Путин мактаган генерал Орусиянын Баатыры наамын алгандан эки жума өтпөй каза болду

Сүрөттүн булагы, Mil.ru
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
4-мотоаткычтар бригадасынын командири, "Грозный" лакаб аттуу генерал-майор Антон Грунис фронт тилкесине жакын жерде Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов ага Орусиянын Баатыры наамын тапшыргандан эки жума өткөндөн кийин каза болду. Грунис фронттогу кырдаал тууралуу кеминде эки жолу президент Владимир Путинге жеке өзү баяндама жасап, Путин офицерди эл көзүнчө мактаган.
Орусиялык жогорку даражалуу офицер ишембиден жекшембиге караган түнү (12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү) фронттун тилкесине жакын жерде каза болгону тууралуу алгач орусиялык аскердик Z-блогер Анастасия Кашеварова кыйыткан. "Бүгүн түнү фронт өзүнүн Баатырларынын биринен айрылды. Азырынча, расмий маалымат болмоюнча, билдирбей турам", - деп жазган ал 13-сентябрда эртең менен өзүнүн Telegram-каналына.
Эртеси генералга арналган некрологду Казан суворовдук аскер окуу жайын бүтүргөндөргө арналган "Суворовское братство" Telegram-каналы жарыялаган. Грунис дал ушул окуу жайды аяктаган. Постто каза болгон адамдын аты-жөнү аталган эмес.
15-сентябрда Грунистин каза болгонун, акыры анын аты-жөнүн атап, Орусиянын согушту колдогон Anna News агенттиги жазды. Агенттик офицер жетектеген 4-мотоаткычтар бригадасындагы аты-жөнү айтылбаган булактарга таянган.
Ал эми Грунистин каза болгонун расмий ырастаган жалгыз маалымат азырынча Орусиянын Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Апти Алаудиновдун Telegram-посту бойдон калууда. "Генерал-майор Антон Грунис "Грозный", терең кайгыруу менен айтсак, бул дүйнөдөн өттү",- деп жазган Алаудинов 16-сентябрда.
Грунистин, анын өз бир тууганынын жана жакын туугандарынын телефондору шейшемби, 15-сентябрда, же өчүрүлгөн, же чалууларга жооп бере элек.
Кашеварова өзүнүн постунда аскер кызматкери соккудан каза болушу мүмкүн экенин, ал эми анын жайгашкан жери Украинанын Куралдуу күчтөрүнө "өз адамдарынан" чыккан маалыматтын чыгып кетишинин натыйжасында белгилүү болуп калган болушу ыктымалдыгын божомолдогон.
Би-Би-Синин Орус кызматы Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына генерал Грунистин өлүмүнүн жагдайларын түшүндүрүп берүүнү сурап кайрылды жана жооп күтүп жатат.
Путин тааныган генерал
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Антон Грунис 1979-жылы Казань шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы жалпы аскердик командалык окуу жайда окуган. Экинчи чечен согушуна, 2008-жылдагы Орусия-Грузия согушуна, Крымдын аннексияланышына жана Орусиянын Сириядагы аскердик өнөктүгүнө катышкан.
Би-Би-Синин Орус кызматы таанышкан маалыматтарга караганда, ал 2021-жылдан 2023-жылга чейин Түндүк жана Түштүк Осетиянын чек арасынан бир нече жолу өткөн. Убактысынын көпчүлүк бөлүгүн Грузиядан бөлүнүп чыккан, Орусиянын аскердик базасы жайгашкан аймакта өткөргөн.
2023-жылы, Орусиянын Украинага басып киргенден дээрлик бир жыл өткөндөн кийин, Грунис орус армиясынын катарына кайтып келип, көп өтпөй 4-мотоаткычтар бригадасынын штабын жетектеген. Ал учурда бригада Евгений Пригожиндин "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери менен бирге фронттун Бахмут багытында согушуп жаткан.
2023-жылдын май айында Бахмут шаары үчүн салгылашууда 4-бригаданын командири, полковник Вячеслав Макаров каза болгон. Андан кийин бригаданы Грунис жетектеген.
Ошол эле айда Путин Грунис менен тааныш экенин айтып: "Мен бригадалардын биринин командири менен сүйлөштүм. Ал каза болгон жолдошунун - башка бригада командиринин - ордуна келген. Адамдын фамилиясы литвалык, Казанда төрөлгөн. Абдан мыкты согушуп жатат", - деген.
"Төрт күн уктаган эмес, каза болгон куралдаш жолдошунун ордуна келген. Мына ушул - согуштук баатырдык", - деп Путин ошол кезде Груниске эмне себептен телефон чалып, аны менен таанышууну чечкенин айтып берген. Андан кийин ал тууралуу биринчи сюжетти Орусиянын Биринчи каналы көрсөткөн.
Бахмутка чабуул тогуз айга созулган. Пригожиндин баамында, анын жүрүшүндө орус армиясынын 30 миңге чейин аскери каза болгон. Чабуул шаарды басып алуу менен аяктап, андан дээрлик эч нерсе калбай, урандылар гана калган.
