Кытай: фейерверк фабрикасындагы жарылуудан 26 адам каза болду

Видеонун түшүндүрмөсү, Дрондон тартылган видео жарылуунун канчалык күчтүү болгонун айгинелеп турат
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кытайдын Хунань провинциясындагы фейерверк фабрикасындагы жарылуудан 26 адам каза болуп, 61 адам жаракат алды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик басылмалары билдиришти.

Люян шаарында жайгашкан Huasheng фейерверк заводу дүйшөмбү күнү түштөн кийин жарылууга туш болгон. Бийлик 3 чакырым радиуста жашаган бардык адамдарды коопсуз жайга чыгарган.

Куткаруу иштерине 1 500дөн ашуун кызматкер тартылган, ал эми имараттын ичинде калган адамдарды табууда роботтор да колдонулган.

Кытай мамлекеттик ЖМКлары билдиргендей, жарылуунун себебин иликтеп жаткан полиция фейерверк компаниясынын жооптуу кызматкерлерине карата "контролдук чараларды" көрдү.

Бийлик куткаруу иштеринин жүрүшүндө фабрика аймагындагы эки ок-дары кампасы чоң коркунуч жаратканын билдирди.

Фейерверк заводуна жакын аймактагы адамдарды эвакуациялоодон тышкары, куткаруучулар кошумча жарылууларды болтурбоо үчүн аймакты нымдаштыруу сыяктуу чараларды да көрүшкөн.

Жарылуунун күчү ушунчалык катуу болгондуктан, жакын жайгашкан турак жайдын терезелери сынып кеткенин CCTV телеканалынын кабарчысы окуя болгон жерден билдирген.

Негизинен 20дан 60 жашка чейинки адамдар жаракат алган.

Кытайдын мамлекеттик ЖМКлары билдиргендей, президент Си Цзиньпин дайынсыз жоголгондорду табуу жана жаракат алгандарды куткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого чакырды. Ал ошондой эле кырсыктын себептерин иликтеп, жооптуу адамдарды жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

Жергиликтүү бийлик шейшемби күнү билдиргендей, окуя болгон аймактагы суу жана абанын сапаты тыкыр көзөмөлгө алынууда жана тиешелүү экологиялык көрсөткүчтөр кадыресе деңгээлде экендиги аныкталган.

Fire rescue forces carry out rescue operations after an explosion at a fireworks plant on May 5, 2026 in Liuyang

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куткаруучулар фейерверк заводунан 3 чакырым радиуста жайгашкандардын баарын эвакуациялоого аргасыз болушкан

Фабрикадан болжол менен бир чакырым аралыкта жашаган тургундун Beijing News басылмасына курган маегине караганда, жарылуудан кийин айыл тургундары жолго таштар учуп түшкөндүктөн айланып өтүүчү жолдор менен жүрүүгө аргасыз болуп калышкан.

"Үйлөрүбүздүн айнектери талкаланды, алюминий терезе алкактары ийилип калды, ал тургай дат баспас болоттон жасалган эшиктер да буралып, формасын жоготту", - деген ал.

Дагы бир тургун коопсуздугунан тынчсызданып, айылдан чыгып кеткенин билдирген.

Люан шаары фейерверк өндүрүшү менен белгилүү, ал дүйнөдөгү фейерверк чыгаруу боюнча эң ири борборлордун бири катары да мүнөздөлөт.

Кытайда фейерверк фабрикаларында жана дүкөндөрүндө болгон жарылуулар сейрек эмес жана көп учурда адам өлүмү менен коштолот. Мисалы, февраль айында Хубэй провинциясында фейерверк дүкөнүндө болгон жарылууда 12 адам набыт болгон.