Токаевден кийин Моди. Путин согушту токтотуу талаптарына кулак салабы?

Vladimir Putin

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын союздашы Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кремлди Украинадагы согушту токтотууга чакырды.

31-августта Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Моди: "Согуш менен өткөн ар бир күн адамзатты артка тартууда, ал эми тынчтыкка карай жасалган ар бир кадам адамзаттын жүрөгүн жаңы үмүткө жана шыктанууга толтурат", - деп билдирди.

Индиянын экономикасы Москва жеңилдетилген баада берген мунайга өтө көз каранды. Путин 2022-жылы Украинага бастырып киргенден бери Моди согушту токтотууга үндөгөн бир нече кайрылуу жасады.

Би-Би-Синин Делидеги жана Москвадагы кабарчылары Модинин кайрылуусуна Путин кандай жооп берерин талдап көрүштү.

Эмне үчүн Моди мынчалык ачык кайрылды?

Бул суроого Би-Би-Синин Делидеги кабарчысы Викас Пандей жооп берет

Модинин Украинадагы согушту токтотуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрү күтүүсүз эмес жана Индиянын тышкы саясатында кандайдыр бир тактикалык өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар бербейт.

Согуш башталганына бир жыл боло электе, 2022-жылы регионалдык саммитте сүйлөп жатып, Моди Путинге "Азыр согуша турган учур эмес", - деп ачык айткан болчу.

Бирок Модинин согуш тууралуу азыркы жана буга чейинки билдирүүлөрүн Путиндин же Орусиянын стратегиясынан баш тартуу катары кароо кырдаалды ашыкча жөнөкөйлөштүрүү дегенди билдирет.

Батыш өлкөлөрү Модиге катуу кысым көрсөтүп, андан согуш боюнча так позициясын билдирүүнү талап кылышканы менен, Дели кыйла эле бейтараптыгын сактап келген. Талап койгондун ордуна Моди согушту токтотуу үчүн диалог жүргүзүү керектигин айтып жүрөт.

Мындай позиция көптөгөн Батыш өлкөлөрүн канааттандырган жок. Бирок Батыштын Модиге жана Индияга кызыгуусу жоголгон жок, себеби Индиянын экономикасы өтө чоң жана тездик менен өнүгүп жатат, муну көз жаздымда калтырууга болбойт.

Бул жагынан алганда Модинин билдирүүсүн үчүнчү өлкөгө жагуу аракети катары кароого болбойт.

Индиянын экономикасы Орусиядан импорттолгон мунайга өтө көз каранды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын экономикасы Орусиядан импорттолгон мунайга өтө көз каранды
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анын үстүнө бул Индиянын стратегиялык көз карандысыздык саясатына толугу менен үндөшөт. Ушундан улам "Эмне үчүн Моди согуш жөнүндө мынчалык ачык айтты?" деген ой жаралат.

Мунун жообу Орусия менен Индиянын ортосундагы узак мөөнөттөн берки мамилелерде жатат. Эки өлкө тең геосаясий окуяларга ар башка баа бергени менен эреже катары кызматташуунун жолдорун дайыма таап келишкен.

Дели акыркы 30 жылда Европа жана АКШ менен тыгыз мамиле түзүп, ал эми Москва Индиянын эң күчтүү союздаштарынын бири бойдон кала берүүдө.

Дели Орусия жана Кытай менен бир катарда БРИКС мамлекеттеринин тобун түзгөндөрдүн бири, ошондой эле бул эки өлкө менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп саналат.

Бирок ошол эле маалда Дели Австралия, Жапония жана АКШ менен "Төрттүккө" да мүчө. Москвага бул мамилелер жакпайт.

Ошентсе да Москва менен Дели бул пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн аракеттерди көрүүдө. Ал тургай Орусия мурдагыдай эле Индиянын коргонуу өнүмдөрүнүн импортунун болжол менен 40 пайызын камсыздайт жана Делиге энергия ресурстарын туруктуу жеткирип турат.

Ушул себептерден улам Модинин акыркы билдирүүсү Москва менен Делинин ортосундагы мамилелерге зыян келтирет деп күтүлбөйт жана эксперттер бул Путин же анын дипломаттары үчүн күтүүсүз билдирүү болду деген ыктымалдык аз экенин белгилешет.

Ал арада Модинин Батыштагы жана Индиядагы каршылаштары премьер-министр согушту кескин сынга алышы керек эле деп эсептешет.

Путиндин жообу эмнени билдирет?

Бул суроого Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенберг жооп берет

Бул чет элдик лидер Путинди Украинадагы согушту токтотууга ачык үндөгөн биринчи учур эмес.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев беш жума мурда эле Путинге жаңжалды токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштаган.

Путин бул сунушка көнгөн жок.

Тынчтыкты орнотууга чакырыктар Путинди пландарын кайра карап чыгууга мажбурлаганын ырастаган эч кандай белгилер жок.

Модинин тынчтыкка үндөгөн чакырыгына Владимир Путин "Чоң рахмат. Биз дал ушул жолдо баратабыз", - деп гана жооп берди.

Сылык, бирок айкын эмес жооп. Бул жолу да жоопто чечкиндүүлүк байкалбайт.

Акыр соңунда бул жол кыска болушу мүмкүн. Бирок ал узун да боло алат. Ал тургай өтө эле узун болушу ыктымал.

Эмесе, "жылыш" кандай ылдамдыкта болот?

Эң негизгиси, кайсы жол менен жүрөт?

Бардык фактылар Кремль Украинада аскердик жеңишке карай баратканына ишенгенинен кабар берүүдө. Муну тынчтык терминдери менен айта турган болсок, бул Орусиянын өзүнүн аскердик ийгиликтеринин негизинде аныктаган шарттарда тынчтыкка "умтулуу" дегенди билдирет.

Ошондуктан учурда согуштук аракеттер уланууда.

Төрт жарым жылдан берки согушка жана олуттуу аскердик жоготууларга карабастан, Кремль азырынча жеңишке жетише элек.

Украина болсо согушту Орусиянын аймагына кайтара алды.

Мисалы, Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна дрондор менен урулган соккулар өлкө боюнча күйүүчү майдын тартыштыгына жана бензинге узун кезектерди пайда кылды.

Киевдин жанындагы Борисполь айылына Орусиянын түнкү чабуулунан төрт адам каза болду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевдин жанындагы Борисполь айылына Орусиянын түнкү чабуулунан төрт адам каза болду

Акыркы күндөрү Орусия Украинага чабуулдарын күчөттү.

"Коммерсант" гезити бүгүн эртең менен "Орусия Украинанын аскердик-өнөр жай объектилерине жана маанилүү инфраструктурасына чабуулдарды күчөткөндөн кийин орус тарап аскердик жаңжалда убакыт Киевдин пайдасына иштеген жок деп эсептейт", - деп жазды.

Путин да ушул көз карашта, демек, өзү "атайын аскердик операция" деп атаган согушту токтотууга ынтызар эмес. (ZMa)