Туткунга түшкөн украин тектүү жоокерлер эмне үчүн Орусия тарапта согушканын айтып беришти

- Author, Сара Рейнсфорд
- Role, Түштүк жана Чыгыш Европа боюнча кабарчы
- Author, Мариана Матвейчук
- Reporting from, Батыш Украина
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Материалдын түп нускасын бул жерден окуңуз
Батыш Украинада бийик дубалдардын жана өтө бекем кулпуланган дарбазалардын артында Орусия тарапта согушуп жүрүп, туткунга түшүп калган эркектер кармалган лагерь бар.
Азыр түрмөнүн короосунда көлөкөдө отургандардын көпчүлүгү Орусия бастырып кирген маалдагыдай алыскы жана жакыр аймактардан эмес, Санкт-Петербург жана Екатеринбург сыяктуу ири шаарлардан согушка аттанышкан.
Бирок туткундардын баары эле орусиялыктар эмес.
Алардын арасында Украинада төрөлүп-өскөн жоокерлер бар: алар өз өлкөсүнө каршы согушка катышкан эркектер.
Согуш туткундары менен маектешүү оңой иш эмес: биринчи кезекте алар бул баарлашууга мажбурлап тартылбаганына ынануу керек, андан соң алардын бул жагдайда канчалык ачык сүйлөшкөнүн баалоо зарыл.
Бирок Орусиянын аймагында аскер кызматкерлери менен сүйлөшүү мүмкүн болбогондуктан, мындай сүйлөшүүлөр бул согуштун динамикасын баалоого жана аларды согушка катышууга эмнелер түрткү болгонун билүүгө мүмкүндүк берет. Алардын ичинде Орусиянын тарабында согушуп жаткан украиналык жоокерлер да бар.
Биз ар бир адамга маектешүүдөн баш тартуу укугун бердик, ал эми макул болгондор менен баарлашуубузду күзөтчүлөрдөн алыс жана камера болбогон жерде жаздырып алдык.

Ушундай жол менен жаздырылган бир нече маектешүүдөн тышкары, мен лагердин ар кайсы бөлүктөрүндө жолуккан камактагылар менен беформал маанайда орусча сүйлөшө да алдым.
Москвага жан тарткан күчтөр Украинанын чыгыш Донбассын көзөмөлгө алганда Антон 10 жашында болчу.
2022-жылы Владимир Путин Украинага бастырып киргенде, ал 18 жашта болчу жана ошол замат Орусиянын тарабында согушуу максатында келишимге кол койгон.
"Мен бул чечимим үчүн өкүнбөйм. Мен өз жеримди коргош үчүн согушка бардым, - деген Антон анын достору да өз ыктыяры менен согушка барышканын айтат. – Анан смстер келе баштады: бул өлдү, бул да өлдү, тиги да өлдү".
Биз менен баарлашкан башка аскер туткундарынын да окуясы Антондун таржымалынан эч айырмаланбайт: алар кимдер менен согушка барса, эч кимиси аман калган эмес.
Алар ошондой эле келишимге кол койгондорго берилген чоң төлөмдөргө карабастан, алардын ордуна өз ыктыяры менен келүүнү каалагандар барган сайын азайып жатканын айтышууда. Путин жапырт мобилизациялоо жарыялагысы келбей, мындан канчалык качса да, бул барган сайын кыйын болууда.
Украинага каршы согушкан өз жарандары туткунга түшкөндө, Украинада алар мамлекеттик чыккынчылык үчүн соттолушат.
Бирок андан соң бул эркектер орусиялыктар менен бирге аскер туткундарынын лагерлерине жөнөтүлөт.
Расмий Киев аларды мурдагыдай эле украиндер деп эсептейт жана бул аймактарды басып алган Орусиянын көзөмөлүн убактылуу көрүнүш деп эсептейт. Анткен менен жер-жерлерде кырдаал кыйла татаал.
"Алар Орусияга жан тартышат жана алардын улуттук иденттүүлүгү өтө эле бүдөмүк", - дейт Украинанын аскер туткундары менен иш алып баруу боюнча Координациялык штабынын кызматкери Петр Яценко.
Антон өзүн чыккынчы деп эсептебейт.

