"Күнүнө бир гана жолу тамактанабыз". Асад режими кулагандан кийинки Сириядагы жакырчылык

Сирия
Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Сентябрь айында Сириянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары башталды. Аянттарда жана көчөлөрдө чогулган адамдар дөңгөлөктөрдү өрттөп, жолдорду тосуп, өкмөттүн күйүүчү майдын баасын дагы көтөрүү чечимине нааразычылыгын билдиришти. Бул Ахмед аш-Шараа эки жыл мурда өлкө бийлигине келгенден бери өкмөттүн чечимдерине каршы уюштурулган эң ири нааразылык акциясы болду.

Нааразылыкка чыккандардын бири Сириянын телеканалына берген маегинде бийликти мурдагыдай эле колдой турганын, бирок азыркы оор абалдан улам нан сатып алууга да акчасы жетпей калганын айтты.

"Чынын айтсам, эртең менен ойгонгондо бийлик дагы кандай жаңы чечим чыгарат экен деп коркуп калдык",- деди акциянын дагы бир катышуучусу.

Күйүүчү майдын баасынын кайрадан көтөрүлүшү өкмөттүн карапайым калктын жашоосун улам оорлотуп жаткан чечимдеринин бири болду.

Аш-Шараанын жетекчилигиндеги козголоңчулар Башар Асаддын бийлигин кулатып, Асаддардын үй-бүлөсүнүн 50 жылга созулган катаал башкаруусуна жана өлкөнү 13 жыл бою кыйраткан жарандык согушка чекит койгондон кийин, көптөгөн сириялыктардын жашоо деңгээли кыйла төмөндөдү.

Президенттик кызматка киришкенден кийин аш-Шараа узакка созулган согуштун жана эл аралык санкциялардын кесепетинен кыйраган экономиканы калыбына келтирүүгө аракет кыла баштаган.

Бул өтө татаал милдет экени эч кимге жашыруун эмес болчу. Бирок Асаддын бийлиги кулатылганда кубанган сириялыктар, балким, өтө эле оптимисттик маанайда болуп, өлкөдө жашоо бат эле жакшырат деп үмүттөнүшкөн. Тилекке каршы, жаңы бийликтин эки жылдык башкаруусунан кийин калктын жашоосу жакшырган жок. Тескерисинче, көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн каржылык абалы барган сайын начарлап, өкмөттүн экономикалык саясаты элдин көңүлүн калтырууда.

Коммуналдык кызматтардан тартып күнүмдүк керектелүүчү товарларга чейин дээрлик бардык нерсенин баасы өстү. Күйүүчү майдын баасы күтүүсүздөн дагы көтөрүлүшү көпчүлүккө өкмөт карапайым калктын чыныгы жашоосунан алыстап кеткендей таасир калтырды.

"Бизге айланма жолдордун кереги жок! Күн сайын жаңы бир айланма жол куруп жатышат. Эл силерди колдоп добуш берди, азыр да колдоп турат. Бирок мындай иштердин арты чоң жарылууга алып келиши мүмкүн",- деди дагы бир нааразы болгон жаран президент аш-Шараага кайрылып.

Бир нече күндөн кийин, жаңы нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырыктар күчөй баштаганда өкмөт күйүүчү майдын баасын көтөрүү чечимин жокко чыгарды.

Сирия
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дамасктын чет жакасында мен Фатима Салех Эйд менен жолуктум. Ал бир жумага жете турган азык-түлүк сатып алуу үчүн базарга келген экен. Фатима 50 жашта. Ал үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн пол жууп иштейт.

"Биз абдан оор күндөрдү баштан өткөрдүк",- дейт ал.

Анын күйөөсү жакында эле керамика чыгаруучу заводго жумушка орношкон. Ага чейин бир жыл бою жумушсуз жүргөн. Фатима күйөөсү башкаларга караганда жолдуу экенин айтат. Анткени тааныштарынын көбү жумуш таба албай жүрүшөт. Көчөлөрдө эркектер күнүмдүк жалданма жумушка үмүт кылып чогулуп турушат. Бирок көп учурда алар куру үмүт менен тарашат.

Аш-Шараанын өкмөтү үнөмдөө саясатынын алкагында Асаддын бийлиги учурунда көп жылдар бою колдонулуп келген мамлекеттик субсидияларды кыйла кыскартты. Мунун натыйжасында Сирияда калктын негизги азыгы болгон нандын баасы он эсеге кымбаттады.

