Дүйнө чемпионаты: футбол жылдыздарынын соңку кармашы

ва

Сүрөттүн булагы, BBC/Getty Images

    • Author, Евгений Бунтман
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Футбол дүйнөсүндө төрт жылда бир болчу негизги окуя – футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июнда башталат. Турнир бир айдан ашык созулуп, 19-июлда Ист-Ратерфорд стадионунда финалдык оюн менен жыйынтыкталат. Би-Би-Си чемпионаттын алдында эмнелерди билүү керектигин айтып берет.

Тарыхтагы эң масштабдуу оюн

1930-жылы өткөн биринчи Дүйнөлүк чемпионатка 13 команда катышкан эле. Быйыл 48 команда катышат — бул чемпионаттын тарыхындагы рекорд. Жалпысынан үч өлкөдө (дагы бир рекорд) 104 матч ойнолот.

ФИФА катышуучулардын санын тынымсыз көбөйтүп келет. 1998-жылы чемпионатка 32 команда катышкан: бул формат 2022-жылга чейин сакталып, оптималдуу көрүнгөн. Бирок кийин ФИФА буга чейин Дүйнөлүк чемпионатка сейрек катышкан же эч качан катышпаган өлкөлөрдө футболго болгон кызыгууну арттыруу үчүн турнирди бир жарым эсе кеңейтүүнү чечкен.

Күйөрмандардын кыжырын келтирип жаткан дагы бир рекорд бар – билеттердин баасы буга чейин болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Ал тургай АКШдагы уюштуруучулар билеттерди жогорулатылган баада кайра сатууга адаттагыдай чектөөлөрдү коюшкан жок, мындан алып сатарлар албетте пайдаланып жатышат.

Буга кошумча АКШнын президенти Дональд Трамп менен ФИФАнын президенти Джанни Инфантинонун "өзгөчө мамилелери" да турнирге кызыгууну арттырды. Футболдун чоңу АКШ президентинин аты жазылган бейсболка кийгенден тартынбайт, ал эми декабрда Трампка атайын ал үчүн түзүлгөн "ФИФАнын тынчтык сыйлыгын" тапшырган.

Сүрөттө: Джанни Инфантино жана Дональд Трамп футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык этабынын чүчүкулак кармоо салтанатында

2018-жылы эле Инфантино "Саясат футболдон, ал эми футбол саясаттан алыс болушу керек" деп айткан эле. Бирок учурда Нью-Йоркто Трамптын мунарасында ФИФАнын жаңы кеңсеси бар, ал эми Инфантино футболго эч кандай тиешеси жок иш-чараларга, мисалы, 2025-жылдын октябрь айында Египеттеги саммитке чакырылган. Бул саммитте Газа тилкесиндеги кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган болчу.

Турнирдин форматы

Катышуучулардын саны көбөйгөндүктөн, чемпионаттын форматы да кыйла татаал болуп калды. Буга чейин (1998-жылдан 2022-жылга чейин) жөнөкөй болчу: 32 команда 8 топко бөлүнчү. Кийинки баскычка ар бир топтон эң күчтүү эки команда чыгып, утулган эки команда үйүнө кайтчу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эми плей-офф 1/16 финалдык баскычынан башталат, башкача айтканда, экинчи баскычка 32 команда чыгат. Топтук этапта катышуучулар 4 командадан болуп 12 топко бөлүнүп, биринчи эки орунду ээлеген курама командалар, ошондой эле үчүнчү орунду ээлегендердин ичинен мыкты 8 команда плей-оффко чыгат.

Оюндар үч өлкөдө – АКШда, Канадада жана Мексикада жайгашкан 16 стадиондо өтөт.

АКШ Дүйнө чемпионатын 1994-жылы өткөргөн, бирок бул жолу оюндар таптакыр башка америкалык стадиондордо өтмөкчү. Жалпысынан АКШда оюн өтчү 11 стадион бар. Алар: Ист-Ратерфорд (Нью-Йорк/Нью-Жерси), Даллас, Канзас-Сити, Хьюстон, Атланта, Сан-Франциско, Филадельфия, Лос-Анджелес, Сиэтл, Бостон жана Майами.

Мексикада үч стадион бар: 1970-жылы жана 1986-жылы Дүйнө чемпионаттарын өткөргөн Мехикодогу белгилүү "Ацтека" стадиону, ошондой эле Гвадалахарадагы жана Монтерреедеги стадиондор.

Сүрөттө: Мехикодогу "Ацтека" стадиону ушуну менен үчүнчү жолу футбол боюнча Дүйнө чемпионатын кабыл алууда.