"Мен өзүмдү орусмун деп эсептейм. Өлкө маңызы жагынан эч нерсени билдирбейт, кептин баары улутта. Менин үй-бүлөм Орусиядан. Менин бардык тамырларым ошол жактан", - дейт ал.
Биз анын украин фамилиясын сураганда, ал "мунун темага эч тиешеси жок" деп жооп берди.
Украинада төрөлгөн адамдардын бүтүндөй бир мууну оккупацияланган шарттарда чоңоюп, орусиялык билим берүү системасынан өтүп, Кремль толугу менен көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасиринде жашап келишет. Бул өлкөдө жашагандарга көп жылдардан бери "Киевдеги бийлик нацисттик жана легитимсиз" деп кулактарына "куюп келишкен".
Толук масштабдуу согуш башталгандан бери дагы көбүрөөк аймактар ушундай эле таасирге туш болушту.
Антон мунун баарын сиңирип алып, азыр дээрлик жалаң гана орусиялык пропаганданын ураандары менен ой жүгүртүп калган.
Ал Путинди "менин президентим" деп атап, Донбасстын калган бөлүгүн да басып алуу аракеттерин уланта бериш керек деп эсептейт. Бирок Путин баштаган согуш жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетти.
"Адамдардын, айрыкча күнөөсүз адамдардын өмүрү менен кош айтышып жатканы өкүнүчтүү, - дейт Антон. – Бирок согуш деген согуш да. Аны токтотсо болоор эле. Бирок муну эч ким каалаган жок".
Түрмөдөгү ооруканада Артем бурчтагы керебетте жатат, анын денесине октор тийген. Ал болгону эки ай гана согушкан.
Антон сыяктуу эле, ал да Донецк облусунан жана ал да согушка акча үчүн эмес, өз ыктыяры менен барган экен.
"Биздин өз таарынычтарыбыз бар", - деген Артем 2014-жылы Донбасстын Украинадан бөлүнүп чыгышына жол бербөөгө аракет кылганда, украин аскерлери анын аймагын катуу аткылаганын эскерет.
Бирок ал орус армиясындагы тажрыйбасы тууралуу пикири менен бөлүшүп жатканда маанайы бузула түшөт.
Анын командири "жаман" болчу жана келишимде көрсөтүлгөн 400 миң рублдин бир тыйыны да колуна тийбегенин айтты.
Артем бир нече жолу жаракат алса да, маңдайындагы керебетте жарадар болгон орусиялык жоокерге беш эсе көп акча төлөнгөн экен.

