"Мектепте бекер бериле турган китептер базарда сатылууда". Укук коргоо органдары текшерүү баштады

"Бекер таратыла турган окуу китептери базарда сатылууда". Укук коргоо органдары текшерүү баштады

Сүрөттүн булагы, Интернеттен алынды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзө баштады. Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен китептердин базарга кандай жол менен түшкөнү аныкталат. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев базарларда мамлекеттик мектепке арналган окуу китебин сатып алганын билдирген. Ал ошол эле кезде мектептерде китеп жетишсиз болуп жатканын да айткан.

Министрлер кабинети мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы тууралуу маалымат боюнча укук коргоо органдарына текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

"Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Агартуу министрлигине жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу китептеринин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысы боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү, аталган окуу китептеринин базарга түшүп кетишинин булактарын жана жагдайларын аныктоо, басылып чыгарылган, берилген жана бөлүштүрүлгөн нусканын иш жүзүндөгү көлөмүнүн белгиленген буйрутмаларга жана документтерге шайкештигин текшерүү тапшырылды" деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинети текшерүүнүн жыйынтыгына жараша мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөрүн кошумчалаган.

15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жатканын айтып, ошол эле учурда сатууга арналбаган китептер базарда сатылып жатканын билдирген.

"Мектепте окуу китеби жок. Окуу китептери базарда жүрөт. Бүт окуу китептери базарда жүрөт. Мына, бул китеп "Учкундуку", математика, 3-клаасс. Биз (китепке деген) 600 миллион сомду каякка бөлүп жатабыз? Базаргабы? Базарда сатылсын деп бөлүп жатабызбы? Мына, "Учкундун" китеби, "сатууга болбойт" деп турат. Бүт "Дордойдо" жүрөт. Мектепте китеп жок, ыйлап жатышат. А биз акчаны кайда бөлүп жатабыз? Бул коррупция. "Учкундан" алып, муну бирөө сатып жатат. Биз китептер бекер берилсин деп акча бөлүп жатабыз, тигил жакта болсо, базарга чыгарып жатышат", - деди Дастан Бекешов парламенттеги жыйында.

Анын айтымында, китеп жетишпестиги тууралуу арыз-даттануулар көп түшүүдө.

"Ата-энелерден, окуучулардан көп арыз-даттануулар түшүп жатат. Алар мектептерге такыр китеп жок экенин айтып жатышат. А билесиңерби алар кайда? Мектепте китеп жетпей, эски китептерди берип жаткан чакта, бул китептерди мен "Дордойдон" таптым", - деди депутат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бекешевдин бул билдирүүсүнөн кийин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептерге арналган китептердин базарларда жана башка соода түйүндөрүндө сатылып жаткан фактылары боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын маалымдаган.

Агартуу министрлиги 15-сентябрда мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстери эркин сатууга чыгарылбай турганын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда мындай китептердин базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында сатылып жаткан фактылары катталган.

Буга байланыштуу министрлик Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине расмий кайрылган.

Министрлик жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин мыйзамсыз сатпоого, таратпоого жана сатууга ортомчулук кылбоого чакырды.

Ошондой эле жеке менчик мектептер мындай окуу китептерин «Учкун» ачык акционердик коому менен келишим түзүү аркылуу гана сатып ала алары айтылды.

Мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жатканы тууралуу ата-энелерден даттануулар түшүүдө. Айрымдары жетишпеген китептерди өз каражатына сатып алууга туура келгенин айтышууда.

Бул көйгөй Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткан учурда жаралууда. Агартуу министрлиги окуу китептери этап-этабы менен чыгарылып, бардык окуучуларга акысыз берилерин билдирген.

Ошол эле учурда мамлекеттик мектептерге арналган айрым жаңы окуу китептери базарларда сатылып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул боюнча Министрлер кабинети жана укук коргоо органдары текшерүү жүргүзө баштады.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталган.