"Зордукталбаганда өлбөйт эле, 23 жыл акыйкаттык издедик"

- Author, Алмира Абидинова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Кадырбек Жээнбаевдин үй-бүлөсү 23 жылдан бери адилеттик издеп келет. Анын айтымында, анын апасын үч айылдашы күч колдонуп зордуктап, ошол себептүү тогуз баланын энеси өмүрү менен кош айтышкан.
Окуя 2003-жылдары Ош облусунун Алай районундагы айылдардын биринде болгон. Би-Би-Си Кыргыз кызматына кайрылган жаран ушул күнгө чейин күнөөлүүлөр тиешелүү жоопко тартылбай келет деп өз чындыгын айтып берди.

"Тогуз баланы чоңойтуп, эми сыйыбызды көрөөрдө өтүп кетти"
"Мыкаачылык менен аркасына, алдына зордуктап, кыйнагандыктан апам канча күн төшөктө жатты. Ооруканада жатты. Анан ооруканада 2003-жылы 10-октябрда каза болду. Экспертизада бүт чыгып жатат, зордукталбаганда өлбөйт эле деген кагаз түрүндө жазылып турат. Биз архивден баарын чогултканбыз. Ал мезгилде биз жаш болуп көп нерсени билбептирбиз".
"Акыйкаттык издеп жүрүп эжем оорукчан болуп калды"
Жээнбаевдин айтымында, 23 жылдан бери алардын какпаган эшиги калган эмес. Күнөөлүүлөр өз жазасын алсын деп, жылдар бою акыйкаттык издеген улуу эжеси да оорукчан болуп, төшөктө жатып калган.
"Эжем азыр дары менен жашап жатат. Төшөктө жатып калды. Турмушка чыккан жок. Эжемдин тагдыры да талкаланды. Эжем дагы мындай иш болбогондо турмушка чыгып, жакшы жашайт беле? Ушул иштин артынан чуркап жүрдү. Аягына чыкпаган үчүнбү, биз үчүн тажия токтой элек да. Азыр ишеним кат алып эжемдин ордуна мен чуркап жатам. Биз дагы ошол күнөөлүүлөр жазалансан жүрөгүбүз жай алмак. Биздин жарабыз бүтөлбөй турат. Ушулардын түрмөгө киргенин көрсөк деп көксөп келебиз.
"Кылмышкерлерге карата жеңил жаза колдонулуп калган"
Бул ишти 7-8 айдан бери жактап жаткан Эрланбек Токтосуновдун айтымында, 2003-жылы жүзөгө ашкан кылмыштын катышуучулары кармалып, бирок аларга карата жеңил жаза колдонулуп калган.
"15 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы деп мыйзамда так көрсөтүлүп турат. Буларга болсо жеңил жаза берилип калган. Өлүмүнө алып келген бирден-бир себеп зордуктоо болуп жатат деп соттук медициналык эксперттик комиссия корутунду берген. Айрып жиберген да, "задний проходду" айрып жиберип, ошондон сепсис болуп, адам каза болуп жатат. Ошого юридикалык баа берилбей калган. Булар ошол мезгилдеги, Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 129-беренесинин үчүнчү бөлүмүнүн экинчи пункту менен жоопкерчиликке тартылышы керек эле. Ал жерде 15 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы көрсөтүлүп турат. Буларга болсо жеңил жаза берилип калган. Ушул эле 129-берененин эки бөлүмү менен жоопко тартылып калган. Ал жерде адам өлүмүнө алып келбеген жагдай каралып калган жана мунапыс колдонулуп калган. Айрымдарын бул ишке катыштыгы жок деп жоопкерчиликтен бошотуп жиберип атат. Азыр президентке кайрылуу жасаганбыз. Ушул ишти укук коргоо органдары, прокуратура талдап берсин деп суранганбыз. Бирок майнап чыкпай жатат. Суроолор көп. Эмне себептен сот органдары буларды бошотуп жиберген, кандай жол менен бошоткон?"
"Иш 2-сентябрда Жогорку Сотто каралат"

Жактоочу жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап чыгууну өтүнүп, Ош облустук сотуна кайрылган. Бирок сот иштин мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйөө менен баш тарткан. Учурда иш Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлдү. Жактоочунун айтымында, отурум 2-сентябрга дайындалган.
"Мөөнөтү өтүп кетсе да, кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл деп биздин президентибиз мыйзам чыгарып берди. Ошондон бери көп убакыт өтүп кетти деп эле кылмышкер өз жазасын албай калышы керекпи? Учурда биз жаңы ачылган жагдай боюнча карап бериңиздер деп улам-улам сотко кайрылып жатабыз. Ош облустук соту өтүнүчүбүздү канааттандыруусуз калтырды. Эми Жогорку Сотко кайрылдык. Отурум 2-сентябрга дайындалды".
"Апамдын өлгөнүн эстесем тура албайм, түнү бою уктай албайм. Үнүбүз качан президентке жетет билбейм, түшүнбөйм" - деп сөзүн аяктады жабырлануучунун уулу Кадырбек Жээнбаев.
































