"Бир Дүйнө" уюму Свердловдун өлкөгө кирбей калганына тынчсыздануусун билдирди

Сүрөттүн булагы, social
"Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму АКШдан келген профессор Стив Свердловдун Кыргызстанга кире албай калгандыгына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюм өзүнүн расмий сайтына билдирүү жарыялады.
Уюм бул окуяны өлкөдөгү жарандык эркиндиктин абалына байланыштуу кооптоно турган көрүнүш катары баалады.
Эл аралык деңгээлде таанылган окумуштуунун киргизилбей коюлушу, себебинин ачык-айкын түшүндүрүлбөгөнү Кыргызстандын эл аралык беделине жана укуктук принциптерине доо кетириши мүмкүн экенин белгиледи.
"Академиялык тажрыйба алмашуу жана ачык сүйлөшүү коомдун өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Университеттер, студенттер жана изилдөөчүлөр демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошот. Адам укуктары, академиялык эркиндик жана эл аралык кызматташтык чектелбеши керек. Булар коомдун өнүгүүсүнүн негизги бөлүгү болуп саналат,"- деп айтылат анда.
"Бир Дүйнө Кыргызстан" мамлекеттик органдарды бул чечим боюнча так түшүндүрмө берүүгө чакырып, мындай аракет мыйзамдуу негизде жана ачык-айкын болушу керек экенин эскертти.
Буга чейин да ушундай учурлар катталганын айтып, айрым эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнө да Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилбегенин эске салды.
Түштүк Калифорния университетинин профессору, укук короочу Стив Свердлов 19-майда "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстанга киргизилбей, кайра Стамбулга жөнөтүлгөнү маалымдалган.
Профессор Кыргызстанга Түштүк Калифорния университетинин студенттер тобу менен билим берүү жана маданий сапардын алкагында келген.
Ал бул сапар учурунда лекция окууну, жаштар менен жолугушууларды жана адам укуктары, аймактык өнүгүү темаларында талкууларды өткөрүүнү пландап жаткан.


