Биз баарлашкан украин аскер туткундарынын баары 2014-жылдан бери оккупацияланган аймактардан келип, дээрлик бардыгы өз ыктыяры менен орус армиясына кызматка өтүшкөн.
Бирок Донецк облусундагы бир эркек согушка мажбур кеткенин айтып берди.
Сүйлөшүп жаткан маалда анын көздөрү ойноктоп, ишенбестик байкалып турду.
"Чалгын маалыматтарга" шилтеме жасаган расмий отчеттордун бирине таянсак, оккупацияланган аймактарда 50 миңден ашык украин өз эркине каршы аскерге чакырылган. Башка булактарда бул сандар алда канча жогору.
Бул жоокер бизге Орусия бастырып киргенден кийин үй-бүлөсү кандайдыр бир саясий же улуттук ынанымдарындан улам эмес, Донецк алардын үйү болгондуктан башкалардай болуп качпаганын айтып берди.
Эми анын жалгыз максаты – Донецкиге, аялы менен балдарына кайтып барып, аны фронтко алып кетпеши үчүн колдон келгенин жасоо. "Мен эми баарынан качып, жашырынып жүрөм", - деп мойнуна алды ал.
Оорукананын терезелеринин алдында, жаңы акталган дубалдардын боюнда аскер туткундары отургузган кулпунай жана бадыраң өсүп жатат.
Андан ары жаңы эле сырдалган курулуштан лактын жыты келүүдө.
Имараттын ичинде аскер туткундары жыгачтан табыттарды жасап жатышат.
Каршы жактагы устаканада бир нече туткун жасалма жаңы жылдык балатыларды жасашууда, ал эми алардын станокторунан балаты үчүн ачык түстөгү оюнчуктар чыгууда. Табыт жасаган эркектер сыяктуу эле, алар да бул иш үчүн тапкан акчасын кошумча тамак-ашка жана тамекиге сарпташарын айтышты.
Согуш туткундарынын бири Сергей Украинанын Луганск шаарында туулган, бирок ал Орусия да, Украина да Советтер Союзунун курамында болгон маалда Орусиядан Донбасска көчүп келген ата-энеси сыяктуу эле өзүн орус деп эсептейт.
Он жыл мурда Сергей "мекенин коргоо үчүн" орус армиясына өткөн, бирок туткундан кайтып келгенде, кызматтан кетип, фронтко кайра барбай турганын билдирди: "Мен колумдан келгенди жасадым, эми кезек башкаларда".
Бирок көпчүлүктө мындай тандоо мүмкүнчүлүгү болбойт.
Сергейдин жанында пластиктен бутактарды тизип жаткан эркек бар. Ал баңгизат сатканы үчүн түрмөгө түшкөн жана көпчүлүк сыяктуу эле узак жыл түрмөдө отурбаш үчүн гана согушка барууга макул болуп, келишим түзгөн.
Мен үчүн 15 жыл түрмөдө отуруу өтө оор болду, - дейт Константин. – Бул мени актабай турганын билем, бирок бул факт. Мен азыр 44 жаштамын, 60ка чыкканда бошонуп чыкмакмын. Ошондуктан согушту тандадым".
Мурда камакта отурган жоокерлерге эркиндикке чыгышы үчүн согуштун аягына чейин кармалышы керек, бирок аларды чабуул жасоочу бөлүктөргө жөнөтүшөт, ал эми ал жакта аман калуу ыктымалдыгы өтө аз.
Адам өлтүргөнү үчүн соттолгон үч туткун бир жыл согушка катышкандан кийин эркиндикке чыгабыз деп ойлошкон, бирок бир жылдан соң алардын келишимдери автоматтык түрдө узартылган экен.

"Согуш талаасында өз мекендештериңди өлтүрүп жатканда кандай эмоциялар болду?" – деп сураганда, Сергей бул суроону "чагымчыл" деп баалап, жооп берүүдөн баш тартты.
"Мен согуштан эч жакшы нерсе көргөн жокмун, ал эми азыркы согуштан негизинен эле кандайдыр бир жакшылык күтүп болбойт, - деп этияттык менен жооп берди Константин. – Мен украиналыктардайбыз деп айткан жокмун, бирок биз жакынбыз. Ал жакта баарыбыздын туугандарыбыз бар. Андыктан, жаман эле окуялар болуп жатат".
Бирок, ошентсе да, Константин согушуу чечими туура болду деп эсептейт.
Константиндин да, Сергейдин да согуш жакын арада бүтөрүнө көздөрү жетпейт. Экөө тең Путин Донбассты толугу менен басып алмайынча токтобойт деп эсептешет.
"Бирок согушта жүргөн тааныштарымдын баары тажап бүтүштү, - дейт Константин. - Мен согуш тезирээк бүтүшүн каалайт элем".
Түшкү тамак учурунда кочкул көк комбинезон кийген аскер туткундары баштарын ылдый салып, колдорун аркасына кармап алып, ашканага киришет.
Алар шорпо менен рагу жеп жатканда, сыналгыда Орусия 2014-жылы басып алган Крым жарым аралына тарыхый менчик укугун четке каккан "Крым жөнүндө мифтер" деген видео көрсөтүлүп турат.
Туткундардын эч кимиси видеого кенедей да көңүл бурбай, тамак ичип отурушат.
Туткундарды ушундай жол менен "кайра тарбиялоо" аракети анчалык ынандырбайт. Киевдин башкы максаты – өз жоокерлерин үйүнө кайтаруу үчүн алардын ордуна бул аскер туткундарын берүү. Бирок туткундар менен алмашуу тизмелерин макулдашып жатканда донбасстык эркектер Орусия үчүн артыкчылыктуу эмес экени белгилүү болду.
"Быйыл Донбасста төрөлүп-өскөн он чакты жоокерди гана айырбаштады, - деп кейийт Константин. - Алар бизди тизмеге кошкусу келбей жатса керек. Менимче, биз акырында гана бошотулабыз".
Макаланы Зейнеп Мартбек кызы которду




























