Пакистан Кыргызстанга дүйнөлүк соода жолунун эшигин ачабы?

Сүрөттүн булагы, president.kg
Кыргызстан Пакистандын порттору аркылуу Түштүк Азия рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушуу учурунда айтты.
Жапаров эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө транспорт жана логистика маселеси өзгөчө орунду ээлегенин белгиледи.
"Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн Түштүк Азиядагы рынокторго, андан ары дүйнөлүк соода жолдоруна чыга турган табигый жол болуп саналат. Өз кезегинде Пакистан үчүн Кыргызстан Борбор Азиянын рынокторуна жана андан ары кеңири евразиялык мейкиндикке чыга турган маанилүү транспорттук көпүрөлөрдүн бири боло алат", — деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров эки өлкө энергетика тармагында да өз ара аракеттенүүнү уланта турганын билдирди. Ал Түштүк Азиянын керектөөлөрү өсүп жатканын, Пакистан САSА-1000 долбоору аркылуу Борбор Азиянын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн пайдалана аларын кошумчалады.
Өз кезегинде Шахбаз Шариф соода-экономикалык, гуманитардык байланыштарды бекемдөө Пакистан үчүн дагы маанилүү экенин, тараптар бир-эки жылда соода жүгүртүүнү 16 миллион доллардан 200 миллион долларга жеткирүүгө бел байлап турганын айтты.
"Ошондой эле транзиттик-коридорлорду өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дагы келиштик. Пакистан Кыргызстанга эң чоң жолдорду, портторду ачуу боюнча сунуштарды берди. Бул Карачи жана Гвадар порттору. Менимче, ушул багытта биргелешип иштешип, демилгелерди ишке ашырышыбыз керек. Бул транзиттик жолдорду, жаңы маршурттарды Кытай жана Өзбекстан аркылуу ачууга жардам берет. Транзиттик жол боюнча төрт тараптуу келишим иштеп баштады. Биринчи жүктү жөнөттүк. Ал ийгиликтүү түрдө Пакистанга келди. Бирок келишимге катышкан бардык тарап бир нече көйгөйлөр менен беттешти. Бул көйгөйлөрдү биргеликте карап чыгышыбыз керек. Бул жаатта Кытай да чон рол ойной алат", - деди Шахбаз Шариф.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Пакистан бир катар документтерге кол койду. Алардын арасында эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен билдирүү, транзиттик соода, медициналык, билим берүү жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча келишимдер бар.
Кыргызстан-Пакистан алакасы

Сүрөттүн булагы, president.kg
Кыргызстан менен Пакистан соңку жылдары мамилени бекемдеп, эки өлкө соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 3–4-декабрында Пакистанга мамлекеттик сапар менен барган. Сапардын жүрүшүндө тараптар соода, энергетика, транспорт, айыл чарба, тоо-кен, туризм, маданият жана башка тармактар боюнча бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюшкан. Ошондой эле Пакистан тарап эки өлкө 2027–2028-жылдарга чейин өз ара соода көлөмүн 200 млн долларга жеткирүүгө дараметтүү экенин билдирген.
Быйыл, 6-июлда, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Сапардын алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, анын ичинде соода, инвестиция, транспорт, энергетика жана башка багыттар боюнча маселелер талкууланган.
Ошол эле учурда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү азырынча салыштырмалуу төмөн бойдон калууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 16,1 млн долларды түзгөн. Бул Пакистандын Кыргызстандын тышкы соодасындагы үлүшү болжол менен 0,1 пайыз экенин көрсөтөт.
Кыргызстан үчүн Пакистан менен кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири транспорт болуп эсептелет. Пакистан Араб деңизине чыккан Карачи жана Гвадар портторуна ээ. Пакистан менен туруктуу транспорттук байланыш түзүлсө, кыргыз товарларын түштүк багыт аркылуу дүйнөлүк деңиз соодасына чыгарууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Энергетика тармагында да кызматташууга мүмкүн. Анын ичинде CASA-1000 долбоору аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын Ооганстан жана Пакистанга экспорттоо каралган.
Кыргызстан үчүн Пакистан 250 миллиондой калкы бар ири рынок.
Эки өлкөнү билим берүү тармагы дагы байланыштырып турат. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы медициналык университеттерде 8 миңден ашуун пакистандык студент билим алат.
Кыргызстан менен Пакистандын расмий дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Пакистан Бишкекте элчилигин 1995-жылы ачкан.
Эки өлкө Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

























