АКШ менен Иран бири-бирине кайрадан сокку урду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Дональд Трамп Тегеранды Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык Apache тик учагын атып түшүрдү деп айыптагандан кийин АКШ Иранга сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусу буга жооп катары аймактагы америкалык аскердик базалардагы буталарга чабуул жасалганын жарыялады.
АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына ылайык, америкалык аскерлер тик учактын атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде шейшемби күнү чыгыш убактысы боюнча саат 17:00дө сокку ура башташкан.
"Бул миссия ирандыктардын негизсиз агрессиясына карата тең салмактуу жооп болуп саналат", - деп айтылат АКШнын Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө.
Кийинчерээк АКШнын аскерлери америкалык тик учактын атып түшүрүлүшүнө жооп катары Ирандын абадан коргонуу системалары, жердеги башкаруу пункттары жана радиолокациялык станциялары бутага алынганын такташты.
Бир катар соккулар башталгандан үч саат өткөн соң АКШнын Борбордук командачылыгы миссия аяктаганын кабарлады.
АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Иран бир күн мурун Ормуз кысыгынын аймагында америкалык Apache согуштук тик учагын атып түшүргөнүн билдирди.
"Биздин укмуштуудай армия мага кечээ кечинде ирандыктар патрулдук учуу учурунда Ормуз кысыгында биздин жогорку технологиялуу Apache тик учактарыбыздын бирин атып түшүргөнүн билдирди, -тдеп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында. - Ичинде эки учкуч болгон, экөө тең аман-эсен. Ошентсе да, Кошмо Штаттар бул чабуулга жооп бериши керек".
ABC News телеканалына берген маегинде Трамп Иранга жасала турган жооп иретиндеги соккулар "абдан катуу" болорун эскертти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Биз азыр эле жооп кайтарып жатабыз", - деген АКШ президенти: "Бул алардын кылган ишине, кечээ түнү биздин тик учагыбыз менен кылган ишине жооп, жана мен жооп абдан катуу, абдан кубаттуу болушу керек деп эсептейм, дал ушундай болуп жатат".
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШнын жаңы соккулары боюнча X социалдык тармагында комментарий берди.
"Согуш майданындагы жеңилүүлөрүнө карабай, АКШ биздин чечкиндүүлүгүбүздү сыноону чечти. Биздин кубаттуу куралдуу күчтөрүбүз бир дагы чабуулду же коркутууну жоопсуз калтырбайт", - деп жазды ал. - Эгер аман калгыңар келсе, биздин аймактан чыгып кеткиле".
АКШнын жаңы соккуларына жооп катары Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу аймактагы, анын ичинде Бахрейн жана Иорданиядагы АКШнын базаларындагы 21 бутага сокку урганын жарыялады, ал эми Кувейт чабуулдун алдын алганын билдирди.
Америкалык расмий өкүлдөр өз базаларына жасалган чабуулдар тууралуу маалыматтарга азырынча комментарий бере элек жана кандайдыр бир зыян келтирилген-келтирилбегени белгисиз. Бирок жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, Бахрейнде абадан эскертүү жарыяланып, ирандыктардын чабуулунун мизи кайтарылган.
Ормуз кысыгынын аймагында тик учактын кулап түшкөнү тууралуу маалыматты бир күн мурун New York Times гезити анонимдүү булактарга таянып жазып чыккан. Көп өтпөй аны Трамп да тастыктаган, бирок гезит да, президент да тик учак эмне үчүн кулаганын билдиришкен эмес.
Иран америкалык тик учакты алардын аскерлери атып түшүргөнүн түз айткан жок, бирок Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи Трамптын билдирүүсүнөн кийин көп өтпөй чет элдик аскерлерди Ормуз кысыгынан жана чектеш аймактардан чыгып кетүүгө чакырып, аларга коркунуч бар экенин эскертти.
"Ормуз кысыгы эл аралык суулар эмес, Иран менен Омандын биргелешкен ээлигиндеги аймак... Биздин аймактын жанында жүргөн чет элдик аскерлер адамдык каталардын, кокустуктардын же кайчылаш ок атуунун курмандыгы болуу коркунучу астында турушат", - деп жазды Арагчи X социалдык тармагында.
"Тобокелчиликти азайтуу үчүн алар үчүн эң жакшы чечим - чыгып кетүү", - деп кошумчалады ал.
Трамп өз постун жарыялаганга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы шейшембиге караган түнү Перс булуңунда кулаган Apache тик учагынын эки учкучу куткарылганын билдирген.
Командачылыктын басма сөз катчысы Би-Би-Сиге тик учактын экипажы Бахрейнде жайгашкан америкалык "Task Force 59" учкучсуз системалар боюнча атайын бөлүкчөсүнүн деңиз дрону аркылуу суудан куткарылганын айткан.
Басма сөз катчысынын айтымында, дрон учкучтарды суудан алып чыгып, деңиздеги белгисиз бир жерге жеткирген, ал жерден аларды башка тик учак алып кеткен.