Күйүүчү майдын баасы азыр дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө жакындады. Анын кескин кымбатташы дыйкандарга да оор сокку урду. Ошондой эле жүк жана жүргүнчү ташуу кызматтарынын баасы өстү. Көптөгөн ишканалар үчүн электр энергиясынын тарифтери бир нече жүз пайызга чейин жогорулады.

Өкмөт нааразылыкты азайтуу максатында мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жана пенсияларды инфляцияга жараша көбөйтүүгө аракет кылды. Бирок баалар тынымсыз өсүп жаткандыктан, айлык акыга жана пенсияга кошулган бул акча дээрлик сезилбей калды.

"Азыр мурдагыга караганда кыйла үнөмдүү тамактанууга аргасызбыз. Тооктун жана башка эт сатып ала албай калдык. Жашылча-жемиш менен гана жан багабыз. Бирок алар да кымбаттап кетти. Кудай буюрса, баалар качандыр бир күнү арзандаар",- дейт Фатима.

Биз сүйлөшүп жатканда айланабызга ар кандай жаш курактагы он чакты адам чогулду. Алардын эч кимиси Фатиманын айткандарына каршы чыккан жок.

Улгайып калган бир киши да эт сатып ала албай калганын айтты. Жыйырма жаштагы дагы бир жигит атасы жүрөк оорулу экенине карабастан, үй-бүлөсү ага керектүү дары-дармектерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпей калганын айтып берди. Келиндердин бири өзү жана төрт баласы эки күндө бир жолу гана толук кандуу түшкү тамак жей аларын айтты.

"Электр энергиясынын эсебинен корком"

68 жаштагы пенсионер Марван Башур ай сайын 90 доллардай киреше табарын айтты. Бул - мамлекеттик сектордогу эң төмөнкү айлык акынын өлчөмү. "Бул акча жашоого таптакыр жетпейт",- дейт ал. БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматына ылайык, 2025-жылы сириялыктардын 90 пайызы жакырчылыкта жашаган. Марван Башур айына 90 доллар менен кантип күн көрүп жатканын айтып берди.

"Кээде карызга акча алам, кээде үйдөгү буюмдарды сатууга туура келет. Мисалы, эски казанды, эч качан колдонбогон табактарды же бир кезде белекке берилген буюмдарды сатам. Атүгүл эмеректерди да сатууга аргасыз болдум",- дейт ал.

Мындан башка да кыйынчылыктар бар. Сириялыктардын көбү сыяктуу эле, Марван мурда гуманитардык уюмдардын жардамына таянып келген. Бирок азыр ал жардам да токтоду. Каржылоонун кыскарышына байланыштуу гуманитардык уюмдар көрсөтүп келген колдоонун көлөмүн азайтууга аргасыз болушту.

Сирия АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешүүнүн эпкинине да кабылды. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, нааразылык акцияларына себеп болгон күйүүчү майдын кымбатташы да ушул жаңжалдан улам энергетика рыногунда жаралган басымга байланыштуу болгон.

Сирия

Мен дагы бир пенсионер, 63 жаштагы Набиль аль-Ремхейн менен жолуктум. Анын төрт баласы тең бойго жеткенине карабастан, алардын бири да жумуш таба алган эмес.

"Эми биз күнүнө бир эле жолу тамактанабыз. Бул чыныгы трагедия. Мындай абал менде эле эмес, бүтүндөй элдин башында бар. Баарыбыз ачка жашап жатабыз. Кымбатчылыктын оор жүгүнөн дем ала албай калдык",- дейт ал. Анын жүзүнөн чарчоо жана үмүтсүздүк байкалып турду.

Набиль мени үйүнө ээрчитип барды. Ал көчөлөрү тар, үйлөрү жупуну болгон жакыр райондо жашайт экен. Биз барганда аялы үй жумуштары менен алек болуп жаткан экен. Үйдүн ичи караңгы болсо да, ал жарыкты күйгүзгөн жок.

"Электр энергиясынын эсебинен корком. Ошондуктан үйдөгү жарыкты мурдагыга караганда азыраак күйгүзөбүз. Муздаткычты да күнүнө беш сааттай өчүрүп коёбуз",- деди Набиль.

Ошого карабастан, акыркы келген электр энергиясынын эсеби алардын үй-бүлөлүк кирешесинин үчтөн бир бөлүгүнө барабар болгон. Набиль ал акчаны азырынча төлөй элек.

