Ташиевге коюлган кине. "75чилердин ишинде" жашыруун сыр барбы?

Сүрөттүн булагы, коллаж
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 8 мүнөт
Соңку беш жылда Кыргызстандагы эң таасирдүү экинчи саясий фигурага айланган адамга өтө олуттуу кине тагылууда. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, "Ак Шумкар" белгисинин ээси, генерал-полковник жана президенттин досу Камчыбек Ташиев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, бийликти күч менен басып алууга аракет жасоого айыпталууда.
Андан тышкары дагы жети кишиге ушундай эле кине коюлган. Алар да жөнөкөй адамдар эмес: мурдагы спикер, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлер.
Бул иш эмне себептен жабык өтүүдө? Чын эле анда купуя сыр камтылганбы?Төңкөрүш аракети болгонбу же президенттик шайлоо алдындагы саясий күрөшпү?
Би-Би-Си ушул жана башка суроолорго жооп издеп, Ташиев баштаган сегиз адамга тагылган айыптын чоо-жайын талдады.
Биринчи май райондук соту дүйшөмбү жана бейшеми күндөрү өзгөчө тартипте иштеп жатат. Телефонго урусат, бирок журналисттерди камера менен короого киргизишпейт. Себеби бул күндөрү сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келет. Кызматынан алынып, айыпталып жатса да, таасирин толук жоготту деп айтууга болбойт. Ташиевди баштагыдай эле Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарат. Ал келатканда дарбаза ачылып, атайын кызматтын мурдагы төрагасы ак түстөгү, терезеси караңылатылган "Тойота ленд крузер" унаасы менен кирип кетет. Ушундан улам журналисттердин ага суроо узатуу мүмкүндүгү болбой жатат.
Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу менен мурдагы депутат жана башкы прокурор Курманкул Зулушевде мындай артыкчылык жок. Алар унаасын сыртка таштап, өздөрү ичкери жөө киришет. Ушул эки киши - журналисттердин бутасында, элдин назарында. Бул күндөрү Нурланбек Тургунбек уулунун маанайы суз өңдүү. Кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдөн болушунча карманууда. Буга чейин ал мандатынан стабилдүүлүк үчүн баш тартканын, 75чилердин катын көрбөгөнүн, окубаганын айткан:
"Мен ал катты көргөн да, окуган да эмесмин. Ал учурда Түркияда иш сапарда жүргөм. Бирок ал колдон колго эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген".
Курманкул Зулушев сыртынан сыр бербей, шайдоотураак. Ал гана эмес атайын даярданып келип, журналисттерге кыска билдирүү жасаганга да үлгүргөн:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мандат, сот маселеси, айып угузуу боюнча баары бүткөндө маалымат беребиз. Чуркап, бизге дагы, өзүңөргө дагы ыңгайсыздык жарата бербеңиздер. Интервью берүүдөн качканым жок. Кудай буйруса баарын убакыт келгенде айтабыз. Азыр сабыр кылып туруңуздар".
Бул иште үчөөнөн башка дагы беш айыпталуучу бар. Алар мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев жана мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов. Булар баштаган 75 киши президентке жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна ачык кат жолдоп, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүнү өтүнүшкөн эле. Бирок коомчулук бул адамдарды 11-февралдан бери көрө элек. Алар Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин кармалган жана камалган. Алгач бешөөнө "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Булардын мындай иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек. Ошондой эле өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө максатталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен", - деп айтылган ИИМдин билдирүүсүндө.
Сотко аларды тергөө абагынан атайын унаа менен алып келишүүдө. Ал-акыбалдарын адвокаттары аркылуу гана маалым. Маселен, адвокат Акынбек Ногоев Эмилбек Узакбаевдин абалы начар экенин билдирип, аны тергөө абагынан чыгаруу өтүнүчү менен президентке кайрылды.
"Ден соолугу өтө эле начар. Ал боюнча аппеляциялык даттануу бергенбиз. Ал канаттандыруусуз калтырылды. Бирок дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Мүмкүнчүлүктөрдү колдонбуз", - деген Ногоев.