Канадада эки стадион бар – Торонтодо жана Ванкуверде. Бул өлкөдө Дүйнө чемпионаты биринчи жолу өтмөкчү.

Финалдык оюн Ист-Ратерфорддогу MetLife стадионунда өтөт. Бул шаар Нью-Жерси штатынын аймагында жайгашкан, бироқ Манхэттенге чейинки аралык болгону 11 км түзөт. 2010-жылы курулган MetLife аренасында Улуттук футбол лигасынын (УФЛ) "Нью-Йорк Джайентс" жана "Нью-Йорк Джетс" (америкалык футбол жөнүндө сөз болуп жатат) клубдары ойнойт.

Сүрөттө: Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 19-июлда Ист-Ратерфорддогу MetLife стадионунда өтөт.

Фавориттер жана аутсайдерлер

Ар бир Дүйнө чемпионатында титулга ыктымалдуу талапкерлердин тизмеси 7-8 команда менен чектелип келет. Биринчи кезекте бул буга чейин кубокту утуп алган командалар: Аргентина, Франция, Испания, Англия, Бразилия. Букмекерлердин баамында, Германиянын, Нидерланддын жана Португалиянын башка гранддарынын мүмкүнчүлүктөрү бир аз азыраак. Булардан башка команданын жеңиши сенсация болмокчу.

Көпчүлүк учурда тигил же бул курама команданын ийгилиги кокустукка эмес, оюнчулардын физикалык абалына көз каранды болот. Көпчүлүгү узакка созулган сезондун аягына өзгөчө 60-70 оюн өткөргөн топ-клубдардын оюнчулары жаракат алып, абдан чарчап жетишти.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Аргентина төрт жыл мурункудай эле табында. Дарбазачы Эмилиано Мартинес ("Астон Вилла"), жарым коргоочулар Энцо Фернандес ("Челси"), чабуулчулар Лаутаро Мартинес ("Интер") жана Хулиан Альварес ("Атлетико" Мадрид) – бардык эле курама команда мындай мыктылар менен мактана албайт. Анан албетте, Лионель Мессини да унутпаш керек.

Франциянын курама командасы андан да таасирдүүдөй көрүнөт: коргоодо Вильям Салиба ("Арсенал") жана Ибраим Конате ("Ливерпуль"), жарым коргоодо Орельян Тчуамени ("Реал" Мадрид) жана легендарлуу ардагер Нголо Канте ("Фенербахче"), чабуулда Килиан Мбаппе ("Реал" Мадрид), Усман Дембеле жана Брэдли Барколь (экөө тең "ПСЖ"), Маркус Тюрам ("Интер"), Майкл Олисе ("Бавария") жана Райан Шерки ("Манчестер Сити") сыяктуу мыкты оюнчулар бар.

Европанын учурдагы чемпиону Испаниянын курама командасында 2024-жылдын каармандары жана жаш оюнчулар бар. Баарынан көбү "Барселонанын" футболчуларынын курамында – бул биринчи кезекте Педри, Ферран Торрес жана Ламин Ямаль. Көп жылдардан бери биринчи жолу Дүйнөлүк чемпионатка Мадриддин "Реал" командасынын бир дагы испан оюнчусун алышкан жок. Бирок, клуб башка курама командаларда толук бар.

Англия Дүйнө чемпионатында жеңишке жетишкен, бирок бул туура 60 жыл мурун, 1966-жылы болгон. Англиянын курама командасынын катарында жок дегенде бир жолу талаага чыккан футболчулардын ичинен үчөөнүн гана көзү тирүү. Ар бир жолу Англияны фавориттердин бири деп эсептешет, бирок алар дайыма үмүттү өчүрүп келишет. 2018-жылы Англиянын курама командасы жарым финалга чейин жетип, Хорватияга утулуп калган. Андан кийин англичандар Европа чемпионатынын финалында эки жолу (2021 жана 2024) ойноп, бирок экөөндө тең жеңишти колдон чыгарышкан. Команданын башкы жылдызы – өз клубунда мыкты сезон өткөргөн борбордук чабуулчу Харри Кейн ("Бавария").

Бразилия бул жолу фаворитке окшобой турат. Командада мыкты жылдыздар бар, бирок дээрлик ар бирине суроолор да аз эмес. Винисиус ("Реал Мадрид") жана Эндрик ("Лион") оор мүнөзү менен белгилүү. Каземиро ("Манчестер Юнайтед") сезондун аягында мыкты оюн көрсөтүп, клубду Англиянын Премьер-лигасында үчүнчү орунга алып чыкты, бирок 34 жаштагы футболчу буга чейинкидей ылдамдыгын жана чыдамкайлыгын көрсөтө албай калды. Ал эми Неймарга ("Сантос") келе тургак болсок, ал карьерасынын башынан бери эле оор жаракаттардан жапа чегип келет жана бул жолу анын саламаттыгында көйгөй жаралбайт деген кепилдик жок.

