттер тарабынан көз карандысыз баалоодон өтө элек.

Фримандын айтымында, колдо болгон далилдер Эпштейнге кол салуу болгонун көрсөтүп турат. Алардын арасында сол далысындагы көгөргөн так жана бетине сокку урулганын болжолдоого негиз берген жаракаттар бар.

Анын айтымында, Эпштейндин мойнундагы аркандын издинин үстүнөн тырмактын издерин да көрүүгө мүмкүн болгон.

"Эпштейндин денесиндеги жаракаттар өзүнө-өзү кол салды деген мотивге туура келбейт. Мындан улам анын өлүмүн киши колдуу болгон деп гана түшүндүрүүгө болот",- деди профессор Фриман.

Эпштейндин сөөгүн текшерген эксперт АКШнын Юстиция министрлигине анын денесиндеги жаракаттар киши колдуу болгонунан эмес, асынып каза болгонунан кабар берерин билдирген. Ошондой эле Эпштейндин денесинде кол салган адамдан коргонууга аракет кылганда пайда болушу мүмкүн болгон жаракаттар жок болгонун айткан.

Фримандын айтымында, эгер Эпштейн чындап эле асынып каза болсо, тергөөчүлөр анын асынып тургандагы сүрөттөрүн көрсөтүшү керек эле.

АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин өлүмү боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, аны камерасынан асынган абалда тапкан түрмө кызматкери дароо кесиптешин жардамга чакырганын билдирген. Андан соң экөө Эпштейнди жерге жаткырып, жасалма дем алдырууга аракет кылышкан.

Министрликтин маалыматына караганда, Эпштейн каза болорунан бир ай мурун өз жанын кыйышы мүмкүн деген кооптонуудан улам бир аз убакытка атайын көзөмөлгө алынган.

Фриман Эпштейнди ким өлтүрүшү мүмкүн деген суроого, мындай деп жооп берген:

"Бул тууралуу эч нерсе билбейм. Менин бул боюнча эч кандай божомолум жок. Анткени иликтөөмдүн максаты ким өлтүргөнүн аныктоо эмес".

Анын билдирүүлөрүн кутум теорияларына жакын деп айтууга болобу деген суроого эксперт мындай деп жооп берген:

"Менин сөзүмө эле ишенип коюунун кажети жок. Ар ким колдо бар далилдерди өзү карап чыгып, өз алдынча тыянак чыгарса болот".

"Эгер мен жөн жерден эле ал киши колдуу болгон деп жатсам анда кайсы жерден жаңылып жатканымды далилдеп бериңиз. Мен башка пикирлерди угууга даярмын. Анткени мен окумуштуумун жана башкалардын жүйөлүү далилдерине таянган пикирлерин угууга ар дайым даярмын",- деген эксперт.

Жеффри Эпштейнге алгач 2008-жылы жашы жете элек кыздарды сойкулукка тарткан деген айып тагылган. Бирок тергөө менен түзүлгөн келишимдин негизинде ал болгону 13 айга эркинен ажыратылган.

Арадан 11 жыл өткөндөн кийин Эпштейнге жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялоо менен алектенген ири тармак түзгөн деген айып тагылган. Бул айып боюнча соттолсо, ал узак жылдарга түрмөгө кесилиши мүмкүн эле.