Садыр Жапаров президенттин Иш башкармалыгы тууралуу сындарга жооп берди

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров 7-майда "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин жаңы корпусунун ачылышында сөз сүйлөп жатып, ага караган Иш башкармалыгы өзүнчө өкмөт болуп алды деген сындарга жооп бере кетти.
"Түз эле айтайын, Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер Кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады", - деди Садыр Жапаров.
Президент Санариптик өнүгүү министрлиги бюрократияга батып, мекемеде бири-бирине шылтоо менен иш анчалык алдыга жылбай келгенин да кошумчалай кетти.
Садыр Жапаров өз сөзүндө акыркы беш жыл ичинде дээрлик ар бир тармактагы реформа олуттуу каршылыктарга туш болуп келгенин айтты.
Президенттин Иш башкармалыгы өлкө жетекчилигинин ишин уюштуруудагы чарбалык маселелерди гана тейлеп келген орган эсептелчү. Бирок ал соңку беш жылда ыйгарым укуктары өтө кеңейип, мындан улам Иш башкармалык иш жүзүндө өкмөттүн жарым ишин колго алганы тууралуу коомчулукта талкуулар жүрүүдө.

Сүрөттүн булагы, Official
Быйыл март-апрель айларында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму", "Түндүк", "Кыргызиндустрия", "Кыргызтелеком" мекемелери да Министрлер кабинетинен алынып, башкармалыкка берилген. Ага чейин "Мамлекеттик ипотекалык компания", "Учкун" басмаканасы, "Унаа", "Кызмат" жана башка ишканалар да тапшырылган. Ошондой эле "Кыргызиндустриянын" ичиндеги 40тай ишкананы башкарууну да бул башкармалыкка карап калды.
"Азаттык" буга чейин Президенттин иш башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 7 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайын түздөн-түз башкарып жатканын иликтеп чыккан.
Мындан сырткары Кесиптик кошуундар федерациясынан мамлекетке алынган пансионат, курорт, эс алуу борбору, коттедж жана мейманканаларды Иш башкармалыктын алдындагы "Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция" карап жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Садыр-Жапаров Ысык-Көл облусундашы кечээки сөзүндө буга чейин курорттук‑санаториялык жайлар оңдолбой келгенин, акыркы беш жылда аларга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. Жапаров Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын объектилерин Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү боюнча кабыл алынганы да өз убагында туура чечим болгонун кошумчалады.
"Ысык‑Ата", "Жыргалаң", "Жети‑Өгүз" эс алуу жайларын, "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоо борборун, соңунда "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийин да Президенттин иш башкармалыгы оңдоп чыкканына басым жасады.
Садыр Жапаров акыркы жылда башкаруунун натыйжалуулугу артып, инфратүзүмдү жаңылоо үчүн шарттар түзүлүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жакшырып жатканын айтты. Президент Санаторий объектилерин Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү алардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берип, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шарт түзгөнүн да баса белгилей кетти.
Мисал катары "Ысык-Ата" жана "Жети-Өгүз"санаторийлеринин жаңыланышы, "Жыргалаң" курортун өнүктүрүү жана "Улан" балдардын ден соолукту чыңдоо борборун реконструкциясы аталды.
Ошондой эле "Көгүлтүр Ысык-Көл"санаторийинде ири масштабдагы жаңылоо иштери жүргүзүлүп, корпустар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү, материалдык-техникалык база жаңыртылганы жана амфитеатр менен термалдык булактар сыяктуу жаңы объектилер курулганы да белгиленди. Жаңы корпус акыркы 40 жыл ичинде алгачкы жолу курулуп жатат.
Президент финансылык көрсөткүчтөр кыйла өскөнүн: акыркы эки жылда бул санаторийдеги таза киреше эки эседен ашык көбөйгөнүн, ошол эле учурда кызматкерлердин айлык маянасы да жогорулаганын белгиледи.
