Португалиянын бир чоң артыкчылыгы бар, бирок ошол эле маалда ал кемчилиги да болушу ыктымал. Бул – Криштиану Роналду, ал дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, карьерасын эстен чыккыс кылып жыйынтыктоону кыялданып жүрөт. Бирок курама команда рекорддорго гана умтулган башкы жылдыздын барымтасында калгандай болду. Португалиянын дагы башка күчтүү оюнчулары бар. Алар: "Манчестер Юнайтеддин" капитаны Бруну Фернандеш, "ПСЖдан" Жоау Невеш жана Витинья, "Манчестер Ситиден" Бернарду Силва, бирок алар экинчи планда калып жатышат.

Дагы кимдерге көз салып турса болот?

Биринчи кезекте Норвегияны байкап туруш керек: акыркы жылдардагы дүйнөнүн башкы форварды Эрлинг Холанд акыр соңунда Дүйнө чемпионатына катышмай болду. Мындан тышкары, Лондондун "Арсеналынын" капитаны Мартин Эдегор да чемпионатта ойнойт.

Планеталык масштабдагы сенсациялар көп деле боло бербейт. Бирок 2022-жылы, мисалы, Марокконун курама командасы жарым финалга чейин жеткен, ал эми 2002-жылы Түркия менен Түштүк Корея бир эле маалда ушул баскычка жетишкен. Бирок мындай ийгиликти алдын ала болжолдоо дээрлик мүмкүн эмес.

Африканын курама командаларына, биринчи кезекте Марокко менен Сенегалга көз салып турса болот.

Дүйнө чемпионатында кимдерди көрбөйбүз?

Төрт жолу дүйнө чемпиону болгон Италия бул жолу Босния жана Герцеговинага утулуп, кайрадан чемпионаттан куру калышты. Италиянын А Сериясы дүйнөдөгү эң күчтүү лигалардын бири. Бирок улуттук курама ушуну менен үчүнчү жолу башкы турнирге чыга албай жатат.

2021-жылы Европа чемпионатынын жарым финалына чыккан Дания да бул жолу Дүйнө чемпионатына өтө албай калды.

Африканын тандоо турниринен континенттин эң күчтүү курама командаларынын бири Нигерия да өтө алган жок.

Командалары Дүйнө чемпионатына өтө албай калган көптөгөн футбол жылдыздарын да көрбөйбүз.

Ардагерлердин парады

Бул Дүйнө чемпионаты супер жылдыздардын бүтүндөй мууну үчүн акыркысы болот.

38 жаштагы аргентиналык Лионель Месси мүмкүн болгон жеңиштердин баарына жете алды. Ал Дүйнө чемпионатында, Америка кубогунда (эки жолу), "Барселонанын" курамында Испания чемпионатында (10 жолу), "ПСЖнын" курамында Франция чемпионатында (эки жолу), Чемпиондор лигасында (4 жолу) уткан. Ал сегиз жолу футболдогу башкы жеке сыйлыктын – "Алтын топтун" ээси болгон.

2023-жылдан бери Месси америкалык футбол лигасында – MLS'те ойноп келет. Бул Дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркысы болуп калышы мүмкүн.

Бул муундун дагы бир мыкты оюнчусу Криштиану Роналду (41 жашта) жашоодогу башкы максаты дүйнөлүк кубок экенин жашырбайт. Португалиялык футболчу Чемпиондор лигасында беш жолу жеңишке жетишкен ("Манчестер Юнайтеддин" жана "Реал Мадриддин" курамында), Европанын чемпиону болгон, Англиянын, Испаниянын жана Италиянын чемпиондуктарын жеңип алган, бирок дүйнөнүн башкы кубогун колуна ала элек.

Криштиану Роналду 2022-жылдын декабрынан бери Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунда ойноп келет. Португалиянын курама командасынын капитаны үчүн да 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты акыркысы болушу мүмкүн.

Белгилүү ардагерлердин ичинен дагы кимдер Дүйнө чемпионатына акыркы жолу катышууда:

Лука Модрич (40 жашта, Хорватия) – "Реалдын" курамында Чемпиондор лигасынын көп жолку жеңүүчүсү жана 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси;

Мануэль Нойер (40 жашта, Германия) – "Бавариянын" легендарлуу дарбазачысы, 2014-жылдын дүйнө чемпиону;

Мохаммед Салах (33 жашта, Египет) – "Ливерпульдун" курамында Англиянын эки жолку чемпиону;

Сон Хын Мин (33 жашта, Түштүк Корея) – Азиядан чыккан эң белгилүү футболчу, учурда MLS'те ойнойт;

Эдин Джеко (40 жашта, Босния жана Герцеговина) – "Манчестер Сити", Италиянын "Рома" жана "Интер" командаларынын мурдагы оюнчусу, быйыл Германиянын "Шалькесине" Бундеслигага кайтып келүүгө жардам берди;

Кевин де Брюйне (34 жашта, Бельгия) – Англиянын алты жолку чемпиону, учурда Италиянын "Наполи" клубунда ойнойт.

Футболго тиешеси жок көйгөйлөр

Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин Түндүк Американын үч өлкөсүндө Дүйнө чемпионатын өткөрүү идеясы баштагыдай сонун көрүнбөй калды.

Экинчи президенттигинин алгачкы айларында эле Трамп Канада менен чатакташа кетип, "бул өлкөнү аннексиялап алып, АКШнын 51-штаты деп жарыялайм" деп коркуткан.

Мексика менен да мамилелер чеке жылытпайт: чек арада тургузулган бийик дубал Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн, андан кийин анын миграциялык саясатынын символдорунун бирине айланды. Буга кошумча, 2026-жылдын февраль айында, чемпионатка төрт ай калганда, Мексикада эң белгилүү баңгизат барондорунун бири Эль Менчонун өлүмүнөн кийин бийлик менен баңги картелдеринин ортосунда чыныгы согуш башталган.

Куралдуу тирешүү Мексикада өтө турган Дүйнө чемпионатына таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуулар жаралды. Бирок, баңгизатка каршы согуштар өлкө үчүн эчак эле көнүмүш көрүнүшкө айланган, ал эми башаламандыктар көп өтпөй токтоду. "Жалпысынан алганда, картелдер футбол боюнча Дүйнө чемпионатын тынч өткөрүп, мындан экономикалык пайда табууга кызыкдар", - деди Би-Би-Сиге берген маегинде чөлкөм боюнча адис, Ноттингем университетинин кылмыш-жаза укугу кафедрасынын доценти Хавьер Эскауриаца.

Мындан тышкары Дүйнө чемпионатына бир жыл калганда Трамп Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 12 өлкөсүнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салуу жана дагы жети өлкөнүн жарандарына чектөө киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Американын президентинин кара тизмесинде Дүйнө чемпионатына катышчу эки өлкө – Гаити жана Иран да бар. Бирок жарлыкта ири спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген спортчуларга бул тыюунун тиешеси жок экени айтылган. Анткен менен бул жарлыктын таасири күйөрмандарга жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө тийди.

2026-жылдын башында Ирандын айланасындагы окуялар кескин өзгөрдү, ал тургай Иран Дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартышы ыктымал экенин билдирди.

Февралдын этегинде АКШ менен Израил Иранга чабуул койгондон кийин "Ирандык футболчулар АКШда кантип ойной алат?" деген суроо жаралды.

Ирандык аткаминерлер кээде команда мындай шарттарда ойнобойт деп билдирсе, кээде чемпионатка катышууга макулдугун берип келишкен. ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Ирандын матчтарына катышып, Тегерандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп турган. Жыйынтыгында команда чемпионатка катышып, бирок ошол эле учурда Мексикадагы стадиондо ойномой болду.

Дагы бир көйгөй май айында пайда болуп, бирок анын саясатка тиешеси жок. Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунун эпидемиясы башталды. 20-майга карата алынган маалыматтарга караганда, Конгодо вирустан каза болгондордун саны 160тан, ал эми аны жуктургандардын саны 600дөн ашты. АКШ, андан кийин Канада вирус жайыла баштаган бардык өлкөлөргө, өзгөчө Конгого катаал карантин шарттарын киргизди.

Конгонун курама командасы Киншаста чогулуп, андан кийин Бельгияда машыгууну улантып, ал жактан АКШга барууну пландап жаткан.

Чемпионатка үч жума калганда АКШ 21 күн мурда Конго Демократиялык Республикасына барган америкалык эмес жарандарга өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Африкалык команданын өкүлдөрү уюштуруучуларды акыркы айларда курама команданын бир дагы оюнчусу өлкөсүнө барбаганын ишендиришти. Убакыт аз калгандыктан, Дүйнө чемпионатына Конгонун курамасы катышпай калат деген сөздөр айтыла баштады.

Жыйынтыгында Конгонун футбол федерациясы Киншастагы машыгууларды толугу менен токтотуп, ФИФАны бардык зарыл чаралар көрүлгөнүнө ишендире алды. Футболчулар оюнга катыша алышат, бирок күйөрмандар стадиондорго киргизилбеши мүмкүн. (ZMa)