"Путин менен Си бизге дос эмес". Батыш Трамптын Шэньчжэндеги саммитин кандай кабыл алды?

SPUTNIK/KREMLIN POOL/EPA/Shutterstock
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхтагы алгачкы үч тараптуу жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында тараптар "Тынчтык декларациясын" кабыл алышты. Документте Украина менен Иран тууралуу сөз болгон жок. Анын ордуна БУУну реформалоо жана Эл аралык кылмыш сотунун ишмердүүлүгү тууралуу маселелер камтылды. Дональд Трамп, Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин жолугушуусун Батыш өлкөлөрү кандай кабыл алды?

Саммиттин катышуучулары жолугушууга оң баа беришти. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны "позитивдүү, конструктивдүү жана натыйжалуу" деп мүнөздөдү. Орусиянын президенти Владимир Путин кытай лидери "өз ара кызыкчылык жараткан айрым маселелер боюнча пикир алмашууга эркин шарт түзө алганын" белгиледи. Дональд Трамп NBC телеканалына берген маегинде жолугушууну 10 баллдык шкаладан 12 баллга баалады.

Европанын реакциясы

Германиянын канцлери Фридрих Мерц бейшемби күнү Берлинде өткөн "Каалоочулар коалициясынын" жыйынынан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында, "Ялта форматы Европага тынчтык алып келбейт",- деп билдирди. Ошондой эле ал Шэньчжэндеги үч тараптуу жолугушууну "сүрөткө түшүү иш-чарасы" деп атады.

Евробиримдиктин лидерлери саммит боюнча азырынча өз пикирин билдире элек. Үч өлкөнүн декларациясы жарыялангандан бир нече мүнөт өткөн соң Еврокомиссиянын басма сөз катчылары менен кезектеги брифинги өтүп, анда документке комментарий берүүдөн баш тартышты. Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын өкүлү Кристиан Виганд Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде баш катчы Антониу Гутерриш сунуштаган реформаларды, Эл аралык кылмыш сотун колдой турганын гана белгиледи.

"Интерфакс-Украина" агенттигинин журналистти берген суроого жооп берип жатып, Дональд Трамптын Путин менен учурашканы тууралуу Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Паула Пиньо, "Биз достук мамилелерге комментарий бербейбиз",- деп жооп берди.

Шэньчжэндеги жолугушууда Трамп Орусия президенти менен учурашып жатып, "Бул менин досум",- деген. Трамп Си Цзиньпинди да досум деп атап, экөөнүн ортосунда "өзгөчө мамиле" бар экенин айткан.

Путин менен Трамптын ортосундагы "достук", саммиттин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларациядан кем эмес талкуу жаратты. Маселен, Польшанын премьер-министри Дональд Туск, "Президент Трамп Путинди өзүнүн досу деп эсептесе да, "досумдун досу менин да досум" деген принцип бул учурда эч кандай колдонулбай турганы анык",- деп белгиледи.

АКШ Конгрессинин эки партиясынын тең айрым мүчөлөрү Дональд Трамптын өлкөнүн геосаясий атаандаштарына карата жылуу сөздөрүн нааразычылык менен кабыл алышты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Юта штатынан шайланган республикачыл сенатор Жон Кёртис Би-Би-Сиге электрондук кат аркылуу берген жообунда, "Президенттин Азиядагы жолугушууларынын жүрүшүндө айтылган милдеттенмелер, айрыкча өзөктүк согушка эч качан жол берилбеши керектигин моюнга алуу мени кубандырды",- деп жазды.

Ошол эле учурда ал, "Владимир Путин менен Си Цзиньпин бизге дос эмес",- деп баса белгиледи.

"Аларга биздин баалуулуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды бөлүшкөндөй мамиле кылбашыбыз керек. Болбосо улуттук коопсуздугубузга коркунуч жаралып, союздаштарыбыздын ишеними солгундап, Американын позициясы тууралуу жаңылыш түшүнүк калыптанышы мүмкүн",- деп кошумчалады сенатор.

Сенаттын Тышкы байланыштар комитетиндеги азчылыкты жетектеп жаткан демократ Жин Шахин (январдан тарта бул комитетте демократтар көпчүлүктү түзөт) мындан да катуу билдирүү жасады.

"Президент Трамптын "досу" - согуш кылмышкери жана киши өлтүргүч",- деп жазды ал X социалдык тармагына. Ал Владимир Путинди айтты.

Anadolu via Getty Images

Эл аралык кылмыш соту, БУУ жана саясий аброй

"Декларациядагы эң кызыктуу жагдай, эл аралык нормаларга жана сотторго каршы чыгуу. Ири державалар өз шарттарын таңуулап, чакан мамлекеттер анын азабын тартышат",- деп билдирди Королдук бириккен коргонуу изилдөөлөр институтунун өкүлү Жонатан Эйял Reuters агенттигине.

Анын айтымында, бул жолугушуу Путиндин позициясын бекемдеп, анын эл аралык аренадагы обочолонгон лидер деген абалдан чыгышына өбөлгө түздү. Трамп үчүн бул "анын анчалык деле муктаж болбогон фотосессиясы" болду.

Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчысы Энтони Зуркер белгилегендей, Дональд Трамп үч тараптуу жолугушууга чектелүү күн тартиби жана так аныкталбаган олуттуу маселеси жок эле барган. Жыйынтыгында ал саммиттен көп деле нерсе алган жок.

"Салтанат менен шаан-шөкөт Трамп эң көп каалаган нерсе болушу мүмкүн",- деп эсептейт кабарчы.

"Акыркы убакта АКШнын нааразылыгына кабылып келген Эл аралык кылмыш сотун айыптаган билдирүүлөрдү байкабай коюу кыйын",- деп кошумчалайт Зуркер.

Анын айтымында, эгер дүйнөдөгү үч ири державанын лидерлери кайсы бир маселеде бир пикирге келе алышса, анда бул - эл аралык укуктун сакталышын камсыздоого аракет кылган көп тараптуу глобалдык уюмдар анын аткарылышын талап кылууга реалдуу таасир этүүчү механизмдерге ээ болбошу керек деген маселе.