Мамлекеттик ипотекалык компания Караколдо суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Social
Мамлекеттик ипотекалык компания нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Караколдо суу каптаган үйлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн суу куурлары тиричилик таштандыларына толуп калышы себеп болгону айтылат.
"Каракол шаарындагы МИКтин "Хан-Теңири" турак-жай комплексинин төрт блогун нөшөрлөгөн жамгырдан кийин суу каптады. Ага көп кабаттуу үйлөрдүн суу куурлары тиричилик таштандыларына толуп калышы себеп болгон. Тазалоо иштеринин жүрүшүндө суу куурларынын ичинен ар кандай таштандылар табылып, алар суунун агымын тосуп калганы аныкталды. Куурлар бүтөлүп калгандыктан басым күчөп, суу чатырдын ичине агып түшкөн. Кесепетинен батирлерди жана жер төлөөнү суу каптаган",- деп айтылат маалыматта.
Компания нөшөрлөгөн жамгыр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн гана эмес, Каракол шаарындагы бир катар үйлөрдү, социалдык объектилерди, көчөлөрдү да каптаганын кошумчалады.
"Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстан боюнча ири турак-жай курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Жалпысынан 80 миңге жакын батир курулууда. Акыркы эки жылдын ичинде эле 7 миңге жакын батир пайдаланууга берилди. Каракол шаарында болгон окуя болсо жергиликтүү гана маселе",- деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, учурда компаниянын кызматкерлери окуя болгон жерде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик ипотекалык компания жабыркаган батирлерди калыбына келтирүүнү толугу менен өз каражатынын эсебинен жүргүзөрүн билдирди.
Маалымат каражаттарында Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн чатырынан суу шаркырап агып, айрым батирлерди каптап жатканы тууралуу видео тарады. Бул көрүнүш социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, мамлекет куруп жаткан турак-жайлардын сапаты жана коопсуздугу боюнча суроо жаратты.






