Neha Sharma/BBC

Сириялык публицист, Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун эксперти Хаид Хаиддин айтымында, калктын "басымдуу бөлүгүнүн" жашоо шарты Асаддын бийлиги кулаганга чейинки мезгилге салыштырмалуу да начарлап кеткен.

Анын пикиринде, экономикалык кризис - азыркы өкмөт үчүн "эң кооптуу көйгөйлөрдүн" бири. Анын үстүнө бул кризистин жаралышына жаңы бийликтин өзү да белгилүү деңгээлде себепкер болгон.

"Кризистин бир бөлүгү каржы ресурстарынын жетишсиздигине жана мурдагы режимден калган оор мураска байланыштуу. Бирок анын дагы бир себеби Сирияны эркин базар экономикасына өткөрүүгө багытталган жаңы саясаттын түздөн-түз кесепети. Бул реформаларды жүргүзүп жатканда бийлик алардын карапайым адамдардын жашоосуна кандай таасир этерин такыр эске алган жок",- деп түшүндүрдү ал.

Мен Сириянын Экономика жана өнөр жай министрлигинин өкүлүнө кайрылдым. Бирок ал министрликтин бир да кызматкери азыркы кырдаал боюнча комментарий берүүгө же маек курууга даяр эместигин билдирди.

Албетте, Сириянын жаңы жетекчилиги айрым маанилүү ийгиликтерге да жетишти.

Neha Sharma/BBC

Башар Асаддын бийлиги учурунда киргизилген эл аралык санкциялар алынып салынды. АКШ Сирияны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарды. Өлкөдөгү коопсуздук абалы дагы деле туруксуз жана тынчсыздануу жаратууда. Ошентсе да жалпы алганда мурдагыга караганда тынчтык орноду.

Президент өз бийлигин мындан ары да бекемдеп жатат. Маселен, ушул жылдын башында өлкөнүн жаратылыш ресурстарына бай түндүк-чыгыш аймагын күрт куралдуу күчтөрүн сүрүп чыгаруу аркылуу кайрадан борбордук бийликтин көзөмөлүнө алды.

(Ошол эле учурда түштүктөгү друздар өз аймактарын дагы деле көзөмөлдөп турушат жана ал жерде автономиялуу түзүлүш түзүүгө умтулууда. Израил өлкөнүн түштүк-батышындагы аймактардын бир бөлүгүн оккупациялап турат)

Бирок Сириянын экономикасын чындап калыбына келтирүү жөнүндө азырынча сөз кылууга эрте.

Согуштан кийин өлкөнүн ири аймактары дагы деле урандыга айланган бойдон турат. Он үч жылга созулган жаңжалда жарым миллион адам каза болуп, калктын жарымы үйлөрүн таштап, башка жактарга көчүүгө аргасыз болгон.

Көптөгөн үй-бүлөлөр ижарага үй алууга каражаты жетпегендиктен, жарым-жартылай кыйраган имараттарда жашап жатышат.

Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча, Сирияны кайра калыбына келтирүү үчүн 216 миллиард доллар талап кылынат. Чет өлкөлөрдүн жардамы жана инвестициялары болбосо, сириялыктар өз өлкөсүн кайрадан курууга мүмкүнчүлүк ала алышпайт.

Парижде жайгашкан "Араб экономисттеринин ийрими" аналитикалык борборун да иштеген сириялык экономист Самир Аита азыркы кризисти бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынын натыйжасы катары баалады.

Анын айтымында, бийлик коомчулуктун алдына реалдуу күтүүлөрдү коё алган жок. Натыйжада элде ишке ашпай турган чоң үмүт пайда болду. Мен андан Сириянын келечегин кандай көрөрүн сурадым.

"Азыркы абал туруктуу эмес. Эгер жүргүзүлүп жаткан саясат өзгөрбөсө, бизди башаламандык күтүп турат деп корком",- деп жооп берди ал.

Көп жылдык согуштан чарчаган жана тандоо мүмкүнчүлүгү дээрлик калбаган сириялыктар ошентсе да жакшы жашоого болгон үмүтүн үзө элек.

Таксист болуп иштеген Абу Махмуд мындай деди:

"Өлкө жаңы бийликке ансыз деле банкрот абалда өттү. Ошондуктан эл сабыр кылышы керек. Мындай иштер бир күндө эле бүтүп калбайт".

Материалды даярдоого Лана Антаки, Саманта Гранвилл жана Неха Шарма көмөктөштү.