Равшан Жээнбековдун уулу: "Менин атамды катаал режимдеги зынданда кармоо адилетсиз "

Сүрөттүн булагы, internet
"Кой-Таш" иши боюнча соттолгон мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанбек коомдук сайттар аркылуу президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана укук коргоочуларга кайрылды.
Ал атасынын 8 айдан бери "камералык типтеги, айнегине чейин жабылып чүмбөттөлгөн террористтерди жана диний экстремисстерди кармаган түрмөдө жатканына" көңүл бурулушун өтүндү.
"Менин атам Равшан Жээнбековду террористтерди, диний радикал экстремисттерди камаган катаал режимдеги "зынданда" кармоо адилетсиз жана гумандуулукка жатпайт, коопсуздугуна кепилдик бербейт", - деп жазды Азат Равшан Facebook баракчасына.
Равшан Жээнбеков 2025-жылы 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабанынан 7 жыл, 8 айга соттолгон. Аны менен кошо "Кой-Таш" иши боюнча да20дай адамга чечим чыккан.
Буга чейин 1-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ырайымы менен камактан бошотулган.
Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болуп турган. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Атамбаев 2023-жылдын 14-февралында абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.
Атамбаев сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.
