Ташиев соттун ачык өтүшүн өтүнүүдө

Сүрөттүн булагы, коллаж
Эми иштин маңызына токтолсок. Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамга тең "Бийликти күч менен басып алууга багытталган аракеттер" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Бийликти күч менен басып алуу Кылмыш-жаза кодексинде оор берене болуп саналат. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Жактоочулардын маалыматына караганда, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев иште негизги фигуранттар же уюштуруучулар катары өтүп жатат. Бирок алар эркиндикте, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил катка кол коюшкан. Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, калган бешөө "кызмат абалынан кыянат пайдаланып бийликти күч менен басып алууну көздөгөн" делген адамдарга көмөк көрсөтүшкөн деп айтыпталышууда. "Көмөкчү деген" макамдарына карабай, алар тергөө абагында отурушат. Ошондуктан айыпталуучуларга бирдей шарт түзүлбөй жатканын мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров сынга алууда:
"Камактагы беш адамды сыртка чыгарып коюш керек. Тергөө бүттү. Алар тергөөгө, сот жараянына жолтоо боло албайт. Жолтоо болбой турган адамдар. Алардын көрсөтмөлөрү толугу менен алынды. Беттештирүү жүрдү. Буларды камакта кармоого болбойт. Аларды үй камагына чыгарыш керек. Неге берки үчөө тайрандап, эркелеп жүрөшөт, ал эми тиги байкуштар камакта жатышы керек?! Акыйкатсыздык дал ушул жерде жатат".
Коомчулук арасында "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү бул ишке ИИМ жашыруун деген мөөр баскан. Сот аны колдогон. Ошондуктан жараян жабык өтүп жатат. Cаясий тандем менен достукка доо кетирген бул кат социалдык тармактарга ачык эле тараган. Анын мазмуну белгилүү. Катта президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу айтылган. Андыктан сот эмне себептен жабык өтүп жатканы айыпкерлердин адвокаттарына да, саясатчыларга да түшүнүксүз болуп жатат.
"Мыйзам боюнча сот эки учурда жабык өтөт. Биринчи, мамлекеттик сыр камтылган документтер болсо. Менимче, 75 киши кол койгон кайрылууда эч кандай сыр жок. Экинчи, адамдын аброюна шек келтирген, зордуктоо, мыцкаачылык менен өлтүрүү иштери соттун чечими менен жабык өтөт. Калган учурда бардык процесс ачык өтүшү керек", - дейт Азимбек Бекназаров.
18-майда сот жараяны жаңы башталганда саясат талдоочулар иштин жабык каралышына бийлик да, Ташиев да кызыкдар болушу мүмкүн экенин божомолдошкон эле. Алар мындай учурда өз ара макулдашуу жана эки тарапты тең канааттандырган чечимге келүү оңой болорун айтып жатышкан. Бирок айрым айыпталуучулардын жактоочулары соттун ачык өтүшүн өтүнүшкөнү белгилүү болду. Бул арада соттун ачык болушун Камчыбек Ташиев да кубаттап жатканы белгилүү болду.
Ташиевдин адовкаты Икрамидин Айткулов сотту ачык өткөрүү боюнча өтүнүч келтиргенин, бирок сот аны канааттандырбаганын айтты: "Өткөн бейшемби күнү ал соттун ачык өтүшүн өтүндү. Элдин баары билиш керек да, ачык болсо жакшы да".
Соттун ачык өтүшүн бир кезде башкы прокурор болуп турган, азыр айыпталуучу макамындагы Курманкул Зулушев да кубаттап жатат:
"Сот ачык өтсө жакшы болмок. Бирок тергөөдө ушинтип [жабык болот деп] чечилиптир. Сот колдогон экен. Ачык сот болуп, коомчулук билгени жакшы да".
Ушул жерден эске салчу жагдай бар, Курманкул Зулушев башкы мамлекеттик айыптоочу болуп турган кезде ушуга үндөш "Кемпирабад" ишине жашыруун деген мөөр басылган. Активист Эрлан Бекчоро айыпталуучулар соттун ачык өтүшүн чындыгында каалашпайт деп эсептейт:
"Эгер чынында ак экенин далилдешсе, алдында канчалаган журналисттер маек ала албай жүрүшөт, маек беришсин. Сот кандай өтүп жатканын, сотто куугунтук болуп жатабы же жокпу, айтып, өздөрүнүн ак экенин далилдешсин да. Булар сөздүн артына жашынган кутумчулдар. Сот ачык өтсүн деп, жөн гана айтып коюшту. Азыр социалдык тармакта айрымдар Ташиевди коргоп жатышпайбы, Ташиев баатыр деп жатышат. Баатыр болсо маек бербейби?! Ак экенин далилдебейби?! Эмнеге качып жүрөт?! Мына, Кемпирабадчылардын мисалында айтсак, биз соттун ачык өтүшүн талап кылганбыз. Журналисттерди көргөндө өзүбүз чуркап барып маек берчүбүз. Ак экенибизди далилдегибиз келчү. Булар журналисттерден качып жүрүшсө, кайдагы ачык сотту айтып жатышат?!"
Эгер айыпталуучулар чындап эле соттун ачык өтүшүн кубаттап жатышса, анда анда иштин жабык каралышына ким жана эмне себептен кызыкдар болушу мүмкүн?
