"Катка бильярд ойноп жүргөндө кол койгонбуз". Рыскулов, Ашыралиев сотко күбө катары чакырылды

күбөлөр
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 3-августта Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга" айыпталган сегиз саясатчынын соту уланууда. Күбө катары чакырылгандардын арасында Эл акыны Акбар Рыскулов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кемел Ашыралиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору Шамшыбек Медетбеков бар.

"Күбө катары келдим. Бул кокустан болду. Бильярд ойнойбуз. Ошол жерден катты көрсөтүп калышты, кол коюп калдык. Катты окуганбыз. Катта экономикалык өнүгүү үчүн, туруктуулукту сактоо үчүн деген маани камтылган. Мен эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин. Мага каттар, сыйлыктар боюнча көп кайрылышат. Колдоп коем. Муну деле ошондой деп ойлогом", - деди Акбар Рыскулов.

"Мен жумасына бир-эки жолу бильярд ойнойм. Бильярд ойноп жүрсөм бирөө мына бул жерде кол коюп жатышат деди. Эмне экен деп барып карасам, президентти аябай макташыптыр. Шайлоого барса болот деген жери бар экен. Аа, "каңкы-маңкы" сөздөрдөн кутулайын деп, ШКУну жаңы шайланып алып өткөрөюн деп жаткан экен дедим. Бакиев деле мөөнөтү бүтө электе кайра шайлоого барбады беле, Акаев деле төрт-беш жолу барбады беле. Имиштерден тазаланайын деп жаткан экен дегем. Кол коюп койдум. Мени эч ким колумдан тартып, кол кой деген жок, өзүм койдум. "75чилердин" баары мыкты адамдар. Жакшы ой менен кол коюп коюшкан. Эч ким бул кат кылмыш ишине айланып кетет деп ойлогон эмес. Жакшылык болсун дешкен", - деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кемел Ашыралиев.

"75чилердин" иши

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

11-февралдан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.

Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Ошондон кийин, 10-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.

Кийин кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.