"Баштарынан сылабайбыз". Президент Садыр Жапаров кимдер тууралуу айтты?

Сүрөттүн булагы, Official
9-сентябрдагы Жогорку Кеңеште кызматка жаңы дайындалган жана мурдарак бекитилген министрлер ант берди. Ага президент Садыр Жапаров да катышып, парламентте сөз сүйлөдү. Анда ал өлкөдөгү жетишкендиктерге токтолду. Ошону менен бирге президент элди бөлүп-жаргысы келгендер бар экенин айтты.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары өнүгүүнүн жаңы этабына чыгып, экономика өсүп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат.
"Акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктерибиздин бири – өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду. Акыркы төрт жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды түзүп, туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул жыйынтыкты 2026-жылдын конкреттүү көрсөткүчтөрү да ырастап турат. 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Бул Борбордук Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири", - деди ал.
Президент акыркы күндөрү Кыргызстанда өткөн ири эл аралык иш-чараларга да токтолду.
Ал Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммити жана "ШКУ+" жолугушуусу өткөнүн, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий сапарлары болгонун белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөнүн белгиледи.
Жапаров бул иш-чаралар өлкөнүн эл аралык аброю өсүп, дүйнөлүк жана аймактык процесстердеги орду бекемделип жатканынын белгиси экенин айтты.
Анын сөзүндө Кыргызстан 2025-2026-жылдары ШКУга төрагалык кылган мезгилде коопсуздук, транспорт, соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык байланыштар боюнча иштер алдыга жылганы айтылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө саясий жана коомдук талкуулар өлкөнү бөлүп-жарууга алып келбеши керектигин айтты.
Анын пикиринде, жер, тил, экономика, социалдык маселелер, тарых жана маданият сыяктуу темалар боюнча ар кандай көз караштардын болушу табигый көрүнүш.
Ал мамлекеттик жана саясий ишмерлерди, депутаттарды, эксперттерди, коомдук лидерлерди, журналисттерди жана блогерлерди айткан сөздөрү үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
"Бүгүнкү күндө, интернеттин заманы күч алган маалда маалыматтарды иргебей, алардын кийинки кесепеттерин эске албай жайылтуу кадимки көрүнүшкө айланып баратканы өкүндүрөт. "Кой аксагы менен миң" дейбиз. "Котур ташын койнуна катып алып", жакшы иштерден дагы кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли. Интернетке жалган пикир жазып, эл көзүнө көрүнүп, аккаунтуна катталуучу топтогон жарандарды, ошол акылын, ошол убакытын, ошол күч-кубаттарын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшоого чакырар элем. Популисттик, демогогдук пикир калтыруу менен өзүнө дагы, элге дагы, Мекенге дагы эч кандай пайда келбестигин акыры түшүнүшү керек! Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм. Сиздерге рахмат гана айтам" – деген президент.
Ошондой эле ал интернетте жалган маалыматтарды таратып, коомдук пикирди адаштыргандарды сынга алды.
"Биз мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупцияга аралашкандарды аёосуз жазалайбыз. Ошондой эле "демократия" деген атка жамынып алып, жоопкерчиликтен мурун, ээн ооздукка, ээн баштыкка баргандын өзү жапайы көрүнүш. Жалган маалыматтарды таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин баштарынан сылабайбыз. Андайларга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн буга чейин да айткам, азыр да айтам!", - деди президент.
Депутаттар эмне дейт?
Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңеште айткан сөздөрүн парламент депутаттары кандай кабыл алды?
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев президенттин сөзүндө коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, ошондой эле кастык тилине жол бербөө тууралуу маселелер айтылды деп эсептейт.
"Бул жалпы сөз болду. Коомдо, элдин арасында тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, мыйзамда белгиленген эле маселелер айтылды. Кастык тилден алыс болушубуз керек. Улут, социалдык аралык кастык тилди колдонгон инсандарга жаза бере турган беренелер бар", - деди Жээнчороев.
Ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алишер Козуев президенттин сөзүн туура эмес таратылган жана далилденбеген маалыматтарга байланыштуу айтылган пикир катары түшүнгөнүн билдирди.
"Туура эмес таратылган маалыматтар жөнүндө айтты деп ойлойм. Конкреттүү бир фактылар боюнча кайрыла турган болсок, ага тиешелүү органдар жооп берсе керек. Ал эми далиленбеген, негизсиз жазылган сөздөр, элдин башын айлантуу максатында кайрылып жаткан жарандар тууралуу айтты деп ойлойм", - деген Козуев демократиялык коомдо сын-пикир жана сөз эркиндиги болушу керектигин кошумчалады:
"Албетте, сын пикир болушу керек. Биз демократиялуу өлкөдө жашагандан кийин ар бир адамдын өзүнүн сөзүн айтканга, сындаганга конституциялык укугу бар. Бирок мыйзам чегинде. Мисалы, жок эле нерсени, жалган жалааны айтпай, факты менен айтылса, жакшы болсо керек. Сөзсүз түрдө сөз эркиндиги болушу керек".
"Сынчыл пикир билдиргендерди куугунтуктоо боюнча кеңири тенденция сакталып калды"
Бийлик буга чейин да коомдо туруксуздук жараткандарга катуу чара көрүлөрүн бир канча жолу эскерткен.
Жер маселеси жана чет элдик инвесторлор тууралуу пикирин билдирген айрым блогерлер менен активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылып, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү маалымдалган. Ошондой эле камалган активисттер да болду.
Андан тышкары, 20-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жалган маалымат таратып, "улут аралык кастыкты козуткандарга" катуу чара көрүлөрүн билдирген.
Анда ал саясатчылардын, активисттердин, укук коргоочулардын жана журналисттердин тизмесин жана маалыматтарын кошо жарыялаган.
Адам укуктары боюнча өнөктөштүк уюму (IPHR) соңку баяндамасында Кыргызстанда бийликти сындаган журналисттерге, блогерлерге, активисттерге карата куугунтук уланып жатканын белгилеген. Баяндамада өлкөдөгү сөз эркиндиги, жарандык коом жана тынч жыйындарга байланыштуу абалга баа берилген.
Уюмдун маалыматына караганда, 2026-жылдын март айынын августтун ортосуна чейинки мезгилде айрым оң көрүнүштөр болгону менен, бийликти сындаган адамдарга карата кылмыш иштерин козгоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу тажырыйбасы токтогон эмес.
Баяндаманын авторлору УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бийликтен кеткен маалга көңүл бурушкан.
Ташиев президенттин жакын саясий өнөктөшү катары таанылганын, ал атайын кызматты жетектеп турганда бийликти сындаган адамдарды "жазалоо" кампаниясы күч алганын эске салган.
IPHR эл аралык уюму Камчыбек Ташиев кызматтан алынса да, мурдагыдай эле сынчыл көз караштагы адамдарга карата кысым уланып жатканын белгилеген.
"Ташиев кызматта турган учурда бийликти сындагандарга каршы кампанияны жетектегендиктен, анын кызматтан кетиши алгач сынчыл пикир айткандарга карата мамиле өзгөрүшү мүмкүн деген үмүт жараткан. Бирок айрым чектелүү мүнөздөгү оң өзгөрүүлөр болгонуна карабастан, сынчыл пикир билдиргендерди куугунтуктоо боюнча кеңири тенденция сакталып калды", - деп айтылат баяндамада.
































