Ормуз кысыгында Ирандын чакан катерлери АКШ деңиз флотуна туруштук берүүдө

Ирандын “Чиркейлердин флоту” чакан, ылдам жүргөн жана чабуул койгон катерлердин флотилиясынан турат. Бул сүрөт 2024-жылы Ирандын түштүгүндө аскер-деңиз парады учурунда тартылган

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын "Чиркейлердин флоту" чакан, ылдам жүргөн жана чабуул койгон катерлердин флотилиясынан турат. Бул сүрөт 2024-жылы Ирандын түштүгүндө аскер-деңиз парады учурунда тартылган
    • Author, Луис Барручо
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп Иран флотун "толугу менен жок кылганын", "пулемёттору бар чакан кайыктарды" гана калтырганын билдирген.

Анткен менен айрым батыш серепчилери "чиркейлердин флоту" деп атап коюшкан бул "кичинекей кайыктар" тиштегенди да билет.

Бул кайыктар дүйнөнүн эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгында бир нече айдан бери жүк ташууга олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келатышат. Эксперттердин пикиринде, Тегеран режими ушундай жол менен дүйнөлүк экономикага зыян келтирип, Вашингтонду согуштан баш тартууга мажбур кылгысы келет.

"Чиркейлердин флоту" деген эмне жана ал эмне үчүн мынчалык натыйжалуу болду?

"Кууп жүрүп курчоого алып, жолдон адаштыруу"

Ыкчам чабуул койгон майда катерлердин флотун 1980-жылдары Иран-Ирак согушу учурунда Иран режими түзгөн.

Иран Ирак менен кармашканына карабастан, 1980-жылдардагы "танктардын согушу" маалында согуштук аракеттер Перс булуңуна да таасирин тийгизип, мунай ташууну коргоо үчүн АКШ да кийлигишүүгө мажбур болгон.

Ошол жылдары АКШнын аскер-деңиз флоту менен тирештин натыйжасында Ирандын деңиз флоту оор жоготууларга учураган.

Ушундан кийин Ирандын чакан катерлерден турган флоту күчтүү деңиз державаларына каршы туруу үчүн иштелип чыккан аскердик доктринанын бир бөлүгүнө айланып калды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле маалда чакан катерлердин флоту – бул Ирандын кыйла кеңири стратегиясынын бир гана бөлүгү, мындан тышкары ал ракеталарды, дрондорду, миналарды, жээктен сокку уруучу түзмөктөрдү камтыйт, Иранга жан тарткан топтор коңшу өлкөлөргө чабуул коюп турат.

"Бул флотту таасирдүү Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу (ИЫСК) башкарат жана ал деңиздеги кадимки согуштук аракеттер үчүн түзүлгөн эмес. Бул флот "кууп жүрүп курчоого алып, жолдон адаштырып, кемелердин жүрүүсүнө бут тосуу" максатын көздөйт", - дейт Чаттанугадагы Теннесси университетинин доценти жана Ирандын режимине каршы чыгып келген "United Against Nuclear Iran" (UANI) коммерциялык эмес уюмунун улук кеңешчиси Саид Голкар.

"ИЫСК АКШны кадыресе деңиз согушунда жеңе албасын түшүнөт" деп кошумчалайт ал.

Ошол себептен Ирандын режими коммерциялык танкерлерди бутага алып, Ормуз кысыгын жүк ташуу үчүн кооптуу жолго айландырып, Перс булуңу аркылуу жүк ташыган компаниялар үчүн чыгымдарды жана тобокелдиктерди көбөйтүүгө умтулуп келет.

Эксперттердин айтымында, флоттун тактикасы мындай: деңиздин астына миналар орнотулат жана ар кайсы тараптан катуу ылдамдыкта келип, катерлердин топтору соода кемелерин жакын аралыктан аткылап кетишет.

Тез жүргөн чабуулчу катерлер адатта пулемёттор, ракеталар же кемелерге сокку урчу ракеталар менен жабдылган.

Катерлердин көбүн Иран мамлекети жасап чыгарса да, айрымдары буга чейин балык уулоочу траулерлер болчу жана аларды чабуул койчу катерлер кылып өзгөртүшкөн.

"Бул катерлер арзан турат жана аларды алмаштыруу оңой эле", - деп жазды жакында эле чыгарган баяндамасында Вашингтондогу Hudson Institute аналитикалык борбордун улук илимий кызматкери Жан Касапоглоу.

Касапоглунун айтымында, бул Иранга коммерциялык жана аскерий кемелерди "салыштырмалуу аз чыгым менен сестендирүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда каршылаштардын кымбат баалуу активдерин жана дүйнөлүк деңиз экономикасын тобокелге салат".

Эксперттер бул операциялардын түпкү максаты Вашингтонду Тегеран менен согуштан баш тартууга мажбурлап, келечектеги чабуулдардын алдын алуу деп эсептешет.

