Зеленскийдин учагы, Орусиянын дрону менен байланыштуу окуя боюнча эмне белгилүү?

Учак

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Молдова менен Норвегиянын бийлиги шейшембиде Орусиянын дрондору Молдованын аба мейкиндигине кирип кеткенине байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин учагы Кишинёвдо кармалганын билдирди.

Шаршембиде Зеленский 89 жашында каза болгон Норвегиянын падышасы Харальд Vнин тажиясына катышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин ал Норвегиядан Канадага учуп, Исландияда токтоду.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре NRK улуттук телерадиоберүү компаниясына: "Молдованын аймагынан учуп чыгып жатканда анын учагына дрон тийип кала жаздады. Бул - ал бет келишкен чындык",- деди.

Украин президентинин кеңсесиндеги AFP агенттигинин булагы Зеленскийге коркунуч жаралганы тууралуу билдирүүлөрдү "көбүртүп-жабыртылган" деп атады.

"Дрон Молдованын жана Румыниянын аба мейкиндигине кирген учурда Молдова кооптуу абал жарыяланган",- деди AFP агенттигинин маектеши.

Бирок, президенттик учактагы булак британиялык Financial Times гезитине берген маегинде Норвегиянын премьер-министринин коркунуч тууралуу айткандарын ырастады. Ал дрон реактивдүү кыймылдаткычы бар орусиялык "Шахед" болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Ысымын атабаган украиналык чиновник FT басылмасына берген маегинде дрон Украина президентинин учагын көздөй багытталган болушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок, анткени ал учактын жанына абдан жакын келген.

FT булагынын маалыматына караганда, Зеленский дронду атып түшүрүү үчүн украиналык F-16 истребителин абага көтөрүүнү сунуштаган. Басылмада украин бийлиги бул окуя боюнча иликтөө баштаганы айтылат.

Дрондун кыйрашынан улам жаракат алгандар же зыянга учурагандар болгон жок.

Сот

Сүрөттүн булагы, Reuters

Норвегиянын премьер-министринин катчысы Бханужа Расиа NRK агенттигине: "Дрондор анын учагына канчалык жакын жайгашканы белгисиз", - деди.

Норвегиянын каржы министри, НАТОнун мурдагы баш катчысы Йенс Столтенберг бул окуя тууралуу Зеленскийдин өзүнөн укканын айтты.

"Биз аны менен жолукканда, ал бизге кечээ кечинде эмне болгонун айтып берди. Бардык жагдайларды айта албайм, бирок анын учагы кармалып, учакка коркунуч жаралган",- деди Столтенберг NRK телеканалына.

Өткөрмө бекетке сокку жана Молдовадагы дрондор

9-сентябрда Орусиянын аскерлери Украина менен Молдованын чек арасындагы "Староказачье" өткөрмө бекетине сокку урган. Бийликтин маалыматына караганда, эки адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алган.

Украина

Сүрөттүн булагы, t.me/odeskaODA

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Молдова өкмөтүнүн расмий өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, Молдованын бийлиги өз аймагына орусиялык дрон кулаганын аныктагандан кийин гана Зеленскийдин учагына учуп кетүүгө уруксат берилген. Ага чейин өлкөнүн аба мейкиндиги жабылып, мындан улам үч учак учуп чыга алган эмес жана төрт учактын конушу кечиктирилген.

Reuters агенттиги шилтеме кылган аткаминерлердин маалыматына караганда, шейшембиде Орусиянын эки дрону Молдованын аба мейкиндигине кирген. Алардын бири Кишинёвдун түндүгүндөгү талаага атып түшүрүлгөн. Экинчиси Румыниянын аба мейкиндигине кирип кеткен.

Молдованын президенти Майя Санду орусиялык дрондордун басып киришин "адам өмүрүнө олуттуу коркунуч" деп атап, Украина менен чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна орусиялыктардын соккусун айыптады.

Бул Зеленскийдин учагы дрон коркунучуна туш болгон биринчи учур эмес. 2025-жылдын декабрынын башында Би-Би-Си Ирландиянын өкмөтү өлкөдө белгисиз дрондор пайда болгону тууралуу маалымат алганын, бул Зеленскийдин учагы Дублинге конууга тийиш болгон убакытка туш келгенин билдирген.