Орус тарыхчылары кыргыз китептериндеги "колониализм" терминине теригишти

Сүрөттүн булагы, Евгений Разумный, Коммерсантъ
Орусиялык тарыхчылар кыргызстандык кесиптештерине Орусия империясы менен СССРге карата "колониализм" деген терминди колдонбоону сунуштады. Алар Кыргызстандагы тарых сабагы боюнча мектеп окуучулары үчүн жазылган китептерди изилдеп чыгышкан.
18-майда Москвада "Орусиянын аскердик-тарыхый коому" тарых боюнча эксперттик жыйын куруп, ага орус-кыргыз тарыхчылары катышты. Иш-чарага Орус президентинин иш башкармалыгынын жетекчи орун басары Николай Овсиенко баштаган расмий өкүлдөр да катышты.
Жыйынды Орусиянын Илимдер академиясынын окумуштуусу Андрей Быков алып барды, конференциянын жүрүшүндө ал Кыргызстандын тарых китептеринде фактылык каталар көп экенин жана "мифологизация" бар экенине көңүл бурган.
Орусиялык "Коммерсант" басылмасы Быков орусиялык тарыхчыларды тынчсыздандырган эки маселеге токтолгонун жазды.
Биринчи маселе - СССРге болгон мамиле. Орусиянын окуу китептеринде советтик доор көбүнчө өнүгүү, индустриялашуу жана республикалардын өсүшү катары сүрөттөлөт. Ал эми кыргыз китептеринде муну менен катар эле улуттук кызыкчылыктардын чектелиши сыяктуу көрүнүштөр дагы айтылганы орус тарапка жакпай жатат.
Экинчи талаштуу маселе - "колониализм" термининин колдонулушу. Андрей Быков бул сөз жаштар тарабынан өтө эмоционалдуу кабыл алынарын айтып, анын ордуна "администрация" же "административдик саясат" деген жумшагыраак терминдерди колдонууну сунуштап жатат.
"Ала кушту атынан ата"
Конференцияга катышкан тарыхчы, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун директору Абылабек Асанканов мектеп китептеринде "колония" деген түшүнүктөн баш тартуу өтө кыйын экенин айткан. Анын айтымында, кезинде Кыргызстанда колониянын белгилердин баары болгон.
"Ала кушту атынан ата" дейт. Бул жалгыз кыргыздардын же орустардын чыгарган термини эмес. Бул бүткүл дүйнөлүк термин. Анан кантип бул терминден, өзүбүздүн тарыхыбыздан баш тартабыз. Ошол колония акыры жүрүп отуруп 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө алып келбедиби. Биз колония болгонун тана турган болсок, улуттук боштондук кыймылды да танганга барабар болобуз. Мен ошону ачык айттым. Биздин астыбызга ушундай архи татаал маселерди коюп жатасыңар деп айттым ", - деди Абылабек Асанканов Би-Би-Сиге.
Анын айтымында Быков өз докладында "колониализм" деген термин жаштар арасында негативдик жактан кабылданарын айткан жана бул - орус тараптын Кыргызстанга "тарых китептерин кантип туура жазуу керек" деп көрсөтмө берүүгө аракети эмес экенин баса белгилеген.
Быковдун айтымында, ал эки өлкөнүн тарых китептеринен "карама-каршылык жараткан айрым билдирүүлөрдү" алып салууну гана сунуштап жатат.

