Орусияда Wildberries кампасына дрон чабуулу болуп, 7 адам каза болду

Сүрөттүн булагы, social media
Тамбов облусунун Котовск шаарындагы Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна жасалган дрон чабуулунан жети адам каза болуп, дагы 24 киши жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып жатат.
Wildberries компаниясы Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан дагы бир логистикалык борборуна дрон менен сокку урулганын маалымдады.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевдун айтымында, ал жерде 24 адам жабыркаган.
Ошондой эле Электросталга жакын жайгашкан Ногинск шаарында дрондун соккусунан мунай базасында өрт чыккан. Натыйжада эки адам жаракат алганы кабарланды.
Мындан тышкары, түн ичинде украиналык учкучсуз учактар Владимир шаарына да чабуул жасаганы айтылды. Маалыматка ылайык, дрон көп кабаттуу үйдүн акыркы кабатындагы батирге тийип, өрт чыккан.
Украинанын аскер жетекчилиги Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган бул чабуулдар боюнча азырынча комментарий бере элек.
Wildberries ишканасынын кампаларында Борбор Азиядан барган мигранттар көп иштейт.




























