"Чийилип көнүп калгам". Аалы Туткучев Таластагы майрамда ырдабай калганы боюнча үн катты

Аалы Туткучев

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аалы Туткучев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Төкмө акын Аалы Туткучев Таласта Кыргызстандын Эгемендигинин 35 жылдыгына арналган иш-чарада ырдабай калганына байланыштуу коомдук талкуулардан кийин өз пикирин билдирди. Ал буга чейин Таласта ырдабай калганына "протокол" себеп болгонун кыйыткан. Ал эми Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев акынды иш-чаранын программасын тактабай туруп чакырганын айтып, муну өзүнүн кемчилиги деп атады.

Төкмө акын Аалы Туткучев Таласта Кыргызстандын Эгемендигинин 35 жылдыгына арналган иш-чарада ырдабай калганына байланыштуу чыккан талкуулардан улам социалдык тармакта өз пикирин билдирди.

"Урматтуу эл-журт! Таластагы чакан тойдо 200 кишиге ырдаган ырым мынча талкуу жаратаарын билбептирмин. "Тил кесмек жок, баш кесмек бар", башымды кессе сурап алар элим бар экенин билдим. Элиме ыраазымын! Эрмат мырзанын Талас элине жасаган эмгеги үчүн сыйлайм. Протоколдун тепкиси ак жеринен күнөөнү моюнуна алдырып жатса керек. Анткени, бул чыгармачылык жолумдагы биринчи учур эмес. Биз тепкиге албайлы. Эч кимге капа эмесмин, чийилип көнүп калгам... Жаратканым ЭЛДИН жүрөгүнөн чийбесе экен,- деп жазды Аалы Туткучев 14-сентябрда.

ап

Сүрөттүн булагы, Social media

Ал эки күн мурда Таластагы кайсы бир жеке тойдо комуз менен төгүп жатып, Эгемендик майрамында ырдабай калганына байланыштуу пикирин ыр менен айткан.

"Бир ай мурун мени да губернатор чакырды,

Той башталып жатканда, ой, кантип кошпойбуз деп акынды.

Анан бир күн калганда, кайрадан чалып протокол келип алып,

Аалы аке чийип салды дейт атыңды", - деген ыр саптар социалдык тармактарда талкуу жараткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

14-сентябрда Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев төкмө акын Аалы Туткучевдин майрамдык иш-чарада ырдабай калганына байланыштуу журналисттерге комментарий берип, Фейсбук баракчасына да өз пикирин жазды.

Жумаевдин Би-Би-Сиге суроолоруна жооп берип жатып айтканына караганда, акынды иш-чаранын программасын тактабай туруп өзү чакырган.

"Протокол чийген жок. Ал менин кемчилигим болуп калды. Бул иш-чараны пландаштырып жатканда программаны карабай эле, Аалы байке менен сүйлөшүп, "келиңиз, ырдап бериңиз" деп чакыргам. Ал киши макул болгон. Башында мен "аянтка келип, ырдап бериңиз" деп айткам. Ошол жерде эл көп болот деп ойлогом. Бирок ал жерде эстрадалык концерт гана болду, ал жерде акындар ырдаган жок. Ошондуктан "Манас ордодо" төкмө акындардын алдында ырдатууну талкуулаганбыз. Анан "сиз элдин баары тааныган акынсыз, жетекчилер кеткенден кийин ырдап калат экенсиз" деп токтотконбуз негизи. Аалы байке менен кечээ сүйлөштүм. Элдин баары эле менден "эмнеге чоң тойго келип ырдаган жоксуң" деп сурап жатат, баарына түшүндүрүп отурмак белем, бир эле жооп берип койдум деп айтты"-, деди Эрмат Жумаев.

Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык маарекеси быйыл 11-сентябрда Талас облусунда белгиленип, бир катар майрамдык расмий иш-чаралар өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер, коомдук ишмерлер, облустун тургундары жана коноктор катышты.