Сеулда өткөн Frieze Seoul 2026 арт-жарманкеси көрүүчүлөрдүн саны боюнча рекорд койду
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Сеулда 2–5-сентябрда өткөн Frieze Seoul 2026 арт-жарманкесине 70 миңден ашык адам келип, анын беш жылдык тарыхындагы көрүүчүлөрдүн саны боюнча рекорд жаңырды.
Быйылкы жарманке Сеулдагы COEX көргөзмө борборунда бешинчи жолу уюштурулду. Ага дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 130дан ашык галерея катышты.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, быйыл Frieze Seoul 2026 жарманкесине 54 өлкөдөн көрүүчүлөр келишкен. Мындан тышкары, 25 өлкөдөн 178 музейдин жана искусство мекемесинин өкүлдөрү катышты. Бул жагынан да жарманкенин тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болду.
Жарманкеге катышкан галереялардын 70 пайыздан көбү Азия-Тынч океан аймагынан келген. Ал эми Борбор Азиянын сүрөтчүлөрү быйылкы жарманкеде дээрлик байкалган жок.
Сеулдагы Line маданий борборунун директору Ко Вон Сок Борбор Азия искусствосу тууралуу эл аралык деңгээлде маалымат дагы деле чектелүү экенин айтты.
"Чынын айтсам, биздин Борбор Азия искусствосу тууралуу маалыматыбыз азырынча бир топ чектелүү болуп жатат. Борбор Азиянын искусствосун жана сүрөтчүлөрүн жакшыраак түшүнүү үчүн бизде дагы көп нерсени үйрөнүшүбүз керек. Бирок жеке өзүм Борбор Азиянын искусствосуна абдан кызыгам. Эки жыл мурун Алматыда теги кореялык сүрөтчү Александр Угайдын жеке көргөзмөсүн уюштургам", - деди Ко Вон Сок Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Official
Ко Вон Сок Борбор Азия менен Түштүк Кореянын искусство чөйрөсүнүн ортосунда келечекте көбүрөөк байланыш жана мүмкүнчүлүк пайда болот деп үмүттөнөрүн билдирди.
"Борбор Азиянын искусствосу тууралуу түшүнүгүм азырынча чектелүү болсо да, келечекте бири-бирибизди азыркыдан да жакшыраак таанып, көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болобуз деп үмүттөнөм", - деди ал.
Корей искусствосуна суроо-талап жогору
Frieze Seoul 2026 жарманкесинде корей сүрөтчүсү Ю Ёнгкуктун 1971-жылы май боёк менен холстко тартылган Work аттуу эмгеги Kukje Gallery тарабынан 2,2–2,5 миллиард вонго, башкача айтканда, болжол менен 1,6–1,85 миллион долларга сатылды.
Frieze бул сумманы жарманкенин беш жылдык тарыхында корей сүрөтчүсүнүн эмгеги үчүн жетишилген эң жогорку баа деп билдирди.
Мындан тышкары, Almine Rech галереясы Ли Уфандын бир картинасын жана Джордж Кондонун кагазга тартылган эмгегин ар бирин 1,25–1,5 миллион долларга бааланып, сатылды.
Hauser & Wirth галереясы Рашид Жонсондун 1,2 миллион долларлык эмгегин Түштүк Кореядагы ири мекемелердин бирине өткөрүп берди. Ал эми Lehmann Maupin галереясы Ким Юн Шиндин эмгегин Түштүк Кореядагы музейлердин биринин коллекциясына жайгаштырды.
Gallery Hyundai Ким Чанг-Ёлдун эмгектерин 180 миң доллардан 1,1 миллион долларга чейинки баада сатты.
Жаңы бөлүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр
Быйылкы Frieze Seoul 2026 программасына эки жаңы бөлүм - Material Practice жана Spotlight кошулду. Material Practice заманбап искусство менен дизайнды айкалыштырган эмгектерге арналса, Spotlight XX кылымда жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келген сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Spotlight бөлүмүндө сербиялык-француз сүрөтчүсү Жордже Ивачковичтин 1968-жылы тартылган 2 I 68 эмгеги жана кореялык сүрөтчү Квак Хундун 1979-жылкы Soil to Soil – I чыгармасы көрсөтүлдү.
Жарманкенин быйылкы көрсөткүчтөрү Сеулдун эл аралык искусство рыногундагы орду барган сайын бекемделип жатканын көрсөттү. Көрүүчүлөрдүн жана музей өкүлдөрүнүн рекорддук саны, ошондой эле корей жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн эмгектерине болгон жогорку суроо-талап Азиядагы искусство рыногуна болгон кызыгуу күчөп жатканын айгинелейт.
Ошол эле учурда Борбор Азия искусствосунун Frieze Seoul 2026 сыяктуу ири эл аралык аянтчаларда дээрлик көрүнбөй жатышы аймактагы сүрөтчүлөр үчүн дагы деле чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтөт.
Сеулдагы искусство чөйрөсүнүн өкүлдөрү да Борбор Азиянын заманбап искусствосуна кызыгуу бар экенин, бирок аймактагы сүрөтчүлөр тууралуу маалымат жетишсиз экенин белгилешет. Демек, келечекте бул эки аймактын ортосундагы байланыштар күчөсө, Борбор Азия искусствосунун эл аралык аудиторияга чыгышы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылышы күтүлөт.

Сүрөттүн булагы, Official































