Жогорку Кеңеште үч жылга соттолгон дарыгер Насира Бейшебаеванын маселеси көтөрүлдү

Сүрөттүн булагы, Social media
Жогорку Кеңештин 16-сентябрдагы жыйынында Бишкек шаардык соту үч жылга эркинен ажыраткан Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун нефрологу Насира Бейшебаеванын иши көтөрүлдү.
Депутат Илимбек Кубанычбеков үч жылга эркинен ажыратылган дарыгердин ишине көңүл бурууга чакырды.
"Бул окуя медицина тармагындагы кызматкерлерге болгон чоң сокку десем жаңылышпайм. Себеп дегенде бул окуядан кийин медицина тармагында, дарыгерлерге олуттуу кооптонуу пайда болуп жатат. Насира Бейшеналиева тууралуу айтсак, ал өмүрүнүн көп жылдарын кыргыз медицинасына, ошонун ичинде жаш балдардын бөйрөк оор паталогиясына арнап келген. Миңдеген балдардын өмүрүн сактоого себепчи болгон", - деди депутат.
Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун натыйжалуу механизмин түзүүнү сунуштап, бул нерсе күтүүсүз кырдаалдарда бейтаптын укугун коргоого жана дарыгерди негизсиз материалдык, укуктук басымдан сактоого өбөлгө түзөрүн билдирди.
"Камсыздандыруу дарыгерди жоопкерчиликтен бошотпойт. Күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок медициналык тобокелдик менен дарыгердин күнөөсүн бирдей кароого болбойт. Бейтаптын укугу да, дарыгердин укугу да корголушу керек. Дарыгер өз ишин коркуу менен эмес, адам өмүрүн сактайм деген ишеним жана мамлекеттин мыйзамдуу колдоосу менен аткарууга тийиш", - деди эл өкүлү.
Бейшебаева 10-сентябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга эркинен ажыратылган. Сот ошондой эле аны үч жылга медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыраткан.
Буга чейин Ленин райондук соту Бейшебаевага үч жылдык эркинен ажыратуу жазасын берип, бирок аны пробациялык көзөмөл менен алмаштырган. Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүп, дарыгерди сот залынан камакка алды.
Соттун чечиминен кийин Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну жана ага мунапыс берүүнү суранышты.
Медициналык кызматкерлер дарыгерлер өз кесиптик милдеттерин аткарууда оор жана татаал чечимдерди кабыл алуудан коркуп калышы мүмкүн экенин билдиришти.
"Медицина кызматкерлери биз өзүбүзгө мындай суроону берип жатабыз: өз ишин аткарып, бейтаптардын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуу үчүн оор чечимдерди кабыл алган дарыгер темир тор артына түшүп калышы мүмкүн болсо, анда келечекте бул жоопкерчиликти ким өз мойнуна алууга даяр болот? Кандайдыр бир медициналык ката же тескери натыйжа үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралып, түрмөгө түшүүдөн кооптонуп, иштөөдөн жана татаал чечимдерди кабыл алуудан дарыгерлер коркуп калышты", - деп айтылат кайрылууда.
Медиктер Бейшебаеванын көп жылдык тажрыйбасын белгилеп, анын ишин кароодо бардык жагдайларга көңүл бурууну өтүнүштү.
Дарыгерге эмне айып тагылган?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бейшебаевага каршы кылмыш иши 2024-жылы ноябрда Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо дарыланган 13 жаштагы кыздын оң буту ампутациялангандан кийин козголгон.
Кыздын апасы Зульфия Стамкулова кызына дарыгерлер туура эмес дарылоо жүргүзгөн деп эсептейт.
"Бейшебаев аттуу дарыгердин менин жашы жете элек кызымды туура эмес дарылоосунан жана шалаакы мамилесинен улам майып кылып койду. 13 жаштагы кызды майып кылып койду. Бир жылдан бери адилеттүүлүккө жетпей келе жатам", - деди кыздын энеси.
Бейшебаевага Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай, этиятсыздыктан оор залал келтирген деген айып коюлган.
Жабырлануучунун адвокаты Бексултан Осмонов дарыгер жоопкерчиликке туура нгеизде тартылып жатат деп эсептейт.
"Биринчиден, бул иште дарыгерди балага атайылап зыян келтирди деп, эч ким айыптаган жок. Айып Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси боюнча коюлган. Бул берене медициналык кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун натыйжасында этиятсыздыктан оор кесепеттер келип чыккан учурларда жоопкерчиликти карайт. Башкача айтканда, мыйзамдын өзү эле атайылап жасалган аракет жөнүндө эмес, кесиптик милдетти талаптагыдай аткарбоо жана анын кесепети жөнүндө болуп жатканын көрсөтөт. Ошондуктан дарыгер атайын кылган эмес, демек жооп бербеши керек деген аргумент туура эмес", - деди адвокат.
Ал эми дарыгердин эжеси Жамила Бейшебаева дарыгер кыздын бутун сактап кала албаса да, өмүрүн сактап калганын айтат.
"Ал колдон келген билими менен чындыгында анын жанын сактап калды. Бирок бутун сактай алган жок. Анткени ал бөйрөк боюнча дарыгер. Ал кан-тамыр дарыгери эмес. Ал жерде Насиранын кандай күнөөсү бар?" - дейт Жамила Бейшебаев.
Бейшебаеванын жактоочусу соттун чечимине даттануу ниети бар экенин билдирген.




























