Ереванга Европа лидерлери чогулуп жатат. Москва кандай реакция жасайт?

мсти м т

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (ортодо) Европалык комиссия менен Европа кеңешинин лидерлери менен
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Европанын лидерлери эки саммитке катышуу үчүн Арменияга чогулууда. Түштүк Кавказда узак убакыт бою Орусиянын эң жакын өнөктөшү деп эсептелип келген бул өлкө үчүн мындай деңгээлдеги жолугушуулар өзгөчө мааниге ээ.

Бул Би-Би-Синин кабарчысынын материалынын котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуса болот.

Үч миллиондон аз калкы бар өлкө үчүн бул окуялардын мааниси өтө чоң. Армения Орусиянын президенти Владимир Путин түзгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө, ошондой эле өлкө аймагында Орусиянын аскер базасы жайгашкан.

Дүйшөмбү күнү Ереванда өтө турган Европа саясий коомчулугунун саммитине 30дан ашуун европалык лидерлер жана Канаданын премьер-министри катышат.

Шейшемби күнү болсо тарыхта алгачкы жолу Европа Биримдиги менен Армениянын эки тараптуу саммити өтөт. Анда Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта катышмакчы.

Армения энергоресурстар жагынан Орусияга олуттуу деңгээлде көз каранды. Өлкө орус газын жеңилдетилген баада сатып алат. Бул тууралуу Владимир Путин 1-апрелде Москваны зыярат кылган премьер-министр Никол Пашинян менен жолугушууда да баса белгилеген.

Анын айтымында, Орусия Арменияга 1000 куб метр газды 177,5 доллардан сатат, ал эми Европада анын баасы 600 долларга жетет.

"Айырма чоң, абдан олуттуу", — деген Орусиянын президенти.

Президент России Владимир Путин (справа) беседует с премьер-министром Армении Николом Пашиняном во время их встречи в Кремле в Москве.

Сүрөттүн булагы, Pavel Bednyakov/POOL/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пашинян (солдо) апрелде Путин менен жолуккан

2023-жылы Армения менен коңшу Азербайжандын ортосундагы уруш көп нерсени өзгөрттү.

Ошондо Азербайжан Тоолуу Карабахты толук көзөмөлүнө алуу максатында чукул аскердик операция баштап, ал жактан 100 миңден ашуун этникалык армяндарды сүрүп чыгарган. Аймакта тынчтык орнотуучу күчтөрү бар Орусия болсо бул кырдаалга кийлигишкен эмес.

Мурдараак Азербайжан аскерлери Арменияга кирип барганда Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) реакция жасаган эмес.

"Биз колдо болгон коопсуздук архитектурасы иштебей жатканын түшүндүк", — деген Би-Би-Сиге Армениянын Улуттук жыйынынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Саргис Ханданян.

проьт

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЕБ 2023-жылы согуш башталганга чейин эле Армения менен Азербайжандын чек арасына байкоочу миссиясын жайгаштырган

2025-жылдын март айында Армения парламенти Европа Биримдигине кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам кабыл алды.

Ошол эле учурда Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык жараяны да тездеди.

Август айында эки өлкөнүн лидерлери Ак үйдө көп жылдарга созулган жаңжалды токтотууга багытталган тарыхый келишимге кол коюшту.

Ошол эле жерде алар эл аралык тынчтыкты жана өнүгүүнү көздөгөн "Трамп маршруту" аттуу ири транспорттук коридор ишке кирерин да жарыялашты. Бул жол Армениянын Иран менен чек арасы аркылуу өтүп, аймакты Европа базарлары менен байланыштырат.

прт

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2025-жылы августта Пашинян Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен Ак үйдө тынчтык келишимине кол койгон

Ошентсе да Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык жараяны азырынча туруксуз бойдон калууда. Европа менен жакындашуу Армения үчүн дипломатиялык кыйынчылыктарды да жаратты.

Азербайжан парламенти Европарламент менен байланыштарды токтотту.

Ошол эле учурда Москва Армениянын ЕБ менен мамилесинин жакшырышына нааразы болуп жатат. Владимир Путин Никол Пашинянга ЕБге кошулуу аракети Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүк менен шайкеш келбей турганын эскерткен.

Саммитке саналуу күндөр калганда Орусия Армениядан минералдык сууну импорттоого тыюу салды.