Чебоксарыга жапырт сокку урулду, курмандыктар бар. Ок атышпоо режими эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Social media
Чувашиянын борбору 5-майга караган түнү жана эртең менен жапырт аба чабуулуна кабылды. Каза болгондор бар. Дрондордун бири көп кабаттуу турак үйгө тийген. Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, Чебоксары шаарына украин өндүрүшүнөн чыккан F-5 Flamingo канаттуу ракеталары менен сокку жасалган.
"Түн ичинде жана эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрү аймагыбыздын борборуна бир нече жолу чабуул койду. Чебоксары шаарында имарат жабыркады, дарыгерлер бир нече жабырлануучунун абалын көзөмөлдөп жатышат", — деди Чувашиянын премьер-министри Сергей Артамонов.
Буга чейин интернетте жабыркаган көп кабаттуу турак үйдүн сүрөттөрү жана дрон ага тийген учур тартылган видео тараган.
Эртең менен бийлик үч киши жабыркаганын билдирген. Күндүз Орусиянын Тергөө комитети чабуулдун натыйжасында "курман болгондор жана жабыркагандар бар" экенин маалымдады. Бирок каза болгондордун так саны айтылган жок.
"Мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү, коомдук транспорттун кыймылы чектелди, айрым соода борборлорунда соода убактылуу токтотулду. Республика деңгээлинде өзгөчө кырдаал жарыялоо маселеси каралууда", — деди Артамонов.

Сүрөттүн булагы, Social media
Чувашиянын билим берүү министри Дмитрий Захаров эртең менен Телеграмга: "Учукчсуз учуучу аппараттын чабуулу коркунучу! Мектептер менен техникумдарда аралыктан окууну жарыялайбыз! Бала бакчаларга токтолсок, ата-энелерге ал жакка баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайбыз", - деп жазды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Чебоксарыдагы эки мектептин базасында убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылган. Бул жерде дарыгерлер, психологдор иштеп жатат, тамак-аш жана биринчи жардам алууга болот.
Бул арада бүгүн түштө Росавиация Чувашиянын борборундагы аэропортто каттамдар калыбына келтирилгенин кабарлады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түштөн кийин Чебоксарыга жасалган чабуулду Украинанын президенти Владимир Зеленский тастыктап, аны Орусиянын соккуларына жооп катары "биздин алыска жеткен санкциялар" деп атады.
Зеленский 5-майга караган түнү украин өндүрүшүнөн чыккан FP-5 Flamingo канаттуу ракеталары менен бир нече буталарга, анын ичинде Чебоксарыдагы аскердик-өнөр жай комплексинин объектилерине сокку урулганын билдирди.
«Украинанын "фламинголору" 1500 чакырымдан ашык аралыкты басып өттү. Сокку урулган аскердик өндүрүштө релейлик коргонуу системалары, автоматика жана төмөн чыңалуудагы жабдуулар чыгарылчу. Завод Орусиянын аскер-деңиз флотуна, ракета тармагына, авиациясына жана бронетехникасына навигациялык элементтерди жеткирчү. Булардын баары бизге, Украинага каршы согушта колдонулат", — деген Зеленский Орусия согушту токтотуп, чыныгы дипломатияга өтүшү керектинин кошумчалады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Чебоксарыдагы бута катары "ВНИИР-Прогресс" заводун атады. Аталган ишкана GLONASS, GPS жана Galileo спутник системалары үчүн GNSS кабыл алгычтарын жана антенналарды чыгарат. Алар Shahed тибиндеги камикадзе-дрондордо, ошондой эле канаттуу жана баллистикалык ракеталарда колдонулат.
Украинанын дрондору буга чейин да Чебоксарыга бир нече жолу чабуул жасаган.

Сүрөттүн булагы, t.me/V_Zelenskiy_official
5-май эртең менен Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөнүн 18 аймагында жана аннексияланган Крымда 289 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Чувашия бул маалыматта аталган эмес. Ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрү Орусия Украинага 11 "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана 164 дрон менен чабуул жасаганын, анын ичинен бир ракета жана 149 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусияда массалык чабуулга кайрадан Ленинград облусу дуушар болду. Аймакта түн ичинде 29 дрон атып түшүрүлгөнүн губернатор Александр Дрозденко билдирди. Анын айтымында, Киришидеги өнөр жай аймагындагы өрттү өчүрүү иштери аяктап жатат.
"Каршылаштардын негизги максаты КИНЕФ болгон", — деп жазган ал.
КИНЕФ ("Киришинефтеоргсинтез") — Орусиядагы эң ири мунай кайра иштетүүчү заводдордун бири.
Украинада түнкү орус чабуулунан эң көп жабыркаган аймак — Полтава облусу болду. Бул жерде төрт киши каза болуп, 30дан ашуун адам жаракат алды. Дагы бир адам Харьков облусунда каза болгон.
Каза болгондордун арасында эки куткаруучу бар. Алар өрттү өчүрүүгө барганда кайрадан ракеталык соккуга туш болушканын Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Анын айтымында, Полтава облусунда газ өндүрүүчү объект бутага алынган.
Зеленский түнкү чабуулду "абсолюттук цинизм" деп атады.
