Президенттик шайлоо: төрт талапкер 30 миңден ашык кол топтоду

Кыргызстанда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 11 адамдын төртөө талапкер катары катталуу үчүн зарыл болгон 30 миңден ашык кол топтоду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын кол топтоо боюнча электрондук системасындагы жана "Түндүк" тиркемесиндеги 21-ноябрдагы маалыматка ылайык, учурдагы президент Садыр Жапаровду 60 миң шайлоочу колдогон. Аймен Касенов 34 миң 255, Исхак Масалиев 35 миң 723, ал эми Сыймык Жапыкеев 31 миң 140 кол топтоду. (кол тамгалар саны жаңыланып турат)
Калган жети талапкердин көрсөткүчү азырынча 30 миңге жете элек. Кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат.
Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкер катары катталуу үчүн жаран кеминде 30 миң шайлоочунун колдоосун алышы керек. Мындан тышкары, талапкер шайлоо күрөөсүн төлөп, каттоо үчүн зарыл болгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырууга тийиш.
Кол топтоо аяктагандан кийин БШК берилген колдордун аныктыгын текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыгында талапкер мыйзамда белгиленген сандагы ишенимдүү кол топтогону ырасталса, ага тиешелүү документ берилет. Ошондон кийин гана талапкер расмий каттоодон өтө алат.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин жүрүп, жалпысынан 11 адам шайлоого катышуу тууралуу арызын беришти. Алардын баары өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катары катталышты.
"Түндүк" тиркемеси аркылуу шайлоочулар бир нече талапкерди колдой алышат, бирок бир эле талапкерге бир жолу гана кол коюуга укуктуу.
Кол тамга чогултуу жараяны 8-декабрга чейин уланат. Ал эми президенттикке талапкерлерди расмий каттоо 23-декабрга чейин аякташы керек.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Президенттик шайлоого кимдер катышууга ниеттенүүдө?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин арасында азыркы президент Садыр Жапаров, мурдагы депутаттар, мамлекеттик кызматта иштегендер, ишкерлер жана коомдук-саясий ишмерлер бар.
Алардын ичинен Садыр Жапаров өлкөнүн аракеттеги президенти. Ал 2021-жылдын январында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Эми ал президенттик кызматка экинчи мөөнөткө калуу ниетин билдирүүдө.
Мурдагы депутаттардын арасында "Коммунисттер" партиясынын төрагасы Исхак Масалиев жана экс-депутат Бактыбек Калмаматов бар.
Масалиев бир нече чакырылыштагы парламенттин депутаты болуп, 2012–2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматын жетектеген. Ал мурдагы мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин уулу. Калмаматов болсо 2010–2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал 2021-жылдагы президенттик шайлоого да катышып, 6 миң 893 добуш алган.
Саясий чөйрөдө Сыймык Жапыкеев да таанымал. Ал 2020-жылы коррупцияга каршы билдирүүлөрү менен коомчулукка кеңири таанылып, "Чоң Казат" кыймылынын лидерлеринин бири болгон. Ошол эле жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген. Кийин Ысык-Көл облусунун прокурору болуп иштеген.
Дагы бир талапкер - Клара Сооронкулова. Ал юрист, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы. 2021-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 14 миңден ашык добуш алган. Ошондой эле "Реформа" саясий партиясын жетектеген.
Мамбетжунус Абылов да мамлекеттик кызматта жана дипломатиялык чөйрөдө иштеген. Ал мурда Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Кыргызстанды Малайзияда жана Түркияда элчи катары өкүлчүлүк кылган. 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин сот тарабынан акталган.
Талапкерлердин арасында ишкерлер да бар. Аймен Касенов мунай-газ тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп, кийин Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. Акай Кыдыров эл аралык логистика тармагында иш алып барган ишкер катары көрсөтүлүүдө.
Бакытбек Адылов Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик миграция кызматынын мурдагы жетекчиси. Азамат Эсенбеков болсо финансы тармагында жана мамлекеттик башкаруу системасында иштеп, Чүй облусунун Москва районунун акими болгон.
Талапкер болууга ниетин билдиргендердин арасында коомчулукка азыраак таанылган адамдар да бар. Алардын бири - Амур Айба Медер. Анын коомдук жана кесиптик ишмердүүлүгү тууралуу ачык булактарда маалыматтар чектелүү.

