Бул катерлердин көбү сууда төмөн жүргөндүктөн, өтө жакын келгенге чейин аларды радардан аныктоо оңой эмес, ошондуктан патрулдук иштер натыйжалуу болушу үчүн дрондордун, тик учактардын же патрулдук учактардын жардамы менен туруктуу негизде байкоо жүргүзүп туруш керек.

Бул флоттун так саны белгисиз, себеби кайыктардын көбү Ирандын түштүк жээгиндеги үңкүрлөрдө, коктуларда жана жер астындагы туннелдерде жашырылган. Бирок, ар кандай маалыматтар боюнча, алардын саны 500дөн миңге чейин жетет.

Ирандын режим "чиркейлердин флотунун" катышуусу менен деңизде машыгууларды туруктуу негизде өткөрүп турат.

"Деңиздеги партизандык согуш"

“Бул флот “кууп жүрүп курчоого алып, жолдон адаштырып, кемелердин жүрүүсүнө бут тосуу” максатын көздөйт”, - дейт Саид Голкар

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Бул флот "кууп жүрүп курчоого алып, жолдон адаштырып, кемелердин жүрүүсүнө бут тосуу" максатын көздөйт", - дейт Саид Голкар

Эксперттер Ирандын аракеттерин "деңиздеги партизандык согуш" деп аташат.

Голкардын айтымында, ирандык ылдам жүрчү катерлер ачык сууга киргенде АКШнын Аскер-деңиз флотунун аларды жок кылууга кудурети жетет, бирок Сакчылар корпусу ачык кармашка аралашпоого аракет кылат.

"Сакчылар корпусу тикелей тирешүүдөн качууга аракет кылат жана мунун ордуна "сокку уруп туруп кач" тактикасын, топтор менен жасалган чабуулдарды, миналарды, дрондорду, ракеталарды жана чакан катерлерди колдонуп, АКШнын жана коммерциялык кемелердин чыгымдарын көбөйтүп келет", - дейт Голкар.

Иран талкаланган катерлерди тез жана арзан алмаштыра алат, ал эми АКШ жана анын союздаштары коммерциялык жүк ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кымбат баалуу кемелерди жана учактарды колдонууга мажбур.

Эксперттердин белгилешинче, кемелерди тикелей талкалабаса да, олуттуу коркунуч жаралгандыктан камсыздандыруу төлөмдөрү көбөйүп, компаниялар бул каттамды колдонбогонго аракет кылып калышат.

Ал тургай деңиздин алдындагы миналар болушу мүмкүн деген коркунуч жүк ташууну басаңдатышы же толугу менен токтотушу мүмкүн. Суунун алдындагы миналарды тазалоо процесси өтө жай жүрөт.

Ирандын стратегиясы жыйынтык берип жатабы?

“Чиркейлердин флотун” Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу (ИЫСК) башкарат

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Чиркейлердин флотун" Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу (ИЫСК) башкарат

Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуунун көлөмү согушка чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кескин түшүп кетти.

Реалдуу убакыт режиминде кысык аркылуу кемелердин кыймылын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан "Hormuz Strait Monitor" платформасы бул каттам аркылуу күн сайын 10го жакын кеме өтүп жатканын көрсөтүп турат. Буга чейин бул кысык аркылуу күн сайын орточо 60 кеме өтчү.

8-апрелде АКШ, Израил жана Иран ок атышууну токтотууну макулдашканда кысыктагы активдүүлүк бир аз убакытка көбөйгөнү байкалган. Бирок, бир нече күндөн кийин АКШ Ирандан товарларды чыгарууга жана алып кирүүгө өзүнүн блокадасын киргизгенден кийин кырдаал кескин өзгөргөн.

Ошентип кысыкта кемелерге чабуулдар уланууда.

Өткөн аптада эл аралык деңиз каттамдарына мониторинг жүргүзүп келген Британиянын Деңиз соодасынын коопсуздугун камсыз кылуу борбору (UKMTO) кабарлагандай, Катардын Доха шаарынан түндүк-чыгыштан 43 км алыстыкта жүк ташуучу кемеге снаряд менен сокку урулган. Кеменин бортунда өрт чыгып, бирок жабыркагандар болгон эмес.

Көп өтпөй Ирандын Fars агенттиги жүк ташуучу кеме АКШнын желеги менен баратканын жана Кошмо Штаттарына таандык болгонун кабарлады.

БУУнун Эл аралык деңиз уюмунун болжолу боюнча, блокададан 1500дөй кеме жана 20 000 экипаж мүчөсү азап тартып жатат.

Кысык аркылуу жеткирилчү мунайдын көлөмүнүн азайышы анын баасын рекорддук деңгээлге чыгарды. Айрым эксперттер муну мунай жеткирүү рыногунун тарыхындагы ири шок кырдаал катары баалашууда. (ZMa)