Иран менен Израил ок атышууну токтоткондон кийин кайрадан бири-бирине сокку урду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жекшемби күнү кечинде Иран Израилдин түндүгүнө карай бир нече ирет ракета учурду. Израилдин Коргонуу армиясы Иран тарабынан жиберилген бардык ракеталар жок кылынганын билдирди. Түн ичинде ЦАХАЛ Израилдин аскердик учактары Ирандын батышындагы жана борбордук бөлүгүндөгү аскердик объектилерге сокку урганын маалымдады. Кийинчерээк өлкөнүн түштүк-батышындагы Махшехр шаарындагы мунай-химиялык ишкана да бутага алынганы кабарланды.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары ишканага чабуул жасалганын ырастап, завод жарым-жартылай жабыркаганын билдиришти. Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк жарыяланары айтылды.
Мамлекеттик телеканал ошондой эле Тегеран, Тебриз жана Исфахан шаарларында, ошондой эле Караж шаарына жакын аймактарда жардыруулар болгонун маалымдады.
Тегерандагы Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропорт учуп келе жаткан каттамдарды убактылуу кабыл алууну токтотту.
Дүйшөмбү күнү ЦАХАЛ Иран тараптан Израилге кайрадан сокку урулганын билдирди. Ошондой эле Иран колдогон хуситтер жайгашкан Йеменден ракета учурулганын маалымдады.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Израилдеги Неватим жана Тель-Ноф авиабазаларына сокку урулганын билдирди. Алар муну Ирандагы үч жерде жайгашкан бир нече радиолокациялык станция аткылангандан кийинки жооп катары мүнөздөдү.
Жекшемби күнү кечинде Иран Израилдин түндүгүнө бир нече ракета учурду. Ирандык командирлер Израилге дагы чоң соккулар болот деп коркутушту.
"Бул бир жолку гана операция эмес, жумага созулчу үзгүлтүксүз соккулардын башталышы",- деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.
"Душман өз аракеттерин токтотмойунча алдыдагы жети күн бою күнү-түнү ракета жана дрондор менен соккулар улантылат. Ирандын аймагына жасалган ар бир чабуулга күтүлгөндөн да катуу жана кыйраткыч жооп кайтарылат",- деп билдирди Ислам революциясынын сакчылар корпусу.
Иран бийлиги Израил Бейрутка сокку уруу менен "бардык кызыл сызыктарды кесип өткөнүн" кошумчалады. Жекшемби күнү Израил Ливандын борборунун түштүк четиндеги "Хезболлага" тиешелүү буталарга сокку урганын билдирген.
Ирандын ракеталык чабуулуна жооп кылып Израил армиясынын Башкы штабынын жетекчиси буйрук берилери менен "душманга чечкиндүү сокку уруларын" айтты. Армия өкүлү "Иран олуттуу жаңылыштык кетиргенин" билдирди.
Трамптын реакциясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШ президенти Дональд Трамп Axios басылмасына берген маегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхудан жооп кайтарбоону өтүнөрүн айтты. Анын пикиринде, мындай кадам Иран менен мүмкүн болгон келишимге тоскоол болушу ыктымал.
Кийинчерээк ал Financial Times басылмасына телефон аркылуу берген маегинде Нетаньяху АКШ Иран менен түзгөн кайсы гана келишим болбосун кабыл алууга аргасыз болорун билдирди.
"Анын башка чарасы жок",- деди Трамп. "Чечимдерди мен кабыл алам. Бардык чечимдерди мен чыгарам. Ал [Нетаньяху] чечим кабыл албайт".
Трамптын айтымында, Ирандын соңку соккулары "келишимге эч кандай таасир тийгизген жок".
"Эмне менен бүтөрүн көрөбүз",- деди ал Financial Times басылмасына. "Бул окуялар эсептөө ыкмасына жараша үч миң жылдан бери же кырк жети жылдан бери уланып келе жаткан маселелердин бири".
Fox News маалыматына ылайык, Трамп Иранга да кайрылуу жасаган: "Жетишет. Сүйлөшүү үстөлүнө кайра кайткыла".
Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президенти Израилдин Бейрутка жасаган соккуларына да нааразылыгын билдирген.
"Чыңалуунун күчөшү АКШнын таасири канчалык деген суроо жаратууда"
Би-Би-Синин Бейруттагы кабарчысы Жон Садворт:
"Израил менен Ливан жаңжалынын алкагында Бейрут геосаясий талаага айланды.
Борбордо болуп жаткан окуялар өлкөнүн түштүгүндөгү согуштук аракеттер менен салыштырганда анчейин байкалбай калды. Ал жакта Израилдин кургактагы операциялары жана абадан жасалган бомбалоолору күн сайын уланып, соңку апталарда дагы күчөдү.
Бирок саясий себептерден улам Бейрутка өзгөчө мамиле жасалып келген. Акыркы жумаларда бир же эки жолу максаттуу сокку урулганы менен, АКШнын кысымы Бейруттагы Израилдин аракеттерин токтотууга жардам берип жаткандай.
Бүгүн бул абал өзгөргөндөй сезилет. Буга Бейруттун түштүк четиндеги көп кабаттуу турак-жайга урулган сокку гана себеп эмес. Ал чабуулдан кийин көптөгөн адамдар жаракат алып, шашылыш түрдө ооруканаларга жеткирилди, каза болгондор тууралуу да маалыматтар түштү. Мындан тышкары, Израил армиясы мындай аракеттер уланышы мүмкүн экенин эскертти.
"Уландысы болот",- деп жазды ЦАХАЛдын өкүлдөрүнүн бири X социалдык тармагына. Израил армиясынын мындан ары дагы аракеттер болушу мүмкүн деген эскертүүсүнөн кийин Бейрутка сокку урулду.
Израил өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, ошол эле күнү "Хезболланын" эки реактивдүү снаряды чек арадан өткөн. Кийинчерээк бул үчүн жоопкерчиликти топтун өзү моюнуна алды. Бул Израилдин чыдамы акыры түгөнгөнүн көрсөткөндөй болду.
АКШнын басымына карабастан, Израил өз коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептесе, Бейрутка сокку урууга укугу бар экенин дайыма айтып келет.
Бирок бүгүнкү чабуул көпчүлүк кооптонуп келген чыңалуунун күчөшү тууралуу эскертүүлөрдү кайрадан жандандырды.
Вашингтондон келген маалыматтарга ылайык, Трамп бул соккуга уруксат берген эмес. Бул жагдай АКШнын израилдик өнөктөшүнө канчалык деңгээлде таасир эте алаары тууралуу суроо жаратты. Ошондой эле үч ай мурда чоң ишеним менен башталган согуштан чыгууга аракет кылып жаткан дүйнөдөгү эң ири держава үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чөйрөсү тарып баратканын көрсөтөт".



























