9/11: Дүйнөнү сестендирген теракттарга 25 жыл болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүгүн АКШда 11-сентябрдагы теракттын 25 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. 2001-жылдын 11-сентябрында жанкечти-террорчулар жүргүнчү ташыган америкалык учактарды басып алып, Нью-Йорктогу эки асман тиреген имаратка каршы багытташкан. Бул теракттын натыйжасында миңдеген адамдар өмүрү менен кош айтышкан. Бул кол салуу бүткүл дүйнөнүн үшүн алып, андан кийинки кесепеттери оор болду.
Кайсы имараттар террорчулардын бутасы болгон?
АКШнын чыгыш бөлүгүнүн үстүнөн учуп бараткан, жүргүнчү ташыган төрт учак тең терорчулардын колуна түшкөн.
Андан кийин террорчулар бул учактарды гиганттык башкарылуучу ракеталар катары колдонуп, Нью-Йорктогу жана Вашингтондогу белгилүү имараттарды бутага алышкан.
Эки учак Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун Эгиз мунараларына кулаган, экинчи учак биринчисинен кийин 17 мүнөттөн соң мунарага түшкөн.
Имараттар тилсиз жоонун туткунунда калып, натыйжада адамдар жогорку кабаттардан чыга албай, шаарды калың түтүн каптаган. Эки саатка жетпеген убакытта 110 кабаттуу эки мунара тең урап түшкөн.
Үчүнчү учак баш калаа Вашингтонго жакын жайгашкан АКШнын куралдуу күчтөрүнүн ири штабынын – Пентагондун имаратынын батыш бөлүгүн талкалаган.
Ал эми төртүнчү учакта бараткан жүргүнүлөр террорчуларга каршылык көрсөткөндөн кийин ал Пенсильваниядагы талаага кулап түшкөн. Бул учак менен террорчулар Вашингтондогу Капитолий имаратына кол салууну көздөгөн деген божомол бар.
11-сентябрдагы терактта канча адам каза болгон?
Терактта жалпысынан 2977 адам каза болгон (19 террорчуну эсепке албаганда), алардын басымдуу бөлүгү Нью-Йоркто:
Төрт учактын бортундагы 246 жүргүнчүнүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн бири да аман калган эмес.
Эгиз мунараларда 2 606 адам каза болгон – айрымдары ошол жерден эле мүрт кетсе, башкалары террордук чабуул учурунда алган жарааттарынан улам ооруканада өмүрү менен кош айтышкан.
Пентагондо 125 адам каза болгон.
Курмандыктардын эң жашы – эки жашаар Кристин Ли Хэнсон, ал эми эң улуусу – 82 жаштагы Роберт Нортон, экөө тең учактардын жүргүнчүлөрү болчу.
Биринчи учак мунарага урунганда, эки мунарада тең болжол менен 17 400 адам бар болчу. Түндүк мунарада эч ким аман калган жок, бирок Түштүк мунарада 18 адам аман калган.
Каза болгондордун арасында 77 өлкөнүн жарандары бар. Нью-Йоркто урандылардын астында калгандарга жардамга келген чукул кызматтардын 441 куткаруучусу каза болгон.
Бул теракттардын натыйжасында миңдеген адамдар, анын ичинде уулуу урандылардын ичинде иштеген өрт өчүрүүчүлөр жаракат алышкан же кийинчерээк ооруп калышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
11-сентябрдагы теракттардын артында ким турган?
"Ал-Каида" деп аталган исламдык экстремисттик тармак бул теракттарды Ооганстанда пландаган.
Усама бин Ладен башында турган "Ал-Каида" АКШны жана анын союздаштарын мусулман дүйнөсүндө болуп жаткан жаңжалдарга айыптаган.
Бул террордук топтун мүчөсү Халид Шейх Мохаммед теракттын планын башынан аягына чейин даярдап, учкучтарды жалдоого жардам берген деп айыпталып келет. Бул учкучтардын айрымдары АКШда даярдыктан өткөнү кийин белгилүү болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Терактты 18 адам жасаган, алар беш кишиден турган үч топко жана төрт кишиден турган бир топко бөлүнүшкөн.
Террорчулардын 15и Бен Ладен сыяктуу эле саудилер болгон. Дагы экөө Бириккен Араб Эмираттарынан чыккан, бирөө Египетте, ал эми дагы бири Ливанда төрөлгөн.