Офицердин президент менен сүйлөшүүсүнөн кийин ал тууралуу орусиялык пропагандисттер айта баштаган. Мисалы, Владимир Соловьев Биринчи каналдагы кесиптеши Евгений Давыдов менен бирге андан интервью алган: "Жай сүйлөйт, эмоциясыз. Жүзүнөн көрүнүп турат: оңой эмес, чарчаган. Полковник Антон Грунис - жаңы эле согуштан келди".

Сүрөттүн булагы, t.me › suvorov_sb
Морозовдун өзүн-өзү өлтүрүүсүнөн Орусиянын Баатырына чейин
Грунистин командачылыгындагы 4-бригадада байланышчы болуп Москванын белгилүү ыктыярчысы Андрей Морозов кызмат өтөгөн. Ал "Нам пишут из Янины" аттуу популярдуу Telegram-каналдын автору болгон. 2024-жылдын февралында ал Донецкке жакын Авдеевкага жасалган түз чабуулдар учурунда орус армиясынын катарында он миңдеген аскер кызматкери каза болгонун жазган. Шаар үчүн салгылаштар 2014-жылдан бери жүрүп келген.
Андан кийин анын Соловьев менен иштеген бир катар орусиялык пропагандисттер менен ачык жаңжалы башталган. Кийин Морозов өзү бул жагдайды сүрөттөп жатып, орус армиясындагы тартип тууралуу өтө кескин постторун өчүрүүгө мажбур болгонун айткан.
Жаңжал 2024-жылдын 21-февралында Морозов өзүн атып өлтүрүп, артында узун коштошуу катын калтырганы менен аяктаган. "Бүгүн, жолдош полковник, сиздин буйругуңуз менен мени Telegram-каналымдагы постту өчүрүүгө мажбурлашты", - деп кайрылган Морозов акыркы постунда Груниске.
Анын айтымында, постту өчүрүүдөн баш тартса, бригада керектүү камсыздоодон- "ок-дарылардан, дрондордон, жаңы танктардан жана БМПлардан" ажыратылмак.
Грунис каза болгондон кийин орусиялык аскердик блогер Ростислав Марченко бул эпизодду өзүнүн Telegram-каналында эскерди: "Мына эми баары бүттү. Эми "Грозный" Мурза [Морозов] өзүн-өзү өлтүрөр алдында ага ким тандоо койгонун - бөлүккө ок-дары жеткирүүнү кыскартуу же "оозу жабылган" сержант Морозов - эч качан айтып бере албайт".
Генерал Грунисти Донбасстын мурдагы "элдик губернатору" Павел Губарев да сынга алган. Ал "Грунистин бригадасында миллиондогон рублдик схема иштегенин: "согушта жаракат алууну" ал жерде кирешелүү бизнеске айландырышканын" билдирген.
Губаревдин версиясы боюнча, схема төмөнкүдөй болгон: Груниске баш ийген медиктер армия менен келишимди бузуп кетүүнү каалаган аскер кызматкерлерине согушта жаракат алган деген маалымкаттарды алууга жардам беришкен. Бул маалымкаттар "Донец элдик республикасындагы" Дебальцево шаарынын ооруканасында берилген. Ал эми бул "жарадарлар" аларга тиешелүү болгон 3 миллион рубль өлчөмүндөгү төлөмдөрдү алгандан кийин, акчанын бир бөлүгү бригаданын командачылыгына кеткен имиш.
Бирок Морозовдун өзүн-өзү өлтүрүүсүнө байланыштуу чыккан чоң медиа жаңжал да, бөлүктөгү коррупция тууралуу кептер да Путиндин 2024-жылдын май айында Груниске генерал-майор наамын ыйгарышына тоскоол болгон эмес.
"Грозныйдын" акыркы айлары
2025-жылдын январында "Царьград" телеканалынын аскердик пропагандисти Илья Головнев орус армиясында Грунисти дээрлик "Жеңиштин болочок маршалы" деп аташарын билдирген.
Ал эми 2026-жылы теле алып баруучу Соловьев дал ушул анын 4-мотоаткычтар бригадасын Донецк облусундагы Константиновка шаарын штурмалоодо чечүүчү роль ойногон бөлүктөрдүн катарына кошкон. Шаарды орус армиясы дээрлик толугу менен басып алган.
2026-жылдын июль айында Константиновка үчүн салгылашуу күчөп турганда Грунис Путин менен кайрадан видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөн. Бул Путиндин генералдар менен кезектеги кеңешмесинде болгон. Анда генерал-майор өз аскерлеринин шаардагы илгерилөөсү кандай жүрүп жатканы тууралуу баяндаган.
"Антон Феликсович, бул жетишкендигиңиз менен куттуктайм, - деген Путин. — Элибизде "иш кылганга ийгилик буюрат " деген сөз бар. Сиз жоокерлериңиз менен дал ушул ишти жасап жатасыз, муну жогорку кесипкөйлүк деңгээлинде аткарып жатасыз".
Константиновканы штурмалоо аяктагандан кийин Грунис Орусиянын Баатыры наамы менен сыйланган. Ага сыйлыкты Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов жеке өзү тапшырган. 28-августта Москвада өткөн салтанатта алып баруучу: "Аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн генерал-майор Грунис Антон Феликсовичке Орусия Федерациясынын Баатыры наамы ыйгарылды", - деп жарыялаган.
Эки жума өткөндөн кийин генерал Грунис каза болду.




