"Мен башында соттун жабык өтүшүнө бийлик да, айыпталуучулар да кызыкдар деп ойлоп жаткам. Бирок айыпкерлердин жактоочулары сот ачык өтсүн деп өтүнүч киргизишиптир. Ошондуктан соттун жабык өтүшүнө бийлик кызыкдар. Анткени бул иште бийлик жарандардын, парламенттин саясий мүмкүнчүлүктөрүн кылмыш кылып жатышат. Ушуну жашыралы деп жатышат. Милиция кызматкерлери, Башкы прокуратуранын кызматкерлери сабатсыздыгын жашырып жатышат. Бул жерде - мамлекеттик сыр күч органдарынын сабатсыздыгы", - дейт юрист Нурбек Токтакунов.
"Сегиз адамдын кылмышын далилдөө оор болот"

Сүрөттүн булагы, фейсбук
Сот жабык өтүп жаткандыктан, Ташиев баштаган сегиз адам бийликти кантип күч менен басып алууга аракет жасаган болушу мүмкүн деген суроонун жообу бүдөмүк бойдон калууда. Ошентсе да коомчулукта түрдүү версиялар талкууланып келет.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Ташиев эмне үчүн кызматтан алынды деген суроого жооп берип жатып, "президентти кызматтан алабыз деп, мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан" деп айткан.
"75чилердин" шайлоону жакын арада өткөрүү чакырыгын – президенттин отставкасын талап кылууга тете кадам катары чечмелегендер да болгон.
"Шакиевдин сүйлөгөнүн угуп калдым. Алар биз көргөн эмеспиз, уккан эмеспиз деп, ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болуп жатышат. Жогорку Кеңештин катардагы кароолчусу болсо, көргөн жокмун деп айтып койсо бир жөн. Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы болуп туруп ошентип айтышканы уят эмеспи. Мен көргөм, уюштургам, ишке ашпай калды, кечирип койгула, күнөөлүүмүн деп эле койбойбу. Саясатчы кылган иши үчүн жоопкерчиликти да ала билиши керек. Түрмөгө кирбеген киши калган жок го, баарыбыз кирип чыктык. Кезек буларда, шашпай кирип чыккыла", - деген саясатчы Бактыбек Калмаматов.
Бул кат парламентте жашыруун каралып, жыйынтыгында өлкө жетекчисине импичмент жарыялоо планы аз жерден жүзөгө ашып кетиши мүмкүн болгону саясий чөйрөдөдө айтылып келет.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ошол эле маалда президентке импичмент жарыялоонун жол-жобосу өтө татаал экенин эске салат:
"Булар төңкөрүш даярдаган, импичмент жарыяламак деп жатышат. Азыркы баш мызам боюнча, импичмент жарыялоо жана аны ишке ашыруу абдан кыйын. Б ул жерде бир гана Жогорку Кеңеш катышпайт, башкы прокурор конституциялык сот катышат. Өзү беш этаптан өтөт. Импичментти ишке ашыруу механизмдери өтө оор, мүмкүн да эмес. Негиз болгон күндө да өтө оор. Ошол себептен импичментти ишке ашарабыз дешкен дегенге мен көп ишене бербейм. Эгер алар төңкөрүшкө даярдык болгон болсо, Кылмыш-жаза кодексинде так көрсөтүлүп турат. Бул үчүн курал даярдоо керек, адам даярдоо керек, дайыма чогулуп турган топ болуш керек, алардын максаты болуш керек. Ошол нерселер барбы-жокпу биз билбейбиз да. Сотту жабык кылбай эле ачык кылып коюшса, даярдык болгон болсо эл билсин да".
Саясатчы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров болсо төңкөрүш аракети жүзөгө ашпаганын, андыктан бул иште Ташиев баштаган сегиз адамдын күнөөсүн далилдөө кыйын болорун белгилеп жатат:
"Сегиз адамдын кылмышы түз далил менен аныкталбайт. Аныктоо кыйын. Анткени кылмыш аягына чыгарылган жок. Даярдоо же аракеттенүү баскычында бөгөт коюлду. Ошондуктан бул кыйыр далилдердин кошулмасында гана далилденет. Сот ошонун негизинде күнөөлүү же күнөөлүү эмес деген чечимге келет деп эсепттейм. Айрыкча Ташиевди, Зулушевди, Шакиевди түздөн-түз ушул аракети үчүн күнөөлүү деп табуу кыйын".
Президент Садыр Жапаров "75чилердин катына" Ташиевдин тиешеси бар-жогун сот аныктай турганын айткан.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоо өткөрүү демилгеси камтылган 75 кишинин чуулгандуу кайрылуусуну парламентке кантип келип түшкөнүнүн чоо-жайы боюнча буга чейин парламентте маалымат берген.
