"Коляскаңды бүктө деген айдоочу үстүмөн арыз жазыптыр". Ошто 3 балалуу эне эмнеге автобустан түшүрүлгөн?

Сүрөттүн булагы, internet
7-июнь күнү Ош шаарында айдоочунун талабы менен үч баласы менен автобустан түшүп калууга аргасыз болгон эненин окуясы камтылган видео социалдык тармактарга тарап, талкуу жаратууда.
Анда белгисиз аял колундагы эки баласы менен бешик арабаны бүктөй албаганын айткандан кийин айдоочу аны автобустан түшүрүп салганы көрсөтүлөт.
Окуянын каарманы Айчүрөк Нурали кызынын айтымында, ал 43-каттамдагы автобуска түшкөн маалда эле айдоочунун терс мамилеси байкалган.
"Менин үч кызым бар: беш айлык, эки жашта жана төртүнчү класста окуган улуу кызым. Автобуска чыгып, колясканы атайын каралган орунга койдум. Айдоочу "колясканы бүктө, болбосо автобусту айдабайм" деп талап кылды. Мен кичинекей балам уктап жатканын, колумда дагы бир балам бар экенин, аны бүктөө мүмкүн эместигин айттым. Бирок айдоочу автобусту токтотуп туруп алды. Жүргүнчүлөрдүн нааразылыгынан улам, аргасыз түшүп калууга туура келди", - дейт Айчүрөк.
Айчүрөктүн сөзүнө караганда, бул окуядан кийин ага социалдык тармактар аркылуу башка аялдар да ушул эле айдоочудан ушундай эле мамилеге кабылганын жазышкан. Ал айдоочунун эл алдында кечирим суроосун талап кылууда.
Бул окуя боюнча тараптар милицияга кайрылышкан. Ош шаардык укук коргоо органдарынан билдиришкендей, айдоочу Айчүрөк Нурали кызынын үстүнөн "абийириме шек келтирди" деп арыз жазган. Бирок, милиция бул арызда укук бузуу курамы жок деп таап, ишти кыскарткан.
Айчүрөк Нурали кызынын видео кайрылуусу боюнча маселе Транспорт министрлигине жөтөтүлөт.
Бул окуя коомчулукта коомдук транспорттогу энелер жана балдар үчүн түзүлгөн шарттардын сапаты боюнча кайрадан талкуу жаратты.
Учурда айдоочудан бул окуя боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек.































