"Жолугушууга уруксат беришпейт": Темирлан Султанбеков сотко кирбей койду

Сүрөттүн булагы, social media
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев баш болгон бир нече саясатчынын ишин кароо кийинкиге калтырылды.
Буга айыпталуучу Султанбековдун сот залына кирбей койгону себеп болду. Жактоочулардын айтымында, Султанбеков сот залына кишен менен кирүүдөн баш тарткан.
Кадыр Атамбаев болсо отурумга кирип бара жатып көк түстөгү папканы жерге ыргытып, анын ичинде кат бар экенин айтты. Кат кимге багытталганын жана анда эмне жазылганын ачыктаган жок.
Көп өтпөй залдан кайра чыгарылды. Ал Султанбековсуз сот отурумуна катышуудан баш тартканын айтты.
Отурумга айыпталуучулардын жакындары жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да келди. Ал Би-Би-Сиге уулу негизсиз айыпталып жатканын айтып, анын акталып чыгарына үмүттөнөрүн билдирди.
"Жолугушууга уруксат беришпейт. Сотто жанына барып, жөн гана колун кармап, кучактаганга мүмкүнчүлүк жок. Балдарыбызды четте гана карап турабыз. Азыркы абал ушундай. Мындай болуп жатканы туура эмес. Андан тышкары, эч кандай маалымат берилбейт. Сот отурумдарына киргизбей жатышат. Ноябрда бир жыл болот. Сотко келебиз, улам кийинкиге жылдырып коет. Бул эмне болгон сот? Бул сот эмес, цирк",- деди Раиса Атамбаева.
"Башынан эле айтып келе жатабыз. Уулумдун эч кандай айыбы жок. Эгер далилдери болгон болсо сотту ачык кылып, көрсөтмөк. Эч кандай дадил жок болгон үчүн отурум жабык болуп жатат. Мурунку ишин да ушундай кылып жабышкан. Жаап-жашырып эле элге көрсөткүлөрү келбей жатат",- деди Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков.
Буга чейин президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Атамбаев жана анын жакындарына байланыштуу иш тууралуу мындай деген:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Өзүнүн жакындарын, бала-чакасы менен кошуп туруп, өз колу менен түрмөгө тыгып албадыбы. Мен тыккан жокмун аны. Камагыла да деген жокмун. Баары фактылар менен турат. Акыл айтышы керек болчу. Балдарым, токтогула, койгула. Силердин алыңар жетпейт деши керек болчу. Биздин убак өтүп кетти деши керек болчу".
2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баш болгон ондой адам жапырт кармалган. Анын алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.
Милиция кармалгандарды жапырт "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Массалык башаламандыктар" беренелери менен айыпталып жатат.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган.




























