АКШ Ирандын бир нече катерин жок кылганын ырастады. Фуджейрага дрондор чабуул жасады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйшөмбү күнү АКШ Иранга таандык бир нече катерди жок кылганын билдирди. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары өлкө Ирандын кол салууга кабылганын маалымдады.
4-апрелде америкалык аскердик кемелер Ормуз кысыгына киргенден кийин, президент Дональд Трамп Иран "чатакка тиешеси жок бир катар өлкөлөргө сокку урганын", алардын арасында Түштүк Кореянын кемеси да бар экенин айтты.
Трамп башка өлкөлөрдү да активдүүрөөк болуп, аймактагы соода коопсуздугун камсыздоодо АКШга көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырды.
"Балким, Түштүк Корея үчүн бул миссияга кошула турган убакыт келгендир", — деди ал.
Анын айтымында, америкалык аскерлер Ирандын жети чакан аскердик катерин аткылап токтоткон. Буга чейин америкалык адмирал алты катер жок кылынганын билдирген, бирок Тегеран бул маалыматты четке каккан.
Бириккен Араб Эмираттарына дрондор жана ракеталар аркылуу чабуул жасалганы тууралуу маалыматтардан кийин, бул өлкөнүн бийлиги Иран тарабынан жасалган жаңы чабуулдарды жаңжалдын олуттуу күчөшү деп баалап, жооп кайтаруу укугун өзүндө сактап каларын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Эркиндик долбоору"
Буга чейин АКШ америкалык ракеталык эсминецтер, ошондой эле АКШнын туусу астында жүргөн соода кемелери стратегиялык мааниге ээ бул деңиз жолундагы кеме каттамын калыбына келтирүүгө багытталган жаңы операциянын алкагында Ормуз кысыгынан коопсуз өтүп, Перс булуңуна киргенин билдирген. Иран бул маалыматты четке какты. Ошол эле маалда Бириккен Араб Эмираттары өлкө Иран тарабынан кол салууга кабылганын маалымдады.
"Азыр аскердик кемелер "Эркиндик долбоору" операциясынын алкагында Ормуз кысыгынан өтүп, Перс булуңунда жайгашууда", — деп билдирди АКШнын Борбордук командачылыгы. Бул операция тууралуу жекшемби күнү президент Дональд Трамп жарыялаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
CENTCOM билдиргендей, "америкалык аскерлер соода кемелеринин коопсуз өтүшүн калыбына келтирүүгө жигердүү көмөктөшүүдө". Ошондой эле "АКШнын туусу астындагы эки соода кемеси Ормуз кысыгынан ийгиликтүү өтүп, сапарын коопсуз улантып жатат" деп кошумчалады.
Ирандын "Ислам революциясынын сакчылар корпусу" АКШнын кемелер кысыктан өткөнү тууралуу билдирүүсүн "карандай калп" деп атады.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары корпустун билдирүүсүн жарыялап, анда акыркы сааттарда Ормуз кысыгынан бир да соода кемеси же мунай танкери өткөн жок деп айтылган.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусу" деңиз күчтөрүнүн көрсөтмөлөрүнө каршы келген ар кандай аракеттер "олуттуу коркунучтар менен коштолот" деп эскертти.
BBCнин маалыматты текшерүүчү BBC Verify бөлүмү MarineTraffic аттуу кемелерди көзөмөлдөө сервисинин маалыматтарын талдап чыгып, азырынча АКШ сүрөттөгөндөй кемелерди аныктай электигин, бирок сайттагы жаңыртууларды көзөмөлдөөнү улантып жатканын билдирди.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Иран Ормуз кысыгында АКШнын аскердик кемесине ракета менен сокку урганын да билдирген.
Иран аскерлери деңиз күчтөрү "душмандын эсминецтерине эскертүү берип, алардын багыты боюнча эскертүүчү ок чыгарганын" маалымдады.
Алардын айтымында, америкалык эсминецтер кысыкка кирер алдында радарларын өчүрүп, кайра күйгүзгөндө дароо аныкталган.
Маалыматта эскертүүчү ок америкалык тарап "эскертүүлөрдү тоготпогондон кийин" атылганы айтылат. Бирок CENTCOM "АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн бир да кемеси жабыркаган жок" деп билдирди.
Жекшемби күнү Дональд Трамп АКШ Ирандын аракеттеринен улам Перс булуңунан чыга албай калган кемелерге жардам бере баштай турганын айткан. Ал бул операцияны гуманитардык кадам деп атап, процесске тоскоол болгондорго каршы күч колдонуларын эскерткен.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, февраль айынан бери АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал башталгандан бери бул аймакта 20 миңдей деңизчи жана 2000ге жакын кеме тыгылып калган.
Башка кемелерге кол салуу жана Фуджейрага чабуул
Бириккен Араб Эмираттары Ормуз кысыгында мамлекеттик Adnocко мунай компаниясына таандык мунай танкерине кол салуу болгонун билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эч ким жабыркабаганын кошумчалады.
БАЭ Иранды мындай чабуулдарды токтотууга жана "бардык аскердик аракеттерди дароо токтотууга толук берилгендигин көрсөтүп, Ормуз кысыгын толук жана шартсыз ачууга" чакырды.
Кийинчерээк Эмираттын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Иран аймагынан учурулган үч ракетаны тосуп калганын, төртүнчүсү деңизге түшкөнүн билдирди. Иран бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.
Ошол эле маалда Фуджейра эмиратынын бийлиги аталган портко дрондор менен чабуул жасалып, мунай тармагына тиешелүү аймакта өрт чыкканын кабарлады. Маалыматка караганда, Индиянын үч жараны жаракат алган.
Фуджейрада Бириккен Араб Эмиратындагы эң ири порт жана мунай сактоочу жай жайгашкан. Алар Перс булуңу менен Ормуз кысыгынан сыртта жайгашканы менен, ирандык дрондор жетчү аралыкта турат. Фуджейра 8-апрелде жарыяланган ок атышууну токтотуу режимине чейин да чабуулдарга кабылган.
Кийин Эмираттын Коргоо министрлиги бир күндүк коргонуу аракеттери тууралуу маалымат берип, үч адам жаракат алганын дагы бир жолу ырастады. Министрликтин эсебинде, бир күн ичинде Иран тараптан учурулган "12 баллистикалык ракетага, үч канаттуу ракетага жана төрт учкучсуз учуучу аппаратка" каршы чара көрүлгөн.
Түштүк Корея да өз кемесине мүмкүн болгон чабуул тууралуу билдирди.
































