Чет элдиктерге кыймылсыз мүлк сатуу: коомдо кооптонууга негиз барбы?

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Коомдо чет элдик жарандардын Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө ээ болушу, бизнестеги үлүшүнүн көбөйүшү боюнча талкуулар жүрүүдө. Бул маселе парламентте да сөз болуп, ага депутаттар да өз пикирлерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламентте чет элдик жарандарга турак-жай сатылган учурлар көбөйүп жатканын белгилеп, мындай учурда үй курулган жер тилкесинин макамы кандай чечилип жатканын сурады.

"Кызыл китеби бар киши өзүнүн мүлкүн чет элдик жаранга сатыптыр. Жердин үстүндөгү мүлк ага менчикке берилип жатат. Жердин кызыл китебин жашыл китеп кылып өзгөртүп мөөнөтсүз же белгилүү бир мөөнөт менен берип жатасыңар. Кайсы мыйзамдын негизинде ошондой болуп атат. Бизде жерди чет элдиктерге сатууга болбойт деген мыйзам бар. Бирок кадастрда ошондой келишимдер жүздөп саналат",- деди Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, өткөн жылы кабыл алынган жаңы Жер кодексине ылайык, жердин үстүндөгү курулуш жеке менчик катары катталат. Ал эми жер тилкеси чет элдик жаранга 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилет.

"Эгер чет өлкөлүк жаран 49 жыл мөөнөтү өтө электе мүлктү кыргыз жаранына сата турган болсо, жер тилкеси кыргыз жаранына автоматтык түрдө жеке менчик катары берилет",- деди Жер ресурстары агенттигинин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов.

Айрымдар мындай көрүнүш келечекте өлкөнүн экономикасына жана коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн деп кабатыр. Маселени жакында эле жергиликтүү бийликтин эл менен болгон жолугушуусунда да көтөргөндөр болду. Саясатчы Мавлян Аскарбековдун айтымында, бул учурда көңүл бурууну талап кылган өтө актуалдуу маселе.

"Биздин мамлекетте жердин, батирдин кымбатташынын бир себептери бар. Анткени чет мамлекеттин жарандары сатып алып жаткан учурлар көбөйдү. Алдыдагы 5-10 жылда деле бул динамика сактала турган болсо алардын атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүнө биздин жарандар туруштук бере албай, эл үчүн, мамлекет үчүн чоң кооптонуу жаралышы толук мүмкүн. Мына мен ошону элге айтып жатам",- деди ал.

Бул маселе боюнча депутат Дастан Бекешев дагы социалдык тармактагы баракчасына маалымат жарыялады. Ал Мамлекеттик кадастр кызматынан алынган расмий маалыматка таянып, 2025-жылы жана быйылкы жарым жылдыкта чет элдик жарандар Кыргызстандан 2408 кыймылсыз мүлк сатып алганын жазды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анын айтымында, сатып алуучулардын саны боюнча биринчи орунда 1 238 мүлк алган Орусия жарандары турат. Экинчи орунга 424 мүлк алып Казакстандын жарандары чыкса, үчүнчү орунда 311 алды-сатты менен Кытайдын жарандары турат. Андан кийин Германия, Түркия жарандары.

"Кытай жарандарына байланыштуу маалыматтарды өзүнчө карай турган болсок, 2025-жылы алар 272 кыймылсыз мүлк сатып алышкан. 2026-жылдын биринчи жарымында 39 объект сатылган. Жалпы 311 мүлк сатылган. Бул объектилердин жалпы аянты 32 миң 540 чарчы метрди түзөт. Анын ичинен жер тилкелеринин аянты 4 миң 260 чарчы метр же 0,426 гектар. Башкача айтканда, жарым гектарга да жетпеген жер жөнүндө сөз болуп жатат. Салыштырып көрсөк, 2025-жылы Кыргызстан боюнча 62 миңден ашуун сатуу жана сатып алуу иштери жүргөн. Анын ичинен Кытай жарандарынын үлүшү болгону 0,44 пайызды түзөт. Ошондуктан "кытайлар Кыргызстандагы мүлктүн баарын сатып алып жатат" деп айтууга болбойт. Ошол эле учурда бул маселе көз жаздымда калбашы керек. Мамлекет чет элдик жарандар кайсы аймактардан мүлк сатып алып жатканын, бир адамдын канча мүлкү бар экенин, чек арага жакын же стратегиялык маанидеги аймактарда да сатылып жатабы же жокпу деген маселелерди тыкыр көзөмөлдөп турушу зарыл",- деди Бекешев.

Айрым активисттер чет элдик жарандардын кыймылсыз мүлк сатып алуусу боюнча мыйзамдык механизмдерди кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептешет. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандардын кичи жана орто бизнес ачуу шарттарына да чектөөлөрдү киргизүү керектигин айтышууда.