Сүрөттүн булагы, scientificrussia.ru
Ошондой эле Быков мындай кадам эки өлкөнүн суверенитетине же улуттук кызыкчылыктарына каршы келбей турганын, тескерисинче, ЕАЭБ жана ЖККУ алкагындагы орток кызыкчылыктарды колдоого багытталганын айтты.
Кыргызстан менен Орусиянын Тарых боюнча эксперттик кеңеши былтыр түзүлгөн.
Бул тууралуу меморандумга Орусия президентинин алдындагы тарыхый агартуучулук боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Владимир Мединский жана ошол кездеги Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов кол койгон.
Кыргызстандагы реакциялар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда бул жыйында айтылган "сунуштарга" биринчилерден болуп тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин реакция жасап, кыргыз бийлигинен Орусиянын орток окуу китебин жазуу идеясын токтотууну суранды.
"Оторчулук" сөзүнөн кантип баш тарта алабыз? Аларга эч жем жедирбестен, өз турумубузду ырааттуу сактай беришибиз керек. Алар өздөрүнүн тарыхын каалашынча бурмалап жаза беришсин (өз өлкөсүнүн алкагында), бирок биздин тарыхыбызды өздөрү билгендик кылып бурмалоого эч жол берилбейт. Негизи, алардын жетегинде калууга эч болбойт. Ушул "орток окуу китебин жазуу" идеясынын өзү Орусиянын шовинисттик жана империячыл туруму сакталып турган шартта эч мүмкүн эмес", - деди Чоротегин.
Эл аралык саясат жана мамилелер боюнча эксперт Эмилбек Жороев былтыр Кыргызстан Орусия менен жалпы билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча макулдашууга барганын жана азыркы талкууларды ошонун жыйынтыгы катары баалады. Талдоочу орус тарап үчүн тарых маселеси идеологиялык курал экенине көңүл бурат.
"2025-жылы так ушул багытта, эмнегедир биздин бийлик макул болуп, орус бийлиги менен "орток билим берүү мейкиндигин" түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бүгүнкү талкуу - так ошол келишимдин "жемиши". Албетте, бул талкуу бир эле жолугуу менен бүтпөйт, уланат. Орус тарап үчүн тарых маселеси эң эле кызганычтуу, идеологиялык курал болуп калган, так ушул тарыхый маанилерди талашууну алар украин жерине кол салууда да негиз катары колдонуп келет. Биз негизи мындай жакындаштыруу, ортоктоштуруу деген темага такыр эле киришпегенибиз оң болмок. Өз тарыхын өзү аныктоо, изилдөө, териштирүү - ар бир мамлекеттин өзгөчө эегмендигине маанилүү болгон нерсе", - деп комментарий берди Би-Би-Сиге эксперт.
Саясат талдоочу Венера Акматбекова орус окумуштууларынын эгемен башка мамлекеттин окуу китептерин анализдеп чыкканга, аны оңдогула деп айтканга кандай укугу бар деген суроону койду:

Сүрөттүн булагы, Social media
"Орусия тарап "колониализм" жана "колония" терминдеринин колдонулушу өтө чектен ашуу, негативдүү боёк деп, бул сөздөрдү "администрация", "административдик башкаруу" деп алмаштыруу керек, Орусияны империя катары көрсөтүү туура эместигин белгилешкен. Дүйнөлүк геосаясаттын тарыхында колдонулган терминдер бар. Ал терминдер жөндөн жөн ойдон чыгарылып эле кабыл алына бербейт. Ар бир терминдин артында канча бир процесс жатат, ошол процесстин так критерийлери болот. Ошого туура келсе анан аталат. Орусиянын кыргыздарга жасаган саясаты бардык жагынан колониализмдин чен-белгилерине дал келет, бул тарыхый чындык", - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасында.
Акматбекова орус тарыхчыларынын сунушун "эгемен мамлекеттин эркиндигине кысым көрсөтүү, ички иштерин кийлигишүү" деп сыпаттады.
Кыргыз бийлиги азырынча бул туурасында билдирүү жасай элек.
Колониализм – бул өнүккөн делген өлкөлөрдүн көз карандысыз элдерди басып алышы ("калган дүйнөнү" бийлөө) дегенди түшүндүрөт. Колониализмдин доору деп XVI—XX кылымдарды аташат. Жеткен чеги Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына туура келет. Көп учурда аны империализм менен бирдей коюшат.
Колониалдык саясаттын белгилерине экономикалык жана социалдык эксплуатация кирет. Ошондой эле суверендүүлүктү жоготуу, аймагын басып алуу, оккупация, метрополиянын жашоочуларынын колонияга жер которушу жана аймактарды аннексиялоо жатат.
Экономикалык жактан эксплуатацияга ресурстарды, арзан эмгекти жана башкаларды пайдалануу кирет.
Ошентип, тарых китептериндеги бир эле термин эки өлкөнүн ортосундагы чоң талкууга айланды. Бир тарап аны тарыхый чындык катары көрүп жатса, экинчи тарап колониализм деген түшүндүрмөлөр факттык ката экенин жүйө кылып жатат.


























