"Кызматкердин катасы": Президенттикке талапкерлердин тизмесине кирип калган ысым боюнча түшүндүрмө берилди

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кечээ, 18-ноябрда "Түндүк" порталында президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, каттоодон өткөндөрдүн арасында Айбек Солпиев аттуу жарандын аты-жөнү пайда болуп, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Бул боюнча "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурлан Айдиев Би-Би-Сиге маалымат берип, анын кантип талапкерлердин катарына кошулуп калганын айтып берди.

Анын айтымында, Айбек Солпиев мекеменин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери. Ал системаны текшерүү учурунда өзүнүн аты-жөнүн талапкерлердин тизмесине жаңылыш киргизип алган.

"Кызматкерибиз өз ишин аткарып, системаны текшерип жаткан. Текшерүү учурунда өзүнүн аты-жөнүн талапкерлердин катарына кошуп алыптыр. Бизде тесттик жана негизги система бар. Ал тесттик системада иштеп жатам деп ойлоп, жаңылыштык менен негизги системага кирип алган. Муну байкагандан кийин бир сааттын ичинде эле системадан алып салдык",- деди Айдиев.

Ал бул окуя башка талапкерлердин чогулткан кол тамгаларынын санына жана системанын иштешине эч кандай таасир тийгизбегенин билдирди. Системага сырттан эч ким кирбегенин, бул мекеменин ичиндеги кызматкердин катасы болгонун кошумчалады.

Айдиевдин айтымында, аталган кызматкердин милдети маалыматтык системаларды текшерүү, алардын ишиндеги кемчиликтерди аныктоо.

Ал окуядан кийин ички иликтөө жүргүзүлүп, мекеменин маалыматтык инфраструктурасы толугу менен каралып жатканын айтты. Ички иликтөөнүн жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алына турганын билдирди.