"Биринчи жолу сизден бир нерсе сурагым келет". Султанбеков туулган күнүн утурлай Садыр Жапаровго кайрылды

Сүрөттүн булагы, Social
Саясатчы, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков туулган күнүн утурлай президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал кайрылуусун Facebook баракчасына жарыялады.
Султанбеков анда башка саясатчылардай болуп президенттен ырайым сурап, анын жүрөгүн козгоого аракет кылбай турганын айтты.
"Менин да, башкалардай эле, Сиздин алдыңызда ыйлап туруп, коомдун боорукерлигин козгоого аракет кыла алган туугандарым, жакындарым жана досторум бар. Сиздин мындай көрүнүштөргө болгон көз карашыңызды билем, бирок кыргыз рухун уятка калтырып, ушундай ылайыксыз жүрүм-турумга өзүмө жол бербейм. Мен ар дайым намысты өмүр же эркиндик үчүн курмандыкка чалууга болбойт деп айтып келем",- деген Султанбеков.
Ал Жапаровдун президенттик мезгилинде бир жыл 10 ай үй камагында, жети ай пробациялык көзөмөлдө жана бир жыл үч ай СИЗОдо камакта отурганын билдирди. Ошондой эле куугунтуктоо жана камакка алуулар анын командасынын ишине кедергисин тийгизгенин кошумчалады.
"Камакка менин орун басарларым, аппаратымдын жетекчилери, кеңешчилерим, катчыларым, ал тургай айдоочум да дуушар болду, алтургай жардамчы-ассистентиме да кылмыш иши козголду. Мага болгон басым-кысым муну менен бүткөн жок, ал үй-бүлөмө да жетти. Туугандарым мамлекеттик кызматтан бошоп кетишти. Жакында эле Сиздин администрацияңыздын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Д. Орунбеков "атуу тизмесин" жарыялады, ал тизмеде апам жана карындашымдын аттары да аталган. Милиция кызматкерлери 12 жаштагы инимдин телефонун жана планшетин күч менен тартып алышып, 10 айдан бери кайтарышпады. Акырында кырдаал күлкүлүү деңгээлге жетти, жадагалса мышыгымдын паспортун жана ветеринардык китепчесин алышып кайра кайтарышпаптыр - бул тергөөнүн иши беле? Ушул жана башка көптөгөн жагдайларда мен жасалма деле болсо кайдыгерлик менен унчукпастыкты сактап, алсыздыктан жабырлануудамын. Бирок жыйынтыксыз чыгууну каалабайм",- деген ал.
Султанбеков буга чейин президент менен жолугушууларында жана маектеринде кызмат ордун, акча же партиясы үчүн өзгөчө шарт сурабаганын айтты.
"Менин суранычым бир гана өлкө жана элим үчүн болгон. Сиз жана Сиздин командаңыз элдин көйгөйлөрүн чечүүдөгү биздин кайрылууларыбызды көп жолу чечип бергениңиз үчүн ыраазымын. Жакында менин туулган күнүм жана мен биринчи жолу Сизден бир нерсе сурагым келет. Албетте, адилеттүү сотту сурай алышым мүмкүн эмес, себеби бул чачтарачтан жүрөккө операция жасоону сурагандай эле нерсе. Мен бизге козголгон ишке соттун ачык болушун гана суранам. Эгер тергөөнүн, милициянын, прокурорлордун жана соттордун адилеттүүлүгүнө жана билимдүүлүгүнө ишенсеңиз, анда ачык соттун өтүшүнөн эмне үчүн коркуу керек? Мага каалаганча жаза бере берсеңиз болот, 20 жыл болобу, өмүр бою болобу - мен ага кайдыгермин, бирок ачык сот өткөрүңүз. Эл уксун, эл корсун, эл талдасын, эл билсин. Бизге козголгон кылмыш ишинин көрүнүшү Франц Кафканын "Процесс" аттуу китебиндеги көрүнүштөрдү элестетет, бирок биздин чыныгы турмушта Кылмыш кодекси менен Кылмыш-жаза процесси ага салыштырмалуу жүз эсе катаалыраак. Бирок Йозеф К.дан айырмаланып, А. Дюманын Эдмон Дантеси менен В. Гюгонун Жан Вальжанынын мисалдарына жакын ыраакпыз. Биз чындыкка гана эмес, автократия үстүнөн демократиянын, жалгандын үстүнөн чындыкка да ишенебиз",- деген саясатчы.
2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баш болгон ондой адам жапырт кармалган. Анын алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.
Милиция кармалгандарды жапырт "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Массалык башаламандыктар" беренелери менен айыпталып жатат.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган.





























