Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жоопкерчиликке тартууну талап кылууда

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жана сотторду жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Ал Кыргызстандын башкы прокуроруна жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасынын атына жазган арызын Facebook баракчасына жайгаштырды.

Жээнбековдун катында 10го жакын кызмат адамдын ишине укуктук баа берүү өтүнүчү айтылган.

Аларды Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартууну суранган.

2022-жылы мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим саясий жаңжалды жараткан. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин берилишине каршы болгон 27 адам 2022-жылдын октябрь айында кармалган.

Алар "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айыпталган.

Бул кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлуп, соттук териштирүүлөр жабык эшик артында өткөн.

2024-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту бул иш боюнча айыпталган 27 адамдын 22син актап, тергөө абагында кармалып келген сегиз айыпталуучуну сот залынан бошоткон. Акталгандар мындай чечимди күтпөгөнүн билдирип, сот адилет чечим чыгарганын айтышкан.

Бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-мартта шаардык сот бул иш боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруучу чечимин чыгарган.

Равшан Жээнбеков болсо кийин "Кой-Таш" иши боюнча айтыпталып, 2025-жылы 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабанан 7 жыл 8 айга соттолгон.