"Оозу жырылган, башы жанчылган". Баткенде 24 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Сүрөттүн булагы, Courtesy
- Author, Алмира Абидинова Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Кыргызстандын Баткен облусунда үч баланын энеси, 24 жаштагы Дилфуза Сайназарова каза болду. Анын жакындары келин күйөөсү жана кайын журту тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин айтышууда. Милиция анын өлүмүнө жолдошун шектүү катары кармап, кылмыш ишин козгоду. Маркумдун кайынсиңдиси үй-бүлөлүк чырга кызганыч себеп болгонун айтууда. Окуя 31-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында болгон.
"Эки күн мурун ажырашам деп качып келди эле"
Маркумдун апасы Шарапат Сайназарова менен бир тууган агасы Максутаали Сайназаровдун айтымында, Дилфуза 18 жашында турмушка чыккан. Алардын айтымында, келин акыркы убакта жолдошу жана кайын журту тарабынан кордук көрүп келгенин айтып жүргөн. Окуядан эки күн мурда келин ата-энесинин үйүнө келген. Ал мындан ары жолдошу менен жашагысы келбей турганын жана ажырашууну кааларын айткан.
"Жолдошум менен жашагым келбей калды, апа. Ушунчалык коркуп калдым. Кайненем тынч жашатпай жатат, күйөөмө урдурат. Ажырашам", — деп келди эле кызым. Бирок эртеси күнү кайнатасы кызымдын артынан келип, уулу менен сүйлөшүп, келиниме мындан ары жаман мамиле жасатпай турганын айтып, жалынып-жалбарып атып алып кетти эле. Биз да үч баласы бар, элдешип кетсин деп ишенип бердик. Кызымды өлтүрүп коёт деп ойлогон эмесмин", — деди маркумдун апасы Шарапат Сайназарова.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
"Кызымдын сөөгүн талаадан таап келдик"
Бирок эртеси күнү маркум Дилфуза Сайназарованын кайнатасы кыздын жакындарына телефон чалып, келиндин сөөгү талаада жатканын кабарлаган. Келиндин бир тууганы окуя болгон жерге барганда анын сөөгү муздап калганын көргөн.
"Уулум карындашын алып кеткени барганда кызымдын сөөгүн талаадан таап, унаага салып үйгө алып келди. Бети-башы шишип, жанчылып, оозу жырылып, маңдайы жарылып калган. Моюнунда муунтуунун издери бар экен. Биз дароо ооруканага алып бардык. Дарыгерлер кызыбыз өлүп калганын айтышты", — деди маркумдун апасы.
Жакындарынын божомолунда, келинди жолдошу үйдөн сүйрөп чыгып, талаага алып кеткен.
Маркумдун жакындарынын айтымында, келиндин кайын журту да Караван айылынан болот. Апасы кызы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да кайненесинен коркуп, эркин сүйлөй албай келгенин белгиледи.
Дилфуза медайым болуп иштеген, бирок жолдошу кызганып, аны жумуштан чыгууга мажбурлаганын жакындары билдиришти.
"Уруш кызганычтан чыккан"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дилфуза Сайназарованын өлүмүнө шектүү катары анын жолдошу кармалды. Шектүүнүн туугандары окуя тууралуу кенен маалымат бере элек.
"Уруштун чыкканы кызганычтын айынан болгон. Телефондон башка бирөө менен жазышкандарын, сүрөттөрүн көрүп калып - ошонун айынан болду. Азыр биз так маалымат бере албайбыз. Тергөө жүрүп жатат", - деди маркумдун кайынсиңдиси.
Милициянын маалыматына караганда, 31-октябрда саат 11:20 чамасында Кызыл-Кыя шаардык милициясына телефон аркылуу Караван айылынын тургуну, 2002-жылдын 25-январында туулган Д.С. каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн.
"Аталган маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун өлүмүнө жолдошу, 1995-жылдын 25-августунда туулган М.К.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин ТК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3, 7-пункттарында каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын 31-октябрында М.К. жактоочунун катышуусунда шектүү катары суралып, саат 16:12де Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген" деп айтылат милициянын маалыматында.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Маркум Дилфуза Сайназарованын артында үч баласы калган. Кенже уулу эки жашта. Ортончусу төрт, чоң баласы беш жашта.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 18 миң 862 факты катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4585 учурга же 32,1 пайызга көп.
WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган.




























