Трамп: Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өтүнүчү менен Иранга пландалган сокку болбойт

АКШ

Сүрөттүн булагы, REUTERS/Evan Vucci/File Photo

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Перс булуңундагы өлкөлөрдүн лидерлеринин өтүнүчүнөн кийин Иранга пландалган жаңы соккуну токтотконун билдирди. Анын айтымында, шейшембиге белгиленген чабуул азырынча кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан кабыл алынды.

"Уланып жаткан олуттуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана БАЭ президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян эртеңге пландалган Иранга каршы чабуулду кийинкиге жылдырууну суранышты",- деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.

Трамп АКШ үчүн алгылыктуу келишим түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ага билдиришкенин айтты. Ошондой эле ал "Иранда ядролук курал болбойт!" деп кошумчалады.

"Бул лидерлерге болгон урматымдан улам мен Пентагондун башчысы Пит Хегсетке, Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэн Кейнге жана АКШнын куралдуу күчтөрүнө Иранга эртең чабуул жасалбасын деп көрсөтмө бердим. Бирок ошол эле учурда эгер келишим болбой калса, менин биринчи буйругум менен Иранга каршы толук масштабдуу чабуул баштоого даяр турууга чакырдым",- деди Трамп.

Ал келишимде Ирандын ядролук куралга ээ болбой турганы сөзсүз камтылышы керек экенин белгиледи. Иран болмо Трамптын акыркы билдирүүсүнө азырынча расмий комментарий бере элек.

Трамптын катаал риторикасынан улам соңку күндөрү АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик кампанияны кайра баштоого даярданып жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Буга чейин ал Тегеранды кайра сокку уруулар менен коркутуп, "Иран үчүн убакыт өтүп жатат, алар шашылышы керек, болбосо алардан эч нерсе калбайт" деп билдирген.

Эгер Иран өз позициясын өзгөртпөсө, АКШ сүйлөшүүлөрдү "бомбалардын жардамы менен" улантууга аргасыз болот,- деп жазды Axios басылмасы АКШ жетекчилигиндеги жогорку кызматтагы булакка шилтеме берип.

Израил жана АКШнын аскерлери Иранга каршы массалык аба соккуларын 28-февралда баштаган. Буга жооп катары Тегеран Израилди жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү америкалык объектилерди дрондор, ракеталар менен аткылаган.

Апрелде макулдашылган ок атышууну токтотуу режими сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү үчүн киргизилген. Мезгил-мезгили менен кагылышуулар болгонуна карабастан, ал негизинен сакталып келет.

Иран болсо дүйнөдөгү мунай жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20 пайызы өтүүчү маанилүү деңиз жолу болгон Ормуз кысыгын көзөмөлдөөнү улантууда. Тегеран бул кадамды АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары түшүндүрүүдө.

Өз кезегинде АКШ Ирандын портторун блокадага алып, Тегеранды келишимдин шарттарына макул кылуу үчүн басым көрсөтүп жатканы айтылууда.