"Ынтымак Ордо": кытайлык жумушчуларга байланыштуу маалыматтар чагым жана жалган

Сүрөттүн булагы, Sputnik
"Ынтымак Ордонун" маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Кара-Балтадагы "Джунда" заводун модернизациялоо иштерине тартылган кытайлык жумушчулар тууралуу чагымчыл видео тарап жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Кытай басып кетти", "кытай айылдары пайда болду" деген өңдүү билдирүүлөр коомчулукту козуткан чагымчыл жана жалган маалымат болуп саналат",- деп жазды Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында. Анын айтымында, учурда "Джунда" заводун евростандарттагы бензин чыгара турган деңгээлге жеткирүү үчүн модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Бул иштерге кытайлык адистер жана профессионал жумушчулар убактылуу негизде тартылган.
"Заводдун аймагына жакын жердеги бош каралбай жаткан ангарды убактылуу жашоого ылайыкташтырып, жумушчулар жайгаштырылган. Талаага же мал сарайга жашабайт да?!" – делет бул тууралуу Орунбековдун билдирүүсүндө.
Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда визалык режим бар. Чет өлкөлүк адистер мыйзамдуу түрдө келип иштеп, келишим мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишет.
"Мындай билдирүүлөр улут аралык кастыкты козутууга аракет болуп саналып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз", - деп эскертти "Ынтымак Ордонун" маалыматтык саясат кызматынын башчысы.
Соңку кезде коомдук сайттарда "кытай жарандары массалык кирип жатат", "турак жайларды, жерлерди сатып алууда", "мыйзамсыз иштерге барууда" деген сыяктуу маалыматтар чыгууда. Алардын чын-бышыгын ажыратуу карапайым адамдар үчүн кыйынга туруп жаткансыйт.
Бирок мындай көрүнүш өлкөдө маал-маалы менен кайталанып турат.
Былтыр 15-ноябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылынын жанында "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жол талашуусунан жаңжал чыгып, 16 адам камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Мушташтын кесепетинен бир жергиликтүү жаран жаракат алып ооруканага да түшкөн. Андан кийин да өлкөдө ксенофобиялык чакырыктар жүргөн эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Коомчулук, эл арасында Кытай тараптан элдин чочулоосу бар, алар каптап кетет, басып алат дешет. Экинчи тарабынан, албетте, биз кошуналар менен кызматташыбыз керек, дүйнө менен интеграция болушубуз керек. Бирок ошону бир чуулу окуя болгондо эмес, туруктуу жана системдүү коом менен коммуникация куруп, түшүндүрсөк болмок. Коомдон сигнал ала албай, аны менен жакшы коммуникация кыла албагандыктан кесепетин көрүп жатабыз" - дейт серепчи Руслан Акматбек.
Өкмөт быйыл Кыргызстанга келип иштей турган мигранттар үчүн 52 миң жумуш орунун бөлдү. Расмий маалыматтарда бул былтыркыдан он миң адамга көп.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдик жарандарга уруксат алуу өзгөргөн. Пилоттук долбоордун негизинде бардык документтер "бирдиктүү терезе" принцибине ылайык, бир портал аркылуу берилет. Эмгек квотасын бөлүштүрүү жана жумушка уруксат берүү милдетин Тышкы иштер министрлиги өзүнө алган.
Эрежеге ылайык, эмгек мигранттары адатта визаны эки айдан бир жылга чейин алышат. Муктаждыкка жараша өлкөдөн чыкпай туруп виза менен каттоонун мөөнөтүн узартса да болот.
Кыргызстанда Кытай жарандарынын визасы мөөнөтү өтүп кеткен учурда, алар өлкөдөн дароо чыгарыларын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс- төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр декабрда билдирген.
Ташиев Кытайдан келгендердин санынын өсүшү байкалып жатканын, бирок алардын арасында туристтик жана эмгек визалары менен киргендер бар экенин да айткан.
"Бардык келгендер тиешелүү каттоодо турат. Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кытай жарандары тартылып жатат", - деген ал.
Ташиев социалдык тармактарда Кытай жарандарынын көбөйүшү тууралуу талкууларды провокация катары баалап, бийлик бардык чет элдик жарандары көзөмөлдөп турганын жана мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн да билдирген.
