"Пропагандалык майрамдарды өткөрүү үчүн тынчтык сурап, ошол эле учурда ага чейин күн сайын ракеталык-дрондук соккуларды жасоо", — деген ал.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин саат 13:00гө чейин борборго жакындап келген 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бир күн мурда дрон Мосфильмовская көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө тийген. Жабыркагандар тууралуу маалымат болгон эмес.
Орусия менен Украина 9-майдын алдында убактылуу ок атышпоо режими кирерин жарыялаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күн мурун, 4-майда Орусиянын Коргоо министрлиги "Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишин майрамдоонун урматына элдешүү" тууралуу жарыялаган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, ок атышпоо режими 8-майдан 9-майга чейин созулушу керек. Ушундан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский фронтто 5-майдан 6-майга караган түнү башталышы керек болгон "жымжырттык режимин" жарыялаган.
"Украина тарап ушундан үлгү алат деп күтөбүз", - деп айтылат Коргоо министрлигинин Телеграмда жарыялаган постунда. Министрлик президент Владимир Путиндин чечимине шилтеме жасады.
Бул билдирүүдөн көп өтпөй Владимир Зеленский социалдык тармактарда: "Орусиялык социалдык тармактарда жарыяланып жаткан согуштук аракеттерди токтотуунун ыкмалары боюнча Украинага бир дагы расмий кайрылуу түшкөн жок", - деп жазды.
"Биз адамдын өмүрү кайсыл бир мааракени "белгилөөдөн" алда канча баалуу деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу 5-майдан 6-майга караган түнү саат 00:00дөн баштап жымжырттык режими киргизилип жатканын жарыялайбыз. Ушул учурдан баштап биз алардын аракетине жараша кадам таштайбыз", - деп кошумчалады Украинанын лидери.
Зеленский өзү көрсөткөн убакыттын саат алкагын тактаган жок. 5-майда Москва убактысы менен Киевде жайкы убакыт дал келет, 00:00 – бул Гринвич боюнча 5-майда 21:00 болот дегенди билдирет.
Орусиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө Украина президентинин Европалык саясий шериктештиктин Еревандагы саммитинде айткан сөздөрүнө да көңүл буруп, муну "9-майда Москвага сокку уруу тууралуу коркутуу" катары чечмеледи.
"Орусия 9-майда Москвада аскердик техникасыз парад өткөрөрүн жарыялады. Эгерде ушундай боло турган болсо, анда алар дрондор Кызыл аянттын үстүнөн учат деп коркуп, аскердик техниканы чыгарышпайт, мындай көрүнүш көп жылдардан бери биринчи жолу болууда", - деди Зеленский.
Атышпоо режимин жарыялап жатып, ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги "эгерде Киев режими Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоону үзгүлтүккө учуратуу максатында өзүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашырууга аракет кылса, Киевдин борборуна жапырт ракеталык соккуларды урабыз" деп коркутту.
Зеленский бул билдирүүгө мындайча жооп кайтарды: "Эгерде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түз ниети болмоюнча Москвада парад өткөрүүгө болбойт деп эсептесе, Орусиянын жетекчилери согушту токтотууга карай реалдуу кадамдарды жасай турган учур келди".
Өткөн аптада Орусиянын Коргоо министрлиги "учурдагы чукул кырдаалга байланыштуу" аскердик техника парадга катышпай турганын билдирген. Орусия 2022-жылы Украинага бастырып киргенден бери 9-майда Кызыл аянттагы парадга аскердик техника биринчи жолу катышпайт. Ошол эле учурда жөө колонналардын жана пилотаждык аба топторунун катышуусу пландалууда.
Кийинчерээк Кремль парадга техниканын катышпай турганын "террордук коркунуч", ошондой эле "мааракелик дата болбогону" менен түшүндүргөн.
29-апрелде Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөн. Ушундан кийин Трамп Орусиянын президентине 9-майга чейин Украинадагы согушта "убактылуу элдешүү" жарыялоону сунуштаганын айткан. Ал эми Кремль Путин майрамга карата бир күндүк элдешүү жарыялоону сунуштаганын билдирген.
Ошондо Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига орусиялык демилгени батыш өнөктөштөрүнө ойдон чыгарылган конструктивдүүлүктү көрсөтүү үчүн жасалган "пиар-акция" жана манипуляциялоо катары баалаган. Ал Украина тынчтык аракеттерди жактай турганын жана ок атышууну токтотууга даяр экенин бир нече жолу билдирип келгенин кошумчалады.
Апрель айынын башында Путин православдардын Пасха майрамын белгилөөгө байланыштуу ок атышпоого буйрук берген. Ошондо 11-апрелде саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин атышпоо режими жарыяланган. Көп өтпөй эки тарап тең бири-бирин атышпоо режимин бир нече жолу бузууга айыпташкан.
Өткөн жылы да Путин 9-майга байланыштуу ок атышууну 72 саатка токтотууну жарыялаган. Украина орус президентинин сунушун расмий түрдө кабыл алган эмес. Киев ок атышпоо үч күнгө эмес, бери дегенде 30 күнгө созулушу керектигин айткан.
Путин жарыялаган бир тараптуу элдешүү башталгандан көп өтпөй украин бийлиги орус армиясын атышпоо режимин олуттуу түрдө бузганы үчүн айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлиги да "Украина атышпоо режимин аткарбай жатат" деп билдирген. (ZMa)



