"75 аксакал-көксакалдын каты боюнча коомчулукта кайрылуулар дагы деле болуп жатыптыр. Журналисттер да келип, депутаттардан сурап жатат. Депутаттар дагы менден көп сурап жатышат. Ал тууралуу жалпы маалымат берип коёюн. Менин биринчи эле иш күнүмдө ал кат кайсы жерде деген аныктаманы жүргүзгөнбүз. Анын алкагында ал кат дароо эле Конституциялык комитетке келип түшүп, кароого жиберилгени маалым болгон. Биз жагдайларды, эмне болгонун түшүнбөй, комиссия түзүү чечимин кабыл алганбыз. Менин тескемем менен ички комиссия түзүлгөн. Кагаз кантип бул жакка келгенин, кантип Конституциялык комитетке түшүп кеткенине чейин, бардыгын аныктап чыккан. Бүгүнкү күндө ал жыйынтык ИИМге берилген. Ал жакта тергөө өз жумушун алып барып жатат. Айтып кете турган нерсе – чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан кадимкидей эле күтүп, тосуп алышкан. Процедура боюнча кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары анын колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тийиштүү тапшырмалар берилип, айтылган комитеттин кароосуна чейин бул маселе түшөт", - деген Марлен Маматалиев.
Камчыбек Ташиев ага козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү жасап, эч кандай күнөөсү жок экенин, сотто акталып чыгарын жазган эле.
Саясатчынын тарапташы Мукай Керимбаев болсо ал саясий интригалардын курмандыгы болуп калганын, досу, президент Садыр Жапаровго каршы төңкөрүш жасоо планы болбогонун билдирип жатышат. 75чилердин каты боюнча кармалган башка ишмерлердин жакындары жана жактоочулары да айыптарды четке кагып келишет.
"Шайлоонун алдында саясатчылар дейбизби, активисттер дейбизби учурдан пайдаланып, экөөнүн ортосуна жик салгысы келген күчтөр бар. Бирок биз эки кишини бир киши деп эле билебиз. Президент бир нече жолу Курултайларда да Ташиев президент болобу, мен президент боломбу, айрымасы жок, биз бир адамбыз деген сыяктуу сөздөрдү айткан. Андан кийин Камчыбек Ташиев да коомчулукка мен президент болуп барбайм деп бир нече жолу айтып өттү. Шайлоого бармак эмес", - дейт Мукай Керимбаев.
Бул арада Ташиевдин шайлоого катышуу ниети болгон күндө да ал кылмышпы деп суроо салгандар да жок эмес. Нурбек Токтакунов Камчыбек Ташиевдин соңку беш жылдагы аракеттерин сындап келген юрист. Ыйгарым укугунан аша чаап, ишкерлерге кысым көрсөтүп, жарандык коом өкүлдөрүнүн үнүн басып келгенин айтып, бул үчүн кылмыш иши ачылып, сот алдында жооп бериши керек деп эсептейт. Ошол эле маалда жарандык активдүүлүк, парламенттик демилгелерди кылмышка теңөө өлкө келечеги үчүн опурталдуу ыкма экенин эскертет:
"Өзүңөр билесиңер, башында бийликке сын айтканды кылмышка, төңкөрүш даярдоо аракетине теңеп салышты. Эми парламенттин саясий мүмкүндүктөрүн кылмышка теңеп коюшту. Эми эмне калды? Бирөө президенттикке талапкерлигин койсо, ал деле президентти алып салам деген ой да, аны деле кылмышка теңеп коюшса болот. Ошондуктан аны нейтралдашытырып жатышат".
10-февралда Ташиев кызматтан алынып, президенттик шайоону жакын арада өткөрүүнү өтүнгөн катка кол койгон 75 адам суралып, бешөө камалгандан кийин президент Конституциялык сотко кайрылганы маалым.
Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, Конституциялык сот Жапаровдун президенттик мөөнөтү 2027-жылы январда бүтөт жана ал экинчи жолу шайлоого катыша алат деп чечмелеп берген.
Шайлоого кимдер катышары азырынча беймаалым. Азыртадан эле айрым саясатчылар, анын ичинде мурдагы депутат Ахматбек Келдибеков талапкерлигин койбой турганын, Жапаровду жактарын билдирген.
2021-жылы Жапаров менен кошо 63 киши шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган. Улам иргелип, шайлоо бюллетенине 17 адамдын ысымы киргизилген. Азыр алардын ичинен кеминде экөө, Равшан Жээнбеков менен Имамидин Ташов түрмөдө отурат. Дагы бир талапкер Арстан Алай абакта белгисиз жагдайда көз жумган.