АКШ 11-сентябрдагы терактка кандай жооп кайтарды?
Теракттан бир ай өткөндөн кийин АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш эл аралык коалициянын колдоосу менен "Ал-Каиданы" жок кылып, Бен Ладенди колго түшүрүү максатында Ооганстанга бастырып кирген.
Бирок, америкалык аскерлер Бен Ладенди 2011-жылы гана коңшу Пакистандан таап, ошол эле жерден жок кылышкан.
Ал эми Халид Шейх Мохаммед 2003-жылы Пакистанда камакка алынган болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Ал-Каида" түп-тамыры менен жок болуп кеткен жок. Террордук уюм Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндө эбегейсиз күчкө ээ, анын азыр да Ооганстандын аймагында согушкерлери бар.
АКШнын аскерлери теракттан соң дээрлик 20 жылдан кийин 2022-жылы Ооганстандан чыгып кеткен. Ошол маалда көпчүлүк адамдар террорчулар кайрадан күч алышы мүмкүн деп кооптонушкан.
Халид Шейх Мохаммед деген ким?

Сүрөттүн булагы, Photo courtesy of Khalid Sheikh Mohammed’s legal team
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кувейтте төрөлгөн Халид Шейх Мохаммед АКШда инженердик кесипти өздөштүрүп, андан соң 1980-жылдары Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан.
11-сентябрга чейин эле ФБР аны башка жардырууларга жана ишке ашпай калган теракттарга тиешеси бар деген шек менен издеп жүргөн.
2003-жылы камакка алынгандан кийин Мохаммед үч жыл ЦРУнун жашыруун түрмөлөрүндө отуруп, кыйноолор колдонулган сурактардан кийин Гуантанамодогу АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн базасына жөнөтүлгөн.
Он жылдан ашык убакыттан бери бул базадагы аскердик сот аны 11-сентябрдагы кол салуудагы ролу үчүн жоопкерчиликке тартууга болобу жана муну кантип ишке ашырыш керек деген суроогө бир беткей жооп таппай келет. Себеби АКШда камакта отурганда Мохаммедге карата колдонулган кыйноо ага каршы чогултулган далилдердин ишенимдүүлүгүнөн шек жаратууда.
2025-жылдын январында Мохаммед жана дагы эки айыпталуучу – Валид Мухаммад Салих Мубарак бин Атташ жана Мустафа Ахмед Адам ал-Хавсави бул теракттарга тиешеси бар экенин мойнуна алары күтүлүп жаткан. Мунун ордуна алар өлүм жазасына тартылбастан, өмүр бою эркинен ажыратылмак.
Бирок, соттук отурумга бир күн калганда АКШнын Федералдык апелляциялык соту АКШ өкмөтүнүн күнөөнү мойнуна алуу тууралуу макулдашууну жокко чыгаруу өтүнүчүн карап чыгуу үчүн соттук териштирүүнү убактылуу токтоткон.
2025-жылдын июль айында сот күнөөнү мойнуна алуу тууралуу макулдашууну расмий түрдө четке каккан.
Бул иш эми мындан ары кандай өнүгө тургандыгы азырынча белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
11-сентябрдын сабагы кандай болду?
11-сентябрдагы теракттан кийинки жылдары дүйнө жүзү боюнча учактарда коопсуздук чаралары кыйла күчөтүлгөн.
АКШда аэропорттордо жана учактардын ичинде коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Транспорттук коопсуздук башкармалыгы (TSA) түзүлгөн.
Мурда Эгиз мунаралар турган "Граунд Зирону" тазалоого сегиз айдан ашык убакыт кетти.
Азыр бул жерде мемориал жана музей бар, ал эми алардын ордуна башка стилде жаңы имараттар тургузулган.
Сүрөттө: Төмөнкү Манхэттендин шаардык пейзажынын борборундагы "Эркиндик мунарасы"
Курулушу бүткөн негизги имараттын бийиктиги 1776 футту (541 метр) түзөт.
Пентагонду калыбына келтирүүгө бир жылга жетпеген убакыт кетти жана 2002-жылды






























