Чүйдө эки бала октон жаракат алды, шектүү кармалды

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чүй облусунда эки бала октон жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы бидирди.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда пневматикалык мылтыктан жаракат алган эки өспүрүм Чүй райондук ооруканасына түшкөн.

Алар 2013-жылы туулган Т.Р. жана 2015-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдөр болгон.

Аталган факт Чүй РИИБге катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Ал өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги "Hatsan AirTact" үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Алдын ала маалымат боюнча, аталган жаран 17-ноябрда саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, жолдон өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган.

"Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.