Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Садыр Жапаров 5-май Конституция күнүнө карата кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду.
Куттуктоодо өлкө 33 жыл мурда Конституциясын кабыл алып, өз тагдырын аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүктүн пайдубалы түптөлүп, адам укуктары менен эркиндигин жогорку баалуулуктар деп жарыялаганы айтылат.
"Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп жаткан маалда биздин Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калды, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда Конституциябыз заман агымы менен катар агууну, ошол эле маалда улуттук кызыкчылыктарыбызды кошо алып жүрүүнү шарттайт", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Садыр Жапаров өлкө бийлиги демократиялык жана укуктук мамлекетти түзүп, Конституцияны урматтоо аркылуу алдыга койгон максаттарды ишке ашырып жатканын белгилеген.
Эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылы 5-майда ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан кабыл алган.
Дал ушул 33 жыл аралыгында Конституция бир канча жолу өзгөртүлгөн.
Биринчи президент Аскар Акаев дал ушул Баш мыйзамды 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Акаевдин тушунда Баш мыйзам андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлгөн.
2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиев да Конституцияны өзгөрткөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Баш мыйзамдын эки варианты кабыл алынган. 2007-жылы Конституциялык сот аларды жокко чыгарган.
2007-жылдын октябрь айында 1993-жылкы Конституциянын өзгөртүлгөн редакциясы кабыл алынган. Анда депутаттардын саны 90го чейин көбөйтүлүп, алар партиялар аркылуу шайланат деп жазылган. Бакиевдин бийлиги бекемделген.
2010-жылы апрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып кетип, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам "2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт" деген чечим кабыл алынган.
Ага карабастан Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.
2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, тизгин Садыр Жапаровдун колуна тийген соң, 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен Конституция кайра өзгөртүлгөн.
Ага шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон. Ошентип, Садыр Жапаров бийликти колго алгандан кийин Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген.
































