Абактагы Имамидин Ташов Садыр Жапаровго кайрадан кат жолдоду

Сүрөттүн булагы, Social
"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, учурда абакта жаткан Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрадан кат жолдоду. Ташов катында буга чейинки кайрылуусунда УКМК кызматкерлери туура эмес маалымат берүү менен президенттин кадыр-баркына шек келтирип жатканын жазганын эске салган.
"Бирок сиз мага жана мага окшоп кыйноого кабылып, тузакка түшүрүлуп, акыйкатсыздыкка кабылгандарга ишенбеген сайын УКМК кызматкерлеринин күн алыс кармалып, камалып, жатышы, район элдери менен жолугушууларыңыздагы элдин арыз-муңу соттор менен УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн арты үзүлбөй көбөйүп жатышы сизди да ойлондуруп жатса керек. Мейли мага ишенбедиңиз дейли, тергөө кыйноосунан майып болуп калган Бакай Кудайбергенов, токко отуруп, ур токмокко кабылдым деген Аскат Жетигендин, кыйноодон кийин атасынын өлүп калганын айтып чыккан Жалал-Абаддык айымдын окуяларынын далилдери жетишсизби?",- деген ал.
Ошондой эле Ташов видеодо көрсөтүлгөн 450 миң доллар тууралуу өз жүйөсүн келтирген. Айтымында, бул акча УКМКга таандык болгон жана эч кимге берилген эмес.
"Видеодогу 450 миң доллар УКМКнын акчасы. Ошондуктан ал акча бирөөгө берилген жок, анча сумма менен бирөө-жарым кармалган жок жана кылмыш ишинде да жок. Ал сумманы 2023-жылдын 8-декабрында УКМКнын эки кызматкери мени соттон кыйнап, коркутуп, уурдап, "Хаят" мейманканасына алып барышып, алдын ала өздөрү даярдаган бир сумка акчаны (450 миң долларды) тартып алышкан видео. Ошол кызматкерлер менен болгон WhatsApp жазуулар да бар. Мени уурдап, ташып жүргөн унаа ак түстөгү, 281 AFZ номерлүү Lexus унаасы болчу",- деп жазган Ташов.
Ташовдун жактоочусу Рабига Садыкова бул кайрылуу да жоопсуз калса, алар кыйноо фактылары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга даяр экенин билдирди.
"Эгер кайрылуубуз жоопсуз калса, биз кандай болгон күндө да ишти кайра кароого жетишүүгө аракет кылабыз. Мыйзамдуу тартипте кайрылуунун жолдорун издейбиз. Балким, эл аралык органдарга да кайрылабыз. Анткени кыйноо фактылары бар. Бирок дал ушул Имамидин Ташовго келгенде анын маселесин кароодон баш тартып жатышат. Балким, мунун артында кандайдыр бир саясий негиз бардыр",- деди ал.
Имамидин Ташов буга чейин, октябрь айында да президент Садыр Жапаровго кайрылуу катын жолдогон. Анда ал президенттин 2026-жылдын 12-октябрында Ташовго карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу айткан сөздөрүнө жооп берип, андагы маалыматтарды четке каккан. Ошондой эле коюлган дооматтарды далилдөөгө жана полиграфтан өтүүгө даяр экенин билдирген.
12-октябрда Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу учурунда Имамидин Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова президентке кайрылып, уулунун ишин көзөмөлдөп, жардам берүүнү суранган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Менин балам Имамидин Ташов эч күнөөсүз үч жылдан бери кармалып отурат. Жасалма айып менен кармалган. Сиздин башыңыздан да өттү. Ушул ишти тыкыр иликтеп, өзүңүз көзөмөлдөп, жардам беришиңизди суранам. Ошондой эле компанияда да өтө көп проблемалар болуп жатат. Ушул компанияны башка бирөө жетектеп турган мезгилде 560 млн сомду жеп кеткен. Аны Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү карап, аягына чыгарбай, ишти жаап коюп жатат. Биз элдин үйүн куруп беришибиз керек. Ошондой эле объектилер камакта. Ушуга жардам берсеңиз. Буга чейин мен сиздин жардамыңызды көрдүм. Биздин акчабыз камакта болгон учурда, сиз бизге жардам берип, акчаны алдык. Буга чоң ыраазычылык. Мындан кийин да элдин үйүн куруп беришибиз керек. Көйгөйлөрүбүзгө көңүл буруп, жардам берип койсоңуз деп келдим", - деген Ташовдун апасы.
Садыр Жапаров Ташовдун ишинен кабардан экенин, ал төңкөрүш аракети үчүн кесилгенин билдирип, ырайым гана бере ала турганын айтты:
"Саипжамал апа, уулуңуз боюнча тээ башында маалымат алгам, билем. Эч ким аны тузакка түшүргөн эмес. Ал отуруп алып, революция кылам деп 450 миң долларлык мүлкүн, батирлерин криминалдарга тараткан. Ал убакта Көлбаев тирүү болсо керек эле. Ошонун балдарына, ошого берген. "Мына, алгыла, чыгып бергиле" деген. Акча чачып, революция кылабыз деген. Мен аны билем. Үйлөрдүн акчасын алып алган дагы шайлоого иштетип жиберген. Бирок үй салып бере албай калган. Аны да мен териштиргем. Элдерди зарлатпагыла, деп Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди жиберип, бир-эки үйдү аягына чейин бүтүрүп, элди киргизип, пайдаланууга берилбей жаткан үйүн берип, элдин маселесин чечип бергем. Эми дагы чечиле элек маселеси бар деп айтып жатасыз. Мен аны карап көрөюн. Ал эми уулуңуз боюнча сотторго көрсөтмө бере албайм. Эгер соттордун өкүмү күчүнө кирсе, мага кайрылыңыз, мен ырайым гана бере алам",- деген ал.
Ишкер Имамидин Ташов 2025-жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ишкердин жактоочусу бул өкүмгө макул болбой, шаардык сотко арызданган.
Быйыл 17-июлда Бишкек шаардык соту Ташовду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Сот аны "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча актап, "бийликти басып алуу" жана "бийликти басып алууга чакырык жасоо" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Адвокаттар сот чечимине макул эместигин, кассациялык тартипте кийинки инстанцияга кайрылыша турганын билдиришкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылдын апрель айында кармаган. Атайын кызмат ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалганын маалымдаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып тагылган.
Ташов буга чейин абакта кыйноого кабылганын айтып, шарттардын начардыгына нааразы болуп, бир нече жолу өзүнө кол салып, ачкачылык жарыялаган.




























