Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында сел жүрүп, турак-жайларды каптады

Сүрөттүн булагы, Official
Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында катуу жаандан улам сел жүрүп, турак-жайларды жана социалдык объектилерди суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сел Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман, Отуз-Уул, Үч – Кайнар айылдарын каптап, жалпы 11 турак үйдүн короо жайын жабыркаткан. Андан тышкары Каракол – Эңилчек жолунун жээгин суу жеп кеткен.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Жапа-Салды, Ак-Там, Кызыл-Ата айылдарындагы айрым турак-жайларды да суу каптаган.
Андан тышкары Кербен - Ала-Бука жолунун 23.8-чакырымындагы көпүрөнү суу каптаган. Сары-Талаа айылынан чыга беришиндеги Ала-Бука – Сай жайлоосуна кеткен жолдогу көпүрөнү, Достук айылында 50 метр ички чарбалык жолду суу жеп, каттам убактылуу токтотулган.
Мындан тышкары Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында жалпы 7 турак үйдүн короосун сел каптаган.
Кичи-Ак-Жол–Пионер-Лагерь жолунун 2–3-чакырым аралыгы кум-шагылга толуп калган. Кичи-Ак-Жол–Жолборсту жолунун 3–4-чакырым аралыгындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн бир устунун сел агызып кеткен.
Кара-Камыш айыл аймагындагы Сыны айылында 1 жеңил унааны сел агызып кеткен. Ошондой эле Таш-Көмүр – Кара-Жыгач – Кербен унаа жолунун 45, 48-чакырымын каптап, жол каттам убактылуу жабылган.
Селдин кесепетинен Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн короосун дагы суу каптаган.
Селдин кесепетин жоюуга ӨКМ кызматкерлери атайын техникалары менен тартылып, учурда жеринде иштер жүрүп жатканы айтылат.


